You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Рубль түштү": мигранттар тапкан акчанын куну кетти
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку апталарда Россиянын улуттук валютасы – рублдун наркы дүйнөлүк валюталарга карата арзандап кетти.
Бул Россияда иштеген мигранттарга, анын ичинде кыргыз жарандарынын чөнтөгүнө дагы таасирин берүүдө.
Орус валюта рыногундагы рублдун наркы жеке аскердик компания Вагнердин башчысы Пригожиндин 24-июндагы козголоңунан кийин олку-солку боло баштады. Мисалы, июнда 1 доллар 80-85 рубль турса, июлда 90-92 рубльду чапчып, августта 101 рубльга чыкты.
"Кыргызстанга 20 миң рубль салсак, 17 миң сом алып атышат"
Москвадагы кыргызстандык мигрант Назира Акпаралиевна он жылдан бери ошол жакта иштейт. Рубль төмөндөп, алар тапкан акчанын куну кетип жатканына кейип турат. Ал Би-Би-Сиге буларды айтып берди:
“Рублдун куну абдан эле төмөн түшүп кетти. Тапкан акчабыздын 10% орто жолдо курс менен жок болуп кетип жатат. Мурда биз “Золотая корона” деген тиркеме аркылуу акча которчу элек, ал тиркеме азыр иштебей калган. Кыргызстандагылар биз жөнөткөн акчаны рубль менен алышы үчүн банктан гана которуш керек. Убакыт таппагандар телефондогу “Сбербанк”, “Тинькофф” тиркеме аркылуу которобуз. Бирок андай жол менен ал Кыргызстандагы банкттык картага гана түшөт. Рубль менен эмес, сом менен түшөт”.
Россияда иш алып барган кыргыз мигранттарынын которгон акчалары Кыргызстандагы коммерциялык банкттар аркылуу жүрөт. Бирок алар ортодо рублду арзан баада сатып алып, мигранттар салган акчанын көлөмүн кемитип жаткан сыяктуу:
“Дагы бир эң чоң минус нерсе, Мбанк рублду көчөдө турган курстан дагы 5% төмөн курста алат. Мисалы, 20 миң рубль салсаң 17 миң сом болуп түшөт. Банк аркылуу которгондо банк да ортодо пайызды жеп коюп жатат. Ушул жагдайлардын баары мигранттарга аябай эле кыйынчылык жаратууда. Акча которуулардын кескин түрдө азайып кеткенинин негизги себеби ушулар. Кыргызстанга акча салганда тамак-ашка деген эле акчаны салып, көп акча которбой турабыз. Рубль көтөрүлүп калат деген ой. Сабыр кылып, чыдап иштеп жатабыз”, - деди Назира.
2023-жылдын июнь айында мигранттар Кыргызстанга 163,5 миллион доллар которушту, бул майга салыштырмалуу 10,5 миллион долларга аз.
Улуттук банкттын билдиришинче, былтыр ушул маалга карата мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмү 1,9 эсеге түшүп кетти. Акча менен эсептегенде быйыл июнда которуулар 2022-жылдын июнуна салыштырмалуу 153,7 миллион долларга аз болду дегенди түшүндүрөт.
Мигранттардан келген акча которуулар Кыргызстандын ИДПсынын 33% түзөт.
"Россия буйрутмаларды токтотту": кыргызстандык ишкерлер
Рублга байланыштуу мындай жагдай кыргыз мигранттары эле эмес, Кыргызстандын өзүндө туруп Россия менен соода кылган кыргыз ишкерлерин да жүдөтүп жатат. Өзгөчө жеңил өнөр жай тармагындагы, Россиядан буйрутма алып, тигүү цехтерин иштеткен ишкерлерге кыйын болууда.
Аманбол Бабакулов, чакан тигүү цехин иштеткен жеке ишкер.
