75 адамдын кайрылуусу: беш киши эки айга камалды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Массалык башаламандыктарды уюштурууга" шектелип кармалган 5 жаран 2026-жылдын 10-апрелине чейин камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту Би-Би-Сиге билдирди.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026–жылдын 12-февралындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү каннаттандырылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36-беренеси, 278-беренесинин 1-бөлүмү менен айыпталган А.К.Сга, Т.Бга, К.А.Ага , У.Э.Уга , Д.К.Сга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2026-жылдын 10-апрелине чейин тандалган",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу беш кишиге кылмыш иши козголгонун кабарлаган. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маалыматка караганда, камалгандар - экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев жана экс-депутаттар Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев.

Буга чейин Бекболот Талгарбековун уулу Арстан Талгарбеков Би-Би-Сиге атасынын күнөөсү жоктунун билдирген.

"Иш атамдын кайрылуусу боюнча экен. Ал кайрылууда эч кандай чакырык, мыйзамсыз аракет жок. Толугу менен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясатын колдойт", – деген Арстан Талгарбеков.

Ал эми камакка алынган башка адамдардын жакындарынан же адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп эсептейт.

Тергөө тарабынан кармалган жарандардын жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен", — деп билдирди ИИМ.

9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

Президент Садыр Жапаров 75 кишинин аты жазылган кайрылуу, Камчыбек Ташиевдин УКМК төралыгынан алынышы боюнча 13-февралда "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек берди.

"Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга: «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты.

Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү.

Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогору жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.

Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. «Эгер биз тарапка өтпөсөң, сен генерал менен будешь иметь дело» деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди.

Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан", - деди президент.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган. 11-февралда Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү да жарыяланып, ал отставка тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айткан эле.