“Аз эле акча алгам”, “Өзүм да жабыр тарттым”... Айрым белгилүүлөрдүн турак-жай кооперативин мактагандан кийинки пикири

Published

Жакында эле интернетте “Ансар” курулуш кооперативине алданып калдык деген адамдардын видеосу тарады. Тасмада аялдардын бири блогер Азирет Осмонов менен алып баруучу Айзада Жамгырчиева баштаган таанымал деген дагы бир топ кишинин атын атайт.

"Биздин акчабыздын бир бөлүгү силерде экен. Үй дагы, машина дагы алган жокпуз. Акчабызды тез арада кайтарып бергиле" деп талап коюп жаткан аялды башка бир топ киши кубаттап жатканы тартылган.

Турак-жай алабыз деп алдандык дегендер жүздөп саналат. Арты миңдеп сом төлөсө, алды миллиондоп каражатын салып жибергенин айтып зыркырап турган чагы. Арасында ичпей-жебей, үй бетин көрбөй миграцияда жүргөндөр да бар. Алардын көбү белгилүү делген адамдардын кебине азгырылганын, ишенгенин айтат. Чубактын кунундай чубалган бул маселени эми четинен талдайлы. 

Айтмакчы, так ушундай эле көрүнүш коңшу Казакстанда дагы кеңири кулач жайган. Аларда дагы элге белгилүү делген бир топ адамды жалган үгүтү, курулай азгырыгы үчүн катаал жазага тартуу чакырыгын айтып келе жатышат.

Ушундан улам мындай чырлуу иштердин алдын алып же тескөө үчүн каржы пирамидаларын жарнамалаган адамдарды жоопкерчиликке тарта турган атайын мыйзам долбоорлору иштелип чыгууда. Учурдагы мыйзамдарда элдин башын айлантып акча тапкан шылуундардын гана жоопко тартылары каралган.

Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренесине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин профилдик комитетинде биринчи окууда жактырылды. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев демилгелеген.

Үйдөн жок же сомдон жок...

Депутаттын жардамчысы Искендер Мейманкуловдун айтымында, мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына жүздөгөн жарандардын турак жай кооперативдерине алданып калышы себеп болгон.

Эл өкүлү өзү да жыйында мыйзам долбоорунун максаты тууралуу маалымат берип жатып, айрым жарандардын кооперативдерге мүчө болуп, үйдөн же акчадан жок калышына таанымал адамдардын үгүттөөсү себеп болгонун айткан.

"Сунушталган мыйзам кабыл алынса, ырчылар, артисттер, блогер жана башка элге таасирдүү инсандар ар бир жарнама үчүн жоопкерчилик бар экенин түшүнүп, эмнени жарнамалап жатканын алдын ала ойлонот",- деди Шайырбек Ташиев.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса каржы пирамидаларын жарнама кылгандар 2 - 2,5 млн сом айыпка жыгылып, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүкүн.

Өлкөдө айрым турак жай кооперативдери “пирамида” катары иштегендиктен укук коргоо органдары алардын ишмердүүлүгүн каржы пирамидасы катары тааныган. Элди турак жай кооперативдеринен үй алууга үндөгөндөрдүн арасында ырчы блогерлер эле эмес, Свердлов районунун имамы Садыбакас Доолов да бар. Ал аталган кооперативдердин биринен үй алып, башкаларды да жазылууга үгүттөгөнү тартылган видео интернетке желдей тараган.

Коомчулукка белгилүү адамдардын соцтармктарда катталуучулары көп болгондуктан аларга ар кандай уюмдар жарнама үчүн көп кайрылышат. Бирок катталуучусу көп адамдар эл алдында жоопкерчилиги бар экенин сезеби?

Ош шаарынын тургуну Кенжегүл Сулайманкулова да белгилүү адамдардын жарнамасынан кийин турак-жай кооперативине акча салгандардын бири.

“Мен чыгармачыл адам болгондуктан ырчы-чоорчуларды жакшы көрөм. Курулуш кооперативдери тууралууу бышанда интернеттен көрүп жүргөм. Анан үй алуу муктаждыгы жаралып, изилдей баштадым. Артисттер менен дин өкүлдөрүнүн жаранамасы мени азгырды", - деди ал. 

Жоопкерчилик боюнча блогерлер эмне дейт?

Биз Азирет Осмонов, Актан Рыскелдиев жана Айзада Жамгырчиевага аудитория алдындагы жоопкерчилик маселесин жана сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча пикирин билели деп кайрылдык.

Азирет Осмонов жарнама берүүчүлөрдүн кандай максатты көздөшөрүн алдын ала билүү кыйын деген пикирде.

"Бир чети элди ойлоп бул мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканы туурадыр. Экинчи жагынан, биз деле эл сыяктуу адамбыз да, жарнама бергендер кандай максатты көздөшөрүн билбейбиз. Интернетте мага кайрылып акчамды кайтарып бер деп жаткандарга бирөөлөр туура эмес маалымат беришсе керек. Алар акчасын бизге эмес кооперативге беришкен. Биз жарнама үчүн жарыбаган акча алабыз. Эгер мен бул компаниянын банкорот болорун билсем жарнама кылбайт болчумун. Акыркы окуялардан кийин ар бир жарнамага этият мамиле кыла баштадым”, - деди Осмонов.

Айзада Жамгырчиева мыйзам долбоору менен тааныш эместигин айтып, сурообузга жооп берүүдөн дароо баш тартты. Кайра байланышууну убада кылганы менен материал жарыяланганча жооп болгон жок.

Актан Рыскелдиев дагы “Ихсан” курулуш кооперативинен үй алып, элди да ишенүүгө, үй-алууга үгүттөгөн адамдардын бири.

“Мен өзүм да жабырлануучумун. Жарнама кылганга чейин үй-алам деп баргам. Алар мага бизде акча көп, банкрот болбойбуз деп ишендиришти. Анан үй алып, сүйүнгөнүмдөн башкаларды да үйлүү болсун деп жарнама кылдым. Буга чейин тармактык маркетинг, каржы пирамидаларын жарнама кылчу эмесмин. “Ихсан” бизде адал сертификат бар деп айтты, кудай жолунда жүргөндүктөн мен аларга ишендим",- деди Рыскелдиев.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 162 коммерциялык эмес турак жай кооперативи каттоодон өткөн. Ички иштер министрлиги былтыр турак жай кооперативине алдангандардын арызынын негизинде 1000ге жакын кылмыш иши козголгонун билдирген. Айрым турак жай кооперативинин түзүүчүлөрү камакка да алынган.

Ушул тапта ондогон турак жай кооперативдери боюнча Бишкек жана Ош шаарларында соттук отурумдар өтүп жатат.

Жөн жерден эле акчабыз күйүп кетти дегендер бармагын кырча тиштеп, тууган, дос, тааныштар арасында чатакташып жатканын айтып кейишет.

Мындан сыткары, курулуш компаниялары дагы акча төккөндөрдү сызга олтургузган мисалдар кездешет. Министрлер кабинети эми кардар акчаны адегенде банкка төгүп, курулушу компаниясы акчаны банктан алса алдамчылык тыйылат деп белсенүүдө.

Дагы башка аты чыккан адамдардын турак-жай кооперативибиз дегендерди жарнамалаганы тууралуу сөздү кийинки материалда улантабыз.

Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн.