Күзгө Элдик курултай чакырылды

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакыруу жөнүндө жарлыгын жарыялады. Мамлекеттик катчы башында турган элдик курултайды уюштуруу комитети түзүлдү. Элдик курултай жөнүндө мыйзам кабыл алына электигине байланыштуу ал убактылуу жобонун негизинде өткөрүлмөкчү.

Курултайга делегаттар административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан шайланат деп көрсөтүлгөн. Уюштуруу комитети ошондой эле элдик курултайдын регламентинин долбоорун иштеп чыгып, андан кийин элдик курултайдын бекитүүсүнө киргизиши керек. 

Кыргызстандын Конституциясында “Элдик Курултай — коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет” деп көрсөтүлгөн.

Элдик курултай жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алыныш керек эле, бирок бир топ жылдардан бери Жогорку Кеңеште бул долбоор колдоо таппай келди.

Соңку жолу май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Президент сунуштаган "Элдик курултай" жөнүндөгү мыйзам долбоорун жаратпай четке каккан.  

Кээ бир депутаттар долбоордун концепциясы да жараксыз, “мындай монстрдын кереги барбы?” деп каршы болушкан.

Долбоордогу Элдик курултай жергиликтүү жана борбордук мамлекеттик бийлик органдарынын башчыларынын, министрлердин отчетун угуп, керек болсо аларды кызматтан алууга чечим чыгарат деген жоболору көп депутаттарга жакпай калды.

Тармактык комитет башчысы Медер Алиев элдик курултай мамлекеттик башка бийлик органдарынын ордун басып, анын милдеттерин аткарбай, коомдук-өкүлчүлүк жыйыны болуп калышы деп билдирди.

Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ нааразы болуп, каршы болгон депутаттарды сынга алышкан.

“Буларды эч ким көзөмөлдөбөш керек, эч ким текшербеш керек. Эч ким суроо сапкыт салбаш керек. Мамлекет элдин пикири менен эсептешпегендиктин азабын көп эле тартып келатат, бирок сабак албай келатат. Буларга сөзсүз революция кылып, кууп чыгыш керек”,-деген Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов.

 “Биринчиден эл кабыл алган Конституцияда эл бийликтин булагы деп так жазылып турат. Бир топ депутаттардын мүмкүнчүлүгү абдан чектелүү, Конституцияны өздөрү окубайт. Бир эле мисал, Сот акыйткаттыгынын кеңешинин мүчөлөрүнүн бири элдик курултай тарабынан көрсөтүлгөн адамдар болот деп турат. Алар муну да окубайт. Бул долбоор тикелей  Конституциядан чыгып аткандан кийин аны сөзсүз түрдө кабыл алыш керек”,-деп айткан Би-Би-Сиге жумушчу топтун дагы бир мүчөсү профессор Чолпонкул Арабаев.  

Ошентип Элдик курултайды өткөрүүнүн жол-жобосу мыйзамда ордун таба элек экенине карабастан, Садыр Жапаров биринчи элдик курултайды чакырууну чечти. Коомчулукта бул дароо эле эки ача пикир жаратты. Бир жагы президенттин сунушун кубаттап, аны элдин талабын угууга даярдык катары кабыл алууда.

Ошол эле учурда экинчи тарап бул бийлик өткөзүп жаткан курултай болгондуктан, ал кошоматчылардын жыйыны болуп калат деп алдын ала эле сын көз карашта турат. Алардын бири мурдагы мамлекеттик катчы, элдик курултай идеясын эң биринчилерден болуп көтөрүп келген коомдук ишмер Дастан Сарыгулов. 

 “2020-жылы келген бийлик эки жыл элдин пикирин сураган жок. Эл менен эсептешкен да жок. Элдин туу кылып көтөрүп, көшөгө артында өз билгенин жасап келди. Элдин маанайын көрүп, курултай өткөргөн жатат деп ойлоп турам. Курултай кыргыздын наркына, салтына ылайык чыныгы курултай болсо мен барам, а эгерде жасалма кошоматчылардын, көшөкөрлөрдүн, жан бактылардын курултайы болсо, ага баргандан көрө барбай койгон жакшы”,-деди Би-Би-Сиге Дастан Сарыгулов.

Эл тарабынан мыйзамдуу шайланган парламент - Жогорку Кеңеш турганда, аны менен атаандашып, жол талашкан элдик курултайдын эмне кереги бар деген талкуу кыргыз коомунда көптөн бери жүрүп келатат.

Белгилүү аналитик Эсенбай Нурушев элдик курултайды "куру кыял, чоң иллюзия" деп атаган эле.

"Жомокко, мифке абдан ишенген элбиз. Бизден акылдуу элдер кризиске кабылганда эмне үчүн курултай чакырып чыгара койбойт. Бардык жерде мындай маселелерди азыр Конституциялык соттор чечет. Эл курултайга делегат болсо эле, эл ичинен пайгамбарлар чыгат деп ойлойсуңарбы? Болжолдуу 2000 киши деп жатат, алар ар кимиси ар нерсени сүйлөп, бирок макул деп колдоп берет. Азыркы парламенттен да жаман болот. Кокус курултайдын башына дымактуу, амбициясы чоң адам келип калса, эртең ал өзүнө чоң бийликти талап кылат. Аппарат түзөт, жардамчылары болот, жер-жерлерде төрагалары болот, түзүлүшү түптөлөт, аларга айлык төлөш керек. Бир эле өлкөдө катарлаш эки мамлекет пайда болот",-дейт Эсенбай Нурушев.  

"Дежур курултай" болбойт

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров 25-ноябрда өтүүчү Элдик курултай боюнча пикирин Фейсбук баракчасына жазды.

Жапаровдун айтымында, Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору жылдын башында жазылып чыгып, бирок Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбай калган. Ошондуктан өлкө башчысы мыйзам кабыл алынганга чейин “быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм” деп билдирди.

“Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз. Курултайдын сунуштарын угабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Жапаров Элдик курултайдын мүчөлөрүн эл өзү шайлай турганын жана шайлоону жергиликтүү кеңештердин депутаттары уюштурарын айтты.

Президент элди делегаттарды шайлоого “активдүү катышып берүүгө” чакырды.

“Айыл өкмөт [башчы], аким, президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт. Тыюу салынат! [...] Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай "дежур курултай" болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле”, - деп жыйынтыктады ал.