You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Америкага кайык менен: Чукоткалыктар согушка катышпоо үчүн деңизди кесип өттү
- Author, Наталия Зотова, Анастасия Платонова
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Орус бийлиги жарым-жартылай мобилизацияны жарыялагандан кийин Чукотканын эки тургуну АКШдан башпаанек алуу үчүн балык уулай турган кайык менен Аляскага бет алыптыр. Андан соң алар америкалык түрмөгө түшүп, бир нече күн мурун күрөө менен бошотулду. Азыркы учурда АКШ бийлиги качкындардын саясий башпаанек берүү өтүнүчүн карап жатат, аларга Славян христиан борбору жардам көрсөтүүдө. Би-Би-Си тобокели өтө чоң өзгөчө окуянын чоо-жайын айтып берет.
2022-жылы 5-октябрда балык уулоочу кайык Сент-Лоуренс аралындагы Гэмбелл деген инуит шаарынын жээгине келип токтоду. Беринг деңизиндеги бул арал Аляска штатынын бир бөлүгү - бүткүл аралда 1200гө чукул адам жашайт.
Кайыктан нымдуу кара шагылдын үстүнө камуфляж жана резина өтүк кийген эки киши чыкты. Жергиликтүү тургундар бейтааныш адамдар менен Google Translate тиркемеси аркылуу гана сүйлөшө алышты: эркектер Орусиядан сүзүп, "орусиялык аскерлерден" качканын жана саясий башпаанек издеп жатышканын түшүндүрүшкөн.
Гэмбеллдин тургундары качкындарды пицца менен сыйлап, "Америкага кош келиңиздер, эми коопсуз жайга жеттиңер" деп куттукташты.
Кайраттуу кишилер 52 жаштагы Сергей Нечаев менен 45 жаштагы Максим Теюнаут болуп чыкты - алар Чукотканын деңиз жээгиндеги Эгвекинот айылынын тургундары. Мобилизация башталганда алар деңиз аркылуу Америкага кетүүнү чечишкен.
"Алар бийлигинен ушунчалык коркуп, өз өмүрлөрүн тобокелге салышты"
Ошол күндөрү жергиликтүү медиалар алардын качып келгени тууралуу “Орусиядан кайык менен качкан эки киши кармалды” деген сыяктуу кыска кабарды гана беришкен.
деңиз жолу алда канча оор жана коркунучтуу болду. Алар мындай чечимди айылдагы эркектердин баарына согушка чакыруу кагаздары келе баштагандан кийин аргасыз кабыл алышканын айтып беришти.
Эгвекинот Беринг деңизиндеги булуңдун жээгинде жайгашкан, бирок жарым аралдын эң чыгыш чекитинде эмес - Эгвекинот жана Гэмбеллдин ортосунда 450 кмга чукул аралык бар. Нечаев менен Теюнаут Чукотканын жээгинде бир нече күн сүзүп жүрүштү: “чек арачылар байкап калышпасын” деп телефондорун өчүрүп алышкан. Акыры Беринг деңизин сүзүп өтүүнү чечкенде бороонго кабылып, кайра орус жээгине кайтууга аргасыз болушкан.
Деңизди кесип өтүүгө экинчи аракет кылып жатканда кайрадан бороон башталды, бирок алар Америкага жолду улантууну чечишкен. Максим Теюнаут - тажрыйбалуу балыкчы, анын Инстаграм баракчасы кайык жана жаңы кармалган балыктардын сүрөттөрүнө толгон. Нечаев кийинчерээк берген маегинде алар “анын чеберчилигинин аркасында аман калышканын” айтып берген.
Шериктердин сапары муну менен аяктаган жок. Жергиликтүү бийлик алардын келгени тууралуу жээк күзөтүнө кабарлап, “нелегалдарды” Сент-Лоуренс аралынан материкке алып кетишти. Кийинки үч айда орусиялыктар АКШнын батыш жээгинде жайгашкан Такома шаарындагы (Вашингтон штаты) миграциялык түрмөдө өткөрүштү. Качкындар ал жерде “күрүч жана буурчак менен гана багышты” деп нааразы болгон The Economist басылмасына. Ал эми түрмөнүн китепканасында орус тилиндеги китептер, негизинен 19-кылымдын классикасы бар болчу.
