"Репрессивдик жылдар жумшарууга өтүп жатат". Журналист Алтынай Арстанбекова айыппул менен бошотулду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-июлда блогер, журналист Алтынай Арстанбековага карата өкүм чыгарып, аны сот залынан бошотту. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил журналисттерге билдирди.

Адвокаттын айтымында, сот Арстанбекованы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча күнөөсүз деп тапты.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү - "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" боюнча журналист күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

"Бийлик, күч органдары тарабынан журналисттерге карата жумшарган мамилени көрүп жатабыз. Бул көрүнүш Камчыбек Ташиевлдин фигурасына байланыштуу. Ал саясий сахнадан түшөр замат өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Албетте, бул чечимдерди кубаттайбыз. Оң жагынан баабызды беребиз. Соңку "жумшак чечим" Алтынай Арстанбекова менен байланыштуу болуп калды. Алтынайга кесиптеш, журналист катары өз стандартарыбызга, этикалык эрежелерге карата баа бергенибиз ал башка. Ич ара өзүбүзчө медиа сындарды жазабыз. Ал башка кеп. А бирок кесиптик тилектештик деген болуш керек. Түрмөгө эч бир кесиптешибиз кирбесин", - деди Кыргызстандын журналисттери уюмунун жетекчиси Азамат Тынай Би-Би-Сиге.

Алтынай Арстанбекова быйыл 11-мартта кармалган. ИИМ тараткан маалыматта ал Фейсбук социалдык баракчасында "Даниэль Жоошбаев" деген ат менен бийликтин дарегине сын айтып жүргөнү жана Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдарды тараткан деп айыпталган эле.

Журналист өзүнө коюлган айыптарды четке кагат. Ал буга чейин жергиликтүү гезиттерде, "Некст ТВ" каналында иштегени белгилүү, андан кийин көбүрөөк блогер катары таанымал эле.

Соңку жылдары өлкөдө "массалык башаламандыкка чакырган" деген берене менен ондогон саясатчы, активист, журналисттер кармалып, камалып келди. Бирок быйыл алардын көбүнүн иши кыскарып же бошотулуп жатат.

Июнда кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгон ардагер журналист Баян Жумагулова Бишкек шаардык сотунан акталды.

Февралда журналист Канышай Мамыркулованы жарым-жартылай актаган сот чечими чыкты. Мамыркулова Кылмыш-жаза кодексинин эки оор беренелери менен айыпталып жаткан. Кастыкты козутуу тууралуу 330-берене менен Мамыркулова күнөөсүз деп табылды, ал эми башаламандыкка чакыруу тууралуу 278-берене менен күнөөлүү деп табылып, ал өкүмү өзгөрүүсүз калды.

Мындан башка да активисттердин, активисттердин иши кыскарып же камактан бошотулду.

"Социалдык тармактарда ар кандай ой-пикирин билдиргени, комментарий жазганы, керек болсо лайк койгону үчүн катардагы интернет колдонучууларын милиция чакырып, кылмыш иштери козголуп, реалдуу жазалар берилген учур аз эмес болду. Алардын да иши кайра каралышы керек. Репрессивдик жылдар жумшарууга, "оттепельге" өтүп жатат, ошондой карусель болду. Бул кыргыз саясатында болуп турат", - дейт Тынаев.

Укук коргоочулар оор беренелер менен айыптоо беренелери бийликке сын айткандарга курал катары колдонулуп жатканын айтып келишет.

"Чечимдер жумшак болду деп айтыш оор. Анткени Мамыркулова менен Арстанбекованын аракетинде кастыкты козутуу же баш-аламандыкка чакыруу деген иш жок да. Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Бул эки айым канча ай абакта отуруп чыгышты да. Жумшак чечимдер деп айткан туура эмес. Бийлик сын боюнча иш козголуп жоопкко тартылган бел дегеле туура эмес нерсе", -деди Би-Би-Сиге "Медиа полиси" институтунун юристи Акмат Алагушев.