You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сокулукта үч бала сууга чөгүп кетти
Сокулук районуна караштуу Май айылында үч бала каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 2-февралда болгон. Балдардын баары 2021-жылкы. Алар кошуна жашашкан жана бири-бирине туугандык байланышы болгон. Канал алар жашаган үйдөн болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан.
"Аталган факты мыйзамда белгиленген тартипте катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда үч баланын тең табылганы, алардын сөөгү каналдан чыгарылганы, бирок тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калышкандыгы аныкталган", - деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
Бул каналга айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу толтурулгандыгы, анын айланасында тосмо жоктугу жана жээктери муз болуп тоңуп турганы айтылды. Балдар каналга муз тэбүү үчүн барган болушу мүмкүн.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери улантылууда.
Мындан мурдараак, 29-январда Бишкектин Бакай-Ата конушунда 9 жаштагы кыз жана 6 жаштагы эркек бала да каналга чөгүп кеткен.
"Бул жакта чоң апасы жашайт, ошонун үйүнө келишкен экен. Бирөө мектепке бара элек, экинчиси мектепте окуйт экен. Бул жерде ЖЭБдин карьери бар, ошол жердеги көлмөгө чөгүп кетишиптир. Муз тепкени барышкан окшойт", - деген атын атагысы келбеген тургун.
Бакай-Ата конушундагы жергиликтүү балдар ал жердеги суу тоңгондо муз тээп ойношору айтылган.