Элдик курултай: эл менен бийликке көпүрө боло алабы?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

5-ноябрда бүт Кыргызстан боюнча жергиликтүү курултайлар  өтүп, анда республикалык курултайга катыша турган делегаттар шайланды. Бирок ал айрым аймактарда нааразылык менен коштолду.  

Алалы, Бишкек шаарынан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралды. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан ондогон делегаттар сунушталып, бирок эң көп добуш алдым деген Темирлан Ормуков шайланбай калганына нааразы болуп жатат.  

“Мен Октябрь районунан делегат болуп барган элем. Бирок ал жерден эбак эле алдын-ала даярдалып койгон тизмени угуп чатак чыгардым. Биздин аймактан 14 адам делегат болуп шайланганбыз. Өз аймагыбыздан эң көп добуш алган мен элем. Бирок шаардык курултайга келгенде менин ордума башка жигит республикалык курултайга көрсөтүлүп калыптыр. Бул жигит менден кийинки эки адамдан да аз добуш алган. Кыскасы шаардык курултайдын төрагасын сотко жакшылап даярдан деп коюп баса бердим”, - деп жазды Ормуков коомдук сайттагы өз баракчасында.

Бишкек шаардык кеңешинин төрага орун басары, курултайды уюштуруу тобунун мүчөсү Жылдызбек Абдраимов Би-Би-Сиге бул окуя тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы төрт райондун үчөө боюнча делегаттарды шайлоодо маселе жаралган эмес. Бирок Октябрь районунан делегат тандоодо талаш-тартыштар орун алды.

"93 жерде жыйын өттү. Эл өздөрү каалаган адамдарын шайлап берди. Бир гана Октябрь районунда эки тарап болуп кетти. Бизге ким өтсө дагы эч айырмасы жок. Бир тарабынан 17 кишиден турган, экинчи жагынан 24 делегаттын тизмеси берилди. Анан добушка салалы дедик, кимге көп добуш берилсе ошол тизмени өткөзөлү деген сунуш болду. Калган үч райондун эли муну колдоду. Муну тастыктаган видео отчеттор да бар. 493 адамдын добушу менен биринчи тизме өттү, экинчи тизмеге 52 адам добушун берди. Ошону менен бул маселе тынчыды. башка райондон келгендер дагы калыс болгонун айтты. Видео турат, журналисттер жүрдү. Туура эмес болсо алар да айтмак да. Биз жобого ылайык ачып, аксакалга өткөрүп бердик, талаш чыкканда гана сунушубузду айттык",- деди Абдраимов.

"Элет көйгөйүн ажого жеткирем"

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Элдик курултайга жалпысынан 1074 делегат катышат. Анын ичинен 452 айыл аймагынан 904 делегат, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат), Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30 делегат келет. Андан тышкары чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 28, диний конфессиялардан 10 делегат катышат.

Белгилей кетчү жери, ар бир айыл өкмөтүнөн чоң кичине экенине карабай, республикалык курултайга экиден талапкер шайланды. Кенжебек Алмакунов алардын бири. Ал Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнөн делегат болуп шайланды.

“Биздин район бийик тоолуу райондордун сап башында турат. Бизде ден-соолук маселесинде аппараттардын жетишсиздиги бар. Андан тышкары медициналык тармакта кадрлардын жетишсиздиги да бар. Өнөр жай тармагын жандандырып, ишкана курулса. Мындан тышкары курултайда ГЭСтерди куруу маселесин да көтөрөлү деген ойлор бар”.

Жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Алмакунов башкы максаты курултайда элет көйгөйүн жогору жакка жеткирүү дейт.

"Дежур экстер болбойт"

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. 25-ноябрда өтө турган Элдик курултай президент быйыл августта бекиткен убактылуу жобонун негизинде уюштурулуп жатат. Анткени, элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл албай, четке каккан эле. Долбоордогу Элдик курултай жергиликтүү жана борбордук мамлекеттик бийлик органдарынын башчыларынын, министрлердин отчетун угуп, керек болсо аларды кызматтан алууга чечим чыгарат деген жоболору көп депутаттарга жакпай калган.

Элдик курултайды уюштуруу комитети соңку жыйынына 3-ноябрда чогулду. Анда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн ар бир бурчунан келген өкүлдөр Курултайда президент менен түз байланышканга шарт түзүлөрүн айтты:

“Президент дагы, Курултайдын концепциясы дагы мамлекетте президент менен элдин түз баарлашуусу. Президент бул жерде ар бир айылдын өкүлү менен байланышып жатат. Мурдагыдай залдын жарымын дежур экстер менен чогултуп албайбыз”.

Касмамбетовдун айтымында, президент Садыр Жапаров эки күнгө созулган Элдик Курултайда элге кайрылуу жасап, андан кийин мамлекеттик органдар элге жасалган иштер боюнча отчет беришет. Мындан соң делегаттар күн тартибине коюлган маселелер боюнча талкууга киришип, ал түз ободо көрсөтүлмөкчү.

Президент Садыр Жапаров демилгелеген Элдик Курултай Кемпир-Абад берилбесин деп чыккан  оппозициялык саясатчы, активисттер жапырт камалып, “Азаттык медиасынын” сайты эки айга бөгөттөлгөн маалга туш келип жатат. Буга чейин улутташтырылган “Кумтөр” ишканасында өндүрүлгөн алтындын эсеби боюнча да буга чейин суроолор берилип келген. Бул маселелер Элдик Курултайда көтөрүлөбү же жокпу, азырынча белгисиз.  

"Курултай бул - архаизм"

Ал тапта Курултайдын макамы тууралуу да талаш-тартыштар чыгып, анын функциясы кандай болот, ал экинчи парламент болобу же сунуш берүү гана чектелеби, кызыкчылык жаратууда.

“Курултай бул - архаизм. Өткөн көчмөн турмушта кыргыз эли оор кырдаалда, согуш болордо же башка маанилүү маселе жаралганда курултай чакырып, ууру башчылары болуп стратегиялык башкы маселелер чечишчү. Азыр жаңы, заманбап башкаруу ыкмалары бар. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, демократия деген бар. Тилекке каршы, кечээги менен ойлонгон адамдардын тобу курултайды киргизели, артка кайталы, башкаруу системасында кыргыздардын нукура жолуна түшөлү деп, ал сунушун президентке берип, конституцияга киргизип, идеяларын ишке ашыруу алдында турат. Буга чейин Акаев, Бакиевдин убагында өткөн курултайлар кандай максаттар менен өткөнүн билебиз, бул дагы ошол эле жол менен өтөрү шексиз”,- деди жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

Ошентип коомдо курултайды мамлекеттик бийлик системасындагы архаизм, артыкбаш орган катары көргөндөр да болууда. Бирок анын жактоочулары бул институтту эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп ишендирип жатышат. Бирок эми анын аныгы 25-ноябрда Элдик курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөрдөн улам белгилүү болчудай.