"Инимди кыйнап согушка алып кетишти". Түрмөдөн Украинадагы согушка кеткен Акылбек дайынсыз болууда

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Иниси Орусиянын тергөө абагында жаткан жеринен басым-кысым астында Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн айткан жаран Би-Би-Сиге кайрылып, Кыргызстандын бийлигинен жардам суроодо.

Кыргызстандык Назанин Акылбекованын айтымында, 19 жаштагы иниси Темирлан Акылбеков Орусияда алдамчылык беренеси менен бир жыл үч айга кесилип, камакта жазасын өтөп жаткан. Бошотулушуна алты ай калганда, ал тергөө кызматкерлеринин кысымы астында Аскер прокуратурасы менен келишим түзүүгө мажбур болгон. Акылбекова иниси абакта өзүнө кол салууга да барган деген ойдо.

"Үстүбүздөгү жылдын март айында Орусия тараптан психологиялык-моралдык жактан кыйноого кабылып, Орусиянын Коргоо министрлиги менен контрактка кол койгон. Ошол убакыттан бери эки ай өттү. Иним менен эч кандай байланыш жок. Мен кыргыз мамлекетинин өкүлдөрүнө кайрылат элем: Менин иним кайда экенин билип бериңиздер. Биздин бир эле максатыбыз - инимди табуу. Анын ден соолугу чың, тирүү экенин билүү. Орусиянын Аскер прокуратурасынан болсо "баары мыйзамдуу болгон" деген гана жооп келет. Ошондо инимдин тамырларын, моюнун кесип, колдорун кесип, алып кеткени алар үчүн мыйзамдуубу?", - деп суроо салат кыргызстандык Назанин Акылбекова.

Анын айтуусунда, Темирландын салмагы 47 кг гана болгон. Андан сырткары, баш мээсинен жаракат алгандыгына байланыштуу оор жумуштарды аткарууга болбойт деген дарыгерлердин көрсөтмөсү бар. Мындан улам Темирланды аракетке жөндөмсүз деп табуу өтүнүчү менен анын жакындары сотко кайрылышкан:

"Темирланды аракетке жөндөмсүз деп табуу боюнча сот иши жүргүзүлүүдө. Биринчи отурум 15-июнга белгиленген. Суранарым, ушул отурумга кыргыз тараптын өкүлдөрү катышып бериңиздер".

Уулун издеп жаткан үй-бүлө соттук процессти күтүп жаткан чакта, 9-июнда күтүүсүздөн Темирландын командири чалып, ал 2-июнда согуштук тапшырмаларды аткарууга чыккандан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Мындан улам Темирландын жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, анын табылышына көмөк көрсөтүүнү суранышууда. Алар буга чейин Орусиядагы элчиликке, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Акыйкатчы институтуна жана Орусиянын бардык тийиштүү органдарына кайрылышкан.

"Бизге аталган жарандын туугандары анын жүргөн жерин аныктоо жана укуктарын коргоо боюнча тиешелүү арыз менен кайрылышкан. Туугандарынын айтымында, эркинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жатканда, бошотулушуна алты ай калганда Орусиянын Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзүүгө мажбур болгон. Биз тараптан арызды кароодо Орусия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кат жолдогонбуз. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигине суроо-талап жөнөтүлгөн", - деди Акыйкатчы институтунун Жарандык жана саясий укуктардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Доронбеков.

Украинанын "Хочу жить" долбоору Би-Би-Сиге согуш башталгандан бери 1474 кыргызстандык жаран Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндүгүн билдирди. Алардын кеминде 242си каза болгон же дайынсыз жоголгон. Долбоор чыныгы сандар мындан да жогору болушу мүмкүн экенин кошумчалады.