You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Канн кинофестивалы: Кыргыз киночуларынын биринчи көргөзмөсү
Кечээ Францияда дүйнөдөгү эң абройлуу кинофестиваль болуп саналган Канн фестивалы өзүнүн ишин баштады. Анда кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылды. Ал ата мекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган.
Иш-чарага Кыргызстандан барган кыргыз делегациясынын курамында киносынчы жана кинотаануучу Гулбара Толомушева да бар. Биз аны менен кыскача маек курдук.
Би-Би-Си: Канн кинофестивалы дүйнөдөгү абройлуу фестивалдардын сап башында турат. Сүйүнүп турсаңыз керек?
Г. Толомушева: Мен учуп келип эле, чемоданымды бөлмөмө ыргыта салып, фестивалды көздөй жөнөдүм. Бул жакта экениме аябай бактылуумун! Биз бул күндү көп күткөнбүз! Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен көргөзмөдө Кыргызстан быйыл жалгыз. Бул биз үчүн чоң жетишкендик.
Би-Би-Си: Көргөзмөдө кайсы тасмалар орун алган?
Г. Толомушева: Көргөзмөнүн жүрүшүндө Гүлмира Керимова жана Гүлкайыр Тиленбаева көрүүчүлөргө кыргыз киносунун тарыхы жана бүгүнкүсү тууралуу айтып берип, 2020-жылдагы мыкты деп аталган "Шамбала" (режиссёру Артыкпай Сүйүндүков), "Акыркы көч" (режиссёрлору Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул), “Көл" (режиссеру Эмил Атагелдиев) тасмаларын тартуулап жатышат. Ошондой эле, азыр тартылып жаткан фильмдер дагы көрсөтүлүүдө. Алар Актан Арым Кубаттын “Эсимде”, Дальмира Тилепбергендин “Кыш кыздары”, Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмалары.
Би-Би-Си: Биздин тасмаларыбызга кызыккандар көп элеби?
Г. Толомушева: Биз бул жакта биринчи жолу болгонубуз үчүн чакан көргөзмөбүзгө ар түрдүү фестивалдардын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келген кино жаратмандар, медиа өкүлдөрү кызыгып көрүп жатышат. Алардын арасында Канн фестивалынын өзүнүн кабарчысы, “Унифранс” компаниясынын вице-директору Жоэль Шапрондун кызыгуусу бизге өтө маанилүү. Ал мурдатан эле кыргыз тасмаларын көрүп, көз салып турчу. Быйыл ал үчүн кыргыз режиссёрлорунун “2020” аттуу киноальманах тартып жатканы кубанычтуу болду. Ал муну баса белгилеп, көрүүгө кызыкдар экенин айтты.
Би-Би-Си: Борбор Азиядан быйыл жалгыз Кыргызстан экенин айттыңыз. Каннда көргөзмө ачыш абдан эле кыйынбы?
Г. Толомушева: Мен мындан 5 жыл мурун кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата Канн кинофестивалында көргөзмө ачсак деп кыялданган элем. Бүгүн ошол кыялым орундалып отурат. Негизи көргөзмөнү ачуу идеясы Ч.Айтматов атындагы Кино үйүнүн директору Гульмира Керимовага таандык. Ал баштап, уюштуруп, Кинематографисттер Союзунун, Кинодепартаменттин, виза жагынан көмөк көрсөткөн элчиликтердин жана бир топ бизнес өкүлдөрүнүн колдоосу менен келип отурабыз. Бул абдан узак жол болду. Бирок жыйынтыгына баарыбыз кубанып турган чагыбыз.
Би-Би-Си: Көргөзмө максатына жетип жатабы? Кандай жыйынтык күтүп жатасыздар?
Г. Толомушева: Канн кинофестивалында кыргыз киносу үчүн атайын бурчтун ачылышы өзү бизге бир натыйжа. Биз муну менен бүткүл кино дүйнөсүнө кыргыз киносу бар экенин, биздин тасмаларыбыз дагы тартылып, өндүрүлүп жатканын көрсөтүп жатабыз. Бул жакта Кыргызстанды билбегендер көп. Алар кызыгып келип каякта жайгашканыбызды сурап жатышат. А биз картадан ачып көрсөтүүдөбүз. Улуттук даамдарыбыздан ооз тийгизүүдөбүз.Ошентип, кыргыз киносу менен Кыргызстан таанылып жатат.
Би-Би-Си: Бул көргөзмө сынактардан тышкары болуп жатат да. Ал эми ошол Канн фестивалынын сынактык программаларына кыргыз тасмалары эмне үчүн катыша албай жатат деп ойлойсуз?
Г. Толомушева: Биз жыл сайын чыккан тасмаларыбызды бул жактын тандоо турларына жөнөтүп келебиз. Бирок азырынча ийгилик жылмая элек. Эл аралык ушул сыяктуу аянтчаларга көбүрөөк чыгып турушубуз керек. Өзүбүз тууралуу айтып, көрсөтүп туруу чоң фестивалдарга катышуунун бир жолу. Ошондо эл аралык киносынчылар, фестивалдар биз жөнүндө билип, анан кызыккандар көбөйөт. Буюрса, эми мүмкүнчүлүктөр ачылып, катышып каларбыз деп үмүттөнөм.
1997-жылы Канн кинофестивалында социалдык жарнамалар категориясында режиссёр Актан Арым Кубаттын “Ырыс алды - ынтымак” аттуу ролиги “Коло арстан” (“Бронзовый лев”) сыйлыгына ээ болгон. Андан бери кыргыз киночулары бул фестивалдын конкурстук программасында катыша элек. (MD)