Ал азыр Россияга аптасына -1 миң 500 даана, ал эми айына – 5 миң даана аялдардын костюмун жөнөтөт. Бул ал үчүн сооданын азайгандыгын билдирет. Себеби, буга чейин айына – 20 миң даана товар жөнөтүп келген:
“Бизге окшоп жаңы иш баштап жаткан ишкерлерге бул абдан чоң сокку болду. Бизге мамлекет тарабынан рубль түшүп кетиши мүмкүн деген эч кандай кабар болгон жок. Алдын ала эч кандай прогноздор болбогонуна байланыштуу биз ишибизде 10% артка кеттик. Мисалы, мен Вайлдберриз менен иштейм. Мен ошол жактагы Россиядагы кардарым менен сүйлөшүп, бир жума мурун эле товар жөнөттүм. Ал убакта бир сом бир рубль эле, азыр эми менин товарым жеткенче 10% арзандап кетти рубль менен. Ортодо мен банкрот болуп атам, ошол 10% менин чөнтөгүмө уруп атат. Эгер 100 миң сом деп алсак, 10 миң сомум жок болуп кетип атпайбы. Мисалы, менин арендам, өндүрүштүк чыгымдарым бар",- дейт Аманбол.
Рубль түшкөнү аз келгенсип, азыр Кыргызстандын валюта базарында доллар акырындап көтөрүлүп жатканы байкалууда. Бул да ишкерлерди беймазага салып жатат:
"Бизге текстиль: материал, жип, топчу дегендер Кытайдан келет. Аларды биз доллар менен алчубуз. Эми азыр доллар да өсүп, алар ошол баа менен эсептеп жатышат. Баары жок кымбаттап кетти. Менде иштегендер да өздөрүнүн маянасын көтөрүп берүүнү талап кылып жатышат. Акыркы үч айдан бери рублдун өйдө-ылдый түшкөнүнө байланыштуу Россия тарап заказдарын токтотуп койду. Азыр биз өз арабабызды өзүбүз тартып, Вайлдберриз аркылуу арзыбаган эле суммага иштеп жатабыз”.
Рублдун түшкөнү Кыргызстанга таасирин береби?
Россия тышкы соодада Кытайдан кийинки эле Кыргызстандын негизги өнөктөшү экени айтылып келет. Өлкө Россия башында турган аймактык экономикалык биримдик ЕАЭБге да мүчө. Андыктан Россиянын валюта рыногунда эле эмес, экономикасыдагы өзгөрүүлөр сөзсүз Кыргызстандын да экономикасына таасирин берет деген ишеним бар.
Бирок айрым экономисттердин жүйөсу башкача.
“Кыргызстандын экспортунун 70% - Казакстанга кетет, 17% - Россияга кетет. Бизге келген күйүүчү майдын 98% Россиядан келет. Ал эми бизге келген газдын 40% Россиядан, 50% ашыгы Түркмөнстан же Өзбекстандан “Газпром” аркылуу келет. Ошондо биз экспорт базары боюнча Россиядан 17-20% эле көз карандыбыз. Негизи экспорт-импорт боюнча биздин негизги өнөктөшүбүз – Казакстан. Эгер Россиядан рублга байланыштуу катуу сокку болсо, мисалы, биздин товарлар алынбай калса, катуу сезилбей калышы мүмкүн. Сезилет, албетте, ишкерлерге таасири болот. Бирок экономикага өтө эле чоң сокку болбойт",- деди экономист Искендер Шаршеев.
Ошентсе да Шаршеев азыркы жагдайда Кыргызстан чочулай турган тобокелчиликтер бар дейт:
"Бул жерде сарсанаа болчу бир нерсе бар, ал - күйүүчү май. Эгер Россия ага валюталык бааларды киргизсе же баасын көтөрсө анда биздин экономикада кыйынчылык болушу мүмкүн”.
Ал арада 17-августка карата 1 рубль 90 тыйынды түзүүдө.
Буга карабай статистикада кызык жагдай бар. Кыргызстанга Россиядагы мигранттардын акча которуулары азайганы менен, былтыр ал жакка иш издеп барган кыргыз жарандарынын саны өскөнү айтылууда.
ЕАБге мүчө өлкөлөрдөн өткөн жылы 1,7 миллион жаран Россияга келсе, анын 1 миллиону кыргызстандыктарга туура келген. Бул тууралуу Россиянын Экономика министрлиги билдирет.