You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинанын контр чабуулу кандай жүрүп жатат? Би-Би-Си кабарчысы фронттун алдыңкы чегине чейин барды
Квентин Соммервиль, Благодатное, Украина
Би-Би-Си кабарчысы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 68-егердик бригадасынын карамагындагы жаңы эле бошотулган Благодатное кыштагына барып келди.
Контр чабуул башталгандан эки аптадан кийин Украина миң километрге созулган фронттун бүтүндөй сызыгы боюнча чабуулдун үч багытында тең жупуну, бирок стабилдүү прогресске жетти.
Эң алдыдагы аскерлер каршы тарапка барып бир тийип чалгын согуш салууда, ал эми украин күчтөрүнүн чоң бөлүгү резервде орустардын коргонуусунда качан чоң жыртык пайда болот деп негизги чабуулду күтүп турган чагы.
Салгылашуулар абдан оор болду, эки жакта тең чоң жоготуулар бар. Эки тарап тең өздөрүнүн ийгиликтерин айтууда. Украинанын Донецк областынын түштүгүндөгү жылышы басаңдай түштү, бирок токтогон жок.
Би-Би-Си кабарчысы Украина армиясынын 68-егердик бригадасы салгылашып жаткан фронттун алдыңкы чегине чейин барып келди. Бул убакта алар жаңы эле бошотулган Блогдатное кыштагынын чыгышындагы жерлерди каратып алуунун аракетин көрүп жатышкан экен.
Дрондордун адистешкен аскер бөлүгүнүн жоокерлери камераларды алып, кабелдерин түрүп, пикапка ок-дары, граната жана зоотту талкалоочу снаряддар менен кошо жүктөштү.
Аларды эске албаганда, Благодатное кыштагында кыбыр эткен кыймыл аз. Көчөлөрдө америкалык өңдүрүштөгү MRAP брондолгон эки машинанын сыныктары жатат. Кыштак сыртындагы талаада талкаланып жаткан оор техника андан көп.
"Жакын барбагыла, орустар аларды көздөй атып жатышат", - деп бизди эскертишти.
Россия Батыш берген танкалар менен машиналар талкаланып жатканын көп айтууда, бирок Владимир Путин 5-июндан бери Россиянын армиясы дагы ондогон танкын жоготконун мойнуна алды.
Украин армиясы үч багытта контр чабуулга өтүүдө. Бул Россиянын көзөмөлүндө турган Бахмут, анын түндүгү менен түштүгүнөн басып киришүүдө. Экинчи багыт - Донецкинин түштүк тарабында бир нече кыштак бошотулду. Алардын бири - Благодатное.
Аңгыча дагы бир артиллериялык соккунун үнү дүңгүрөдү, жоокерлер талкаланган үйдүн жертөлөсүнө барып жашынды.
Жертөлөдө май чырактары жарык берип турат, андан ары үстүндө үч кастрюль менен бир таш меш турат. Тартылган жипте илинген сүлгү. Эптеп-септеп жасалган жыгач эшиктин артынан жергиликтүү тургун Нина Федоровна чыгып келди.
Анын бул жерде жашап жатканына бир жыл болду. Россиянын аскерлери ага бир эле жолу киргенин айтат.
Кыштактан кетейин ой анын башында бир да жолу келген эмес.
Артиллериялык аткылоо бүттү, эми сыртка чыксак болот. Нина Федоровнанын короосунун артындагы арыкта өлгөн үч орус аскери жатат. Жанында россиялык аскерлер колдонгон Z белгиси тартылган жүк ташыган машина, жааган октон тешиле берип, соо жери жок.
Бүт кыштакта розалар гүлдөгөн убак, бирок аба өлүк жыттанат.
Аскерлер чыгышка карап жыла баштады. Благодатное артта калды. Эки машина орустардын чабуулунан сактанып, коопсуз аралыкта бирин-бири ээрчип баратат. Жолдо баратып минадан тазаланган талааларга кызыл-ак тасма байланган белгилер коюлуп жатканын көрдүк.
Биз таштап кетишкен дагы бир америкалык бронeтранспортерго жакын барганда так жанынан жардыруу болду. Бул россиялык дрон болду окшойт.
Мен бул райондо мартта болгон элем. Анда бир нече айдын ичинде фронттун линиясы бир нече гана метр эле. Россия украин аскерине караганда артиллерияны аябай көп колдонду, ошондуктан украиндер артиллериялык соккунун аякташын окопто күтүүгө аргасыз болушту. Ошондо командирлердин бири алар снаряддарды контр чабуул үчүн сактап жатышканын айткан эле. Бул жолку барганымда украин замбиректери эки күн үнү басылбай сокку уруп жатты.
Рота командири, 49 жаштагы улук сержант Андрей Онистрат өзүнүн жоокерлерине кезектеги тапшырма тууралуу инструкция берди – эртең үч км ар жакта дөңсөөлөрдүн этегинде турган россиялык окопторго чабуул болот.
Фронтту кеңейтиш үчүн 68-бригаданын бөлүктөрү бул жактан Благодатное менен Макаровканын чыгышын карай чабуул коюшат. Алардын жолунда минага шыкалган талаалар жатат, экинчиден орустардын соккусунун так алдында болот.
