Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу камсыз кылынарын билдирди

Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу мыйзам чегинде улантыларын билдирди.

Ал социалдык тармактарда жарандардын Ташиевдин коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулары эске алынганын белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат", — деди Бердикожоев.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.