You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УКМКнын Бишкек башкармалыгынын башчысынын кармалганы ырасталды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбеков кармалды. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.
"Кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Качан кармалганы бизге айтылган жок. Тергөө иштерин аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат", – деди прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү.
Эльдар Жакыпбековдун иштен алынганы жана кармалганы жөнүндө кабар 10-февралдан бери эле айтылып келе жаткан. Бирок расмий түрдө ырастала элек болчу.
10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн эле.
Ал эми 13-февралда Элдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов келгени айтылган. Ал буга чейин Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын башчысы болгон.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Мындан тышкары, Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулуп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болгон.
Ал арада президенттин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын бир нече орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Ташиевдин отставкасын утурлай Чек ара кызматы УКМКдан бөлүнүп, Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлгөн. Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Абдикарим Алимбаев буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору болуп иштеп келген.
Муну менен катар президенттин башка бир жарлыгына ылайык, кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөн.
Президент 13-февралда Камчыбек Ташиевдин отставкасы жөнүндө түшүндүрмө берип, чечим кабыл аларда ага алдын ала кабарлаганын билдирген.
Германияда дарыланып жүргөн Камчыбек Ташиев ушул эле күнү Бишкекке учуп келген. Ал мында мурдараак президент кабыл алган чечим күтүүсүз болгонун айткан.