Онистрат байланыш протоколдорун жана дрон бөлүктөрдүн милдеттерин текшерип жатат. Алар күнүгө бештен дрон жоготууда.
Анын күнгө күйгөн жүзүн бир паста жылмаюу аралады. Ал өзүнүн жоокерлеринин үңүрөйгөн түрүн карап соңку буйругун бакылдады: «Эмне мынча үңүрөйөсүңөр? Күлүп жылмайып жүргүлө. Биз бул согушта жеңебиз».
Бир сутка өтүп, жоокерлердин көбү кайнаган блиндажда отурат. Чабуул жүрүп жатат.
Украиналык байкоо камерасынан эки брондолгон машина миналанган талааны аралап акырын өтүп баратканы көрүнөт. Дрондор биринин артынан бири россиялык позицияны карай түтүн гранаталарын ыргытууда.
Алардын милдети россиялык окопторду бойлото кара түтүнгө чулгап, техниканын өтүшүнө жардам берүү жана душмандын танкаларга каршы куралдарын адаштыруу.
Жаш жоокер Юрий блиндаждан улам чуркап чыгып, дрондордун батареясын алмаштырып, аларды согушка жөнөтүүдө. Рациядан буйруктар берилип, радиодон бутанын маалыматтары айтылат. Блиндаж кайнап кеткен, Батыш Украинадан бир жигит көйнөгүн чечип ыргытты.
Россиялыктар да жооп кылып ок атууда. Мен траншейдин жанында турганда россиялык снаряд жакын эле жерден жарылып, мени көздөй топурак жаады.
Жека деп аталган бир жоокер күндөн коргогон чоң көз айнек тагынып алып, бронжилети жок эле байкоо салууда.
Дагы бир снаряд жакын жерде жарылганда мен жерге жата калдым. Башымды көтөрсөм, Жека катып калыптыр. Ал орустарды англисче ашата сөгүп, ортоңку эки манжасын көрсөттү. Украин позициясын «Град» реактивдүү установкасынан мөндүрдөй жааган ок басып калды.
Контр чабуул кыйын болуп жатканынын бир себеби, Украинанын авиациясы жок. Батыш Киевке F-16 истребителдерин бермек болууда, бирок алар сентябрдын аягында гана келет.
Дагы бир жоокер Ярослав мага түшүндүрүп кирди: “Рроссиялык тик учактар менен согуштук учактар күнүгө бүт аймакты аткылап жатат”.
Жаныбызда дагы бир снаряд жарылганда ал сөзүн токтотуп: “Жашынуучу жайга барыңыз, жолуңуз болсун”,-деди.
3-июнда президент Владимир Зеленский Украина контр чабуулга даяр деп айтканда, ал Россиянын абадагы үстөмдүк абалын айтып, көп украиндер курман болот деди. 68-бригададагы абал так ушундай болуп жатат.
Сержант Онистрат мындай жоготуулар ал үчүн абдан оор экенин айтууда.
“Акыркы апта өзгөчө оор болду. Биз абдан көп адам жоготтук”.
Анын башындагы каска кичирээк көрүндү. Мен анын себебин сураганда токтоно албай көзүнөн жаш кетти: “Бул менин уулумдун каскасы”,-деди ал. 21 жаштагы Остап Онистрат биз сүйлөшүп жаткан жерде эки күн мурда дрондун соккусунан курман болуптур. Ал армияда кызмат кылганына бир эле жыл болгон.
Анын атасы алиге чейин өзүнө келе элек. “Аларга дрон-камикадзе учуп келип, так баламдын өзүнө тийиптир. Таанышка мүмкүн эмес. Баламды жабык табытта жерге бердик”,-дейт Онистрат.
Мен анын мындан кийинки жашоосу кандай болорун сурадым. «Мен мойнума милдет алгам. Биз жеңиш үчүн жүрөбүз бул жерде. Бир жакта баш калкалап отуруш үчүн же аман калыш үчүн эмес. Ар бир адам өзүнүн ишин кесипкөй аткарышы керек деп ойлойм. Бул жерде эч кандай баатырлык деле жок. Мен жөн гана бул ишимди аткарып аягына чыгышым керек».
Мен андан уулу үчүн аябай өч алгысы келип жатабы деп сурадым: «Өч алуу – күнөө. Менин милдетим - бул ишти аягына жеткирүү. Мен биздин жеңиш парадына катышкым келет. Биздин жеңишибизди тилейм, курман болгондор аз болсо экен деп тилейм».
Биз фронттун алдыңкы чегинен кетип жатканда чабуул уланып жатты. Кийин мен 68-бригада россиялык позицияны ээлегени тууралуу кабар алдым.
Командалык пунктка бараткан жолдо бизди коштоп бараткан сержант Онистраттын машинасы капыстан токтой калды. Башка жоокерлер менен бирге ал ыкчамдык менен машинадан ыргып түштү. Мен дароо бизге дагы жашына турган жер издеш керек деп ойлодум. Анан карасам алар алча багына токтошуптур. Бутактагы кочкул кызыл жемиштен үзүп жеп, баладай болуп кубанып каткырып жатышты. Ал эми артиллерия менен минометтордун жаагы басылбай, дөнсөөнүн этегиндеги россиялык позицияларга ок жаадырууда. (КС)