Ташиев көп балалуу болууга чакырды: энелер эмне дейт?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көп бала төрөгүлө деген чакырыгы коомдо кызуу талкууну жаратты. Бул пикирди түздөн-түз улуттук коопсуздук маселесине байланыштырып, олуттуу маселе деп кубаттагандар дагы, аны шакабага айлантып, жеңил карагандар да жок эмес. Ташиев көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет энелик капитал берет деп убада кылды.
Төртүнчү баласын төрөгөн аялга 100 миң сом, бешинчисин төрөгөн энеге 600 миң сом, жетинчисине 1 млн сом, сегизди, тогузду төрөсө 1,5 млн. сом, онунчу баласын төрөгөн энеге 2 млн. сом бериле турганын айтты.
"Биз акчабыз ашып-ташып жаткандан эмес, айласыздан ушул кадамга барып жатабыз",- деди Ташиев.
Кыргызстандын калкы жыл сайын өсүп келди, бирок акыркы жылдары балдардын төрөлүүсү төмөндөп жатат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, соңку беш жыл аралыгында төрөттүн көрсөткүчү 15,86 пайызга түшүп кетти.

Борбор Азиядагы көрсөткүч
Мамлекеттик ишмер Токон Мамытовдун айтымында, демография өлкө жана анын калкы көңүл бура турган олуттуу маселе.
Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын саны өсүп жатканы менен Кыргызстанда көрсөткүч артка кеткен.
"Төрөт 36-46 пайызга төмөндөп кетсе, кризис чекитинен өтүп кетет. Калыбына келтирүү кыйын болуп калат",- деди Мамытов.
Коңшу мамлекеттер менен салыштырып караганда, мындан он жыл мурун Өзбекстан калкы 30 миллиондун тегерегинде болсо, учурда 36 миллиондон ашты.
Казакстан калкы 17 миллионду түзсө, учурда 20 миллионго жетти.
2013-жылы Тажикстан калкынын саны 8 миллиондой болсо, 2023-жылы 10 миллиондон ашты.
Бул өлкөлөрдүн фонунда Кыргызстандын калкы он жылдын ичинде 1 миллионго гана көбөйдү.
Түркмөнстандыкы да ушуга окшош, 5,5 миллиондон 6,5 миллионго жетип калды.
Энелер эмне дейт?

Кыргызстанда төрөттүн санынын кыскарып жатышын адистер миграциянын агымы жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырат.
Кырк беш жаштагы Нурзаданын жети баласы бар. Ал мамлекет тарабынан эч кандай жөлөк пул албайт. Жолдошу таап келген каражат алардын үй-бүлөсүнө араң эле жетет.
"Жөлөк пул үчүн документ тапшырайын десем, телевизор, муздаткычың бар экен деп бербей койду. Бир дагы балам бала бакчага барган жок. Жолдошумдун тапканы менен балдарды бакчага бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок",- деди ал.
Нурзада көп бала төрөсө дагы "Баатыр эне" орденин албаптыр.
"Мен жашаган Ак-Ордо конушунда мектеп жетишпейт. Учурда үч балам мектепке барат. Бир класста 50-52ден бала окуйт. Алар эмне деген билим алышат? Эптеп эле мектепке барып келди деген аты бар",- дейт ал.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Отуз төрт жаштагы Мээргүл Шакирова баласын алыскы Кадамжай районунан Бишкектеги ооруканага алып келиптир. Анын төрт баласы бар.
"Эмчектеги баламды үйгө калтырып келдим эле. Таң аткандан бери кезек күтмөй. Мамлекеттик оорукана дегени менен баарына акча төлөп жатам",- деди ал.
Алты баланын түйшүгүн тартып келе жаткан Бактыгүл болсо эчак эле мамлекеттин колдоосунан үмүтүн үзүп койгонун айтат:
"Өкмөт көп бала төрөгүлө деп кайрылуу жасаганын уктум, бирок андан да оболу бизге ишенимдүү каржылык колдоо керек. Балдардын ырыскысы болгон жөлөк пулду баарына бирдей берсин. Аялдар бала карап үйдө отурганда дагы акчасы болуп тургандай мүмкүнчүлүк жаратышсын. Балдарымдын алды студент, арты бала бакчага барат. Мага деле кыйын".
Айрым адистердин айтымында, Кыргызстанда демография боюнча мамлекеттик саясат жакшы жолго коюлган эмес. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төрөттүн санын жогорулатуу, стимулдаштыруу боюнча программалар аз.
Өкмөт бир нече жыл мурун бир гана жолу бериле турган "балага сүйүнчү" төлөмүн киргизген, ал төрт миң сомдун тегерегиндеги гана каражат.
Мектеп жана бала бакча менен камсыздоо

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда балдарга татыктуу билим берүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү маселелери дагы эң актуалдуу бойдон калууда.
Жылына ондогон мектеп курулуп жатканы менен билим уяларынын жетишсиздиги дале бар.
Кыргызстан боюнча алты жашка чейинки балдардын саны 1 млн 97 миңден ашат. Бирок анын 290 миңдейи же 26 пайызга жакыны гана бала бакчага барат.
"Негизги себеби бакчалардын жетишсиздиги. Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик болуп отуруп 1912 бала бакча бар. Бизге дагы 2679 бала бакча жетишпейт. Бирок жылдан жылга бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз",- деди Билим берүү министрлигинин өкүлү.
Маалыматка караганда, жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын саны 1 миллион 491 миңди түзөт. Билим уяларынын саны болсо баарын кошкондо 2377.
"Быйыл республика боюнча 180ге чукул мектептин курулушу башталды. Алардын ичинен 80ге чукул мектеп Чүй облусу менен Бишкек шаарында курулуп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Педиатрлардын жетишсиздиги

Ооруканаларда, ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборлордо кезек күтүп зарыккан ата-энелер дагы аз эмес.
Бири-бири менен, атүгүл доктурлар менен урушуп, коомдук медиаларга тараган видеолор буга мисал.
Камчыбек Ташиевдин төрөт маселеси боюнча кайрылуусунан кийин коомдук сайттардын колдонуучулары дагы балдардын билимине, саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыкты.
Ден-соолук жана балдар темасы тууралуу көп жазган журналист Бактыгүл Чыныбаеванын айтымында, Кыргызстан боюнча болгону 600дөй гана педиатр иштеп жатат.
"Ошондо ар бир 3500 балага бирден педиатр туура келет. Ошол балдардын үч жүз элүүсү эле ооруп калса, бир педиатр аны карап чыгууга физикалык жактан жетишпейт. Биздин саясатчылар, эл башында турган кишилер балдарга көп маани беришпейт. Анткени алар добуш бербейт, алардын саясий салмагы жок. Дегеле кыргыз коомунда балага өзгөчө көңүл бургандар өтө аз",- деп жазды ал.
Кыргызстанда он сегиз жашка чыга элек балдардын саны 2,6 миллион, бул калктын 34 пайызын түзөт.
Макаланы даярдап жаткан учурда саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, тиешелүү суроолорго жооп ала албадык. Өздөрү байланыша турганын айтып, жолдогон катыбызга да, чалуубузга да жооп беришкен жок.
Жапония, Орусия, Түштүк Корея жана Европанын бир катар мамлекеттеринде демографиялык кризис узак жылдардан бери токтобой келе жатат. Жашоо образы, физикалык кыймылдын аздыгы соңку бир нече жылда эркек уругунун сапатын тездик менен төмөндөтүп жатканын илимпоздор да далилдеген.
































