Акаев "Кумтөр" сурагынан "суудан кургак чыгабы"?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Мурунку президент көп жылдан кийин Кыргызстанга күтүүсүз кайтып келгенден кийин анын ой-максаты, мындан аркы орду, саясий кырдаалга таасири жөнүндө талкуулар башталды. Аскар Акаев бир күн мурда Бишкекке учуп келип, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, андан кийин УКМКнын сурагына кирип чыкты. Ал жактан чыгары менен журналисттерге “Кумтөр” боюнча иштин тергөөсүнө жардам бергени алдын ала президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп алып келгенин билдирди.
Элдин бүйүрүн кызыткан эң чоң суроо Акаевдин кайтып келишинин кандай саясий мааниси бар экени жөнүндө болууда.
“Эгер ал баатыр болуп келсе, ошондо мааниси болмок. Ал биздин өлкөнү коррупциянын бычагына салып берген адам катары кайтууда. Ал Кыргызстан башынан өткөрүп жаткан кырсык менен трагедиянын башында турат. Анын мындан аркы тагдыры кандай болорун айтуу кыйын. Азыр эмоцияларды басаңдатып, баарын мыйзам боюнча караш керек. Эгер мыйзам боюнча күнөөлүү болсо анда аягына чейин азабын тартат, эгер күнөөлүү болбосо, анда Кыргызстандын биринчи президенти катары саясатта орду болот. Ал президенттикке академиктердин баарынын жолун тосуп салды. Академиктердин авторитети кетип калды. Ошон үчүн башка адамдар бийликке келип атат. Билими бар болчу, илимпоздорго таянып, керемет иштерди жасаса болот эле, бирок анте алган жок. Ал айланасына конформисттерди, баюуну гана ойлогон адамдарды топтоп, таптакыр туура эмес жолго түшүп алды”,- профессор Зайнидин Курманов.
Ошол эле учурда Акаевдин кайтып келүү жөнүндө чечимин Россиянын өзүндөгү саясий кырдаалдын контекстинде дагы карап көрүш керек дейт профессор.
“Келердин алдында Россиядагы өзүнүн юристтери менен сүйлөшүп көрдү. Канча убакыт өттү, документтерде сиздин колуңуз жок, эч кам санабай өзүңүздүн өлкөңүзгө бара бериңиз дешти. Анын үстүнө соңку шайлоолор эмне менен бүтөрүн бир шайтан билет. Ал жакта дагы кооптуу кырдаал болуп атпайбы. Кырдаал кандай болуп өзгөрүп кетет, белгисиз, ошон үчүн үйгө кайткан жакшы болот. Сагынып бүткөн окшойт. Ал чет өлкөдө жашоодон чарчады”.

Сүрөттүн булагы, ГКНБ
Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Исхак Масалиев “Фейсбуктагы” баракчасына кыска пикирин бөлүшүп, “Акаевди президент кабыл алганы, ага болгон урмат-сыйын ачык көрсөтүү” деп атады.
“Аскар Акаев “Кумтөр” үчүн жооп бербеши да мүмкүн, анткени ал эчтекеге кол койгон эмес, башкалар жоопко тартылышы мүмкүн, анын ичинде азыр чоң кызматта тургандар. Акаевдин келиши тергөөгө ушул жагынан жардам бериши мүмкүн”,-деп жазды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Исхак Масалиев ошол эле учурда Акаевдин башкаруу саясатынын экономикадагы жыйынтыгын эң жаман деп эсептейт:
“Республика башка өлкөлөрдөн толук көз каранды, бир миллион чамал жарандарыбыз чет өлкөдө, 400 миң жумушсуз, анын приватизация программасы менен сатылган бир завод иштебейт, иштебеген башка көп нерсе бар – бул анын 15 жылдык башкаруусунун жыйынтыгы эмеспи? Кийинки президенттер аны катуу тилдеп коюп, анын саясатын уланта беришти го. 1995-жылы болгон президенттик шайлоону көбү унутту же билбейт, ошондо элдин көбү Абсамат Масалиевге добуш берди, а кызматты Акаев алды. Биздин бардык президенттер социализмди талкалаган менен жаңы эч нерсе кура алышкан жок. Менин пикирим- Аскар Акаевге улгайып калган адам катары гана мамиле кылса болот... андан көп эмес.”
Айтмакчы, “Кумтөр” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Акаев суудан кургак чыгып, азыр чоң кызматта турган башка адамдын башына балээ топтолот деген пикир өзүнчө бүйүр кызытууда. Бул жерде сөз финансы министри Акылбек Жапаров жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү го дейм. Журналист аналитик Канышай Мамыркулова дагы “Акаев келди, ал сөзсүз, Акылбек Жапаровго каршы көрсөтмө берет. Эгер аны Камчыбек Ташиев камабаса, анда Бакиев үчүн уюштурулган спектакль” деп жазды.
“Акаев УКМК менен сүйлөшүп ошон үчүн келди. Менин колум жок деп атпайбы. Учукту чубап берген жатат”.
Бирок, бул божомолдун баары болбогон кеп дейт башка аналитик Мүсүркүл Кабылбеков:
"Кыргыз саясатынын дөө-шаалары ушунчалык дагы маалыматсыз жана баео болот экен. Мисалы, Исхак Масалиев Кумтөр боюнча кечээ келген Аскар Акаевди эмес, Акылбек Жапаровду отургузуш керек дейт. Эмесе билип алгыла, Аскар Акаевдин кайтып келиши, анын тергөө менен кызматташып жатканы, башынан аягына чейин УКМКнын эмес, так ушул Акылбек Жапаровдун атайын операциясы".
Кандай болгон күндө дагы Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып келгенден кийин ага кайсы бир деңгээлде саясий кепилдик берилгени күмөн туудурбайт. Бирок анын акысына Акаев кандай кызмат кылып берет, кеп ошондо.
