Алясканын сенатору Лиза Меркауски орусиялыктардан кабар алып: "Алар бийлигинен ушунчалык коркуп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, 15 футтук (4,5 метр) кайык менен деңизди кесип өтүштү. Бул көп нерсени айтып турат", - деди журналисттерге.
Анын айтымында, качкындар Сибирдин түпкү элдерине таандык экенин түшүндүрүшкөн. “Алар Путин улуттук азчылыктар, башкача айтканда, түпкү элдер жашаган айылдык жамааттарды [мобилизация үчүн] тандап алганын айтышты”, - деди сенатор.
Сергей Нечаев журналисттерге анын айылындагы бардык эркектерге аскер комиссариатынан келишкенин билдирди.
Үч айдан кийин, январдын ортолорунда, орусиялыктар күрөө менен бошотулушту. Сергей менен Максим Сиэтлге жакын Такома шаарында башпаанек маселеси боюнча чечимди күтүп жатышат. The Economist басылмасы качкындар жумушка орношконго чейин аларды жергиликтүү Славян христиан борбору камкордукка алып жатат деп жазды.
“Славян христиан борбору Орусия, Украина, Молдова жана башка өлкөлөрдөн келген, негизинен славян иммигранттарынын чоң жамааты үчүн сыйынуучу жайга айланды”, - деп жазылат алардын сайтында. Ал жерде баары орус тилинде өтөт.
Согушка чындап эле улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн көбүрөөк алып кетишүүдөбү?
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, жалпысынан мобилизация учурунда эркектердин көбү Орусиянын жакыр жана айыл аймактарынан алынган деп айтууга болбойт. Эң көп аскер Свердлов жана Челябинск облустарынан чакырылган.
Би-Би-Си, ыктыярчылар жана “Медиазона” каза болгондор тууралуу маалыматтарды изилдеп чыккандан кийин, социологдор жоготууларды бөлүштүрүү “региондор ортосундагы экономикалык теңсиздикти чагылдырат” деген жыйынтыкка келишкен.
Бир жагынан улуттук республикалардын жана автономиялык облустардын жашоочулары фронтко барып, ал жерде “орус” облустарынан келгендерге караганда көбүрөөк курман болушат. Бирок жалпы сандарды алганда, каза болгон аскерлердин көпчүлүгү этникалык орустар.
"АКШда каржылык көйгөйлөрүн чечүүгө умтулушкан"
Сергей Нечаев маегинде согушка каршы экенин айтып, жалпысынан оппозициялык көз карашта болгонун белгилеген. Анын айтымында, бул жөнүндө бүт Эгвекинот билген. Чынында эле, Нечаев 2019-жылы Москвадагы Борис Немцовдун мемориалынын алдында түшкөн сүрөтүн Инстаграмдан табууга болот.
Бирок Максим Теюнауттун социалдык тармактарынан ал оппозиционер болбогонун түшүндүк. Март айында ал “Z” тамгасы тартылган бугунун сүрөтүн жарыялаган.
Чукотка качкындары тууралуу кабар Орусияга жеткенде мамлекеттик медиалар аларды “чыныгы саясий качкындар эмес” деп жаза башташты.
"Кармалгандардын биринин үстүнөн баңгизат боюнча тергөө жүрүүдө. 1971-жылы жана 1978-жылы туулган эркектердин экөөндө тең каржылык көйгөйлөрү болгон, алар муну АКШда чечүүгө умтулушкан", - деп РИА Новости октябрда өздүк булагына таянып жазган.
Би-Би-Си бул маалыматты тастыктады. Чынында эле Сергейдин каржылык көйгөйлөрү бар экен - сот аткаруучулардын маалымат базасына коммуналдык төлөмдөр жана салыктар боюнча карыздары болгонун көрүүгө болот. Мындан сырткары, Нечаевдин кредит боюнча 220 миң рублдан ашык карызы бар.
Баңгизат боюнча сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалымат анча көп эмес. Нечаев өзү муну оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырды: укук коргоо кызматкерлери аны Анадырда учактан түшүрүп, эки күн кармап, чукоткалыкты саясатчы Алексей Навальный менен байланышы бар-жогун суракка алышкан. Август айында, Нечаевдин айтымында, ага экстремизм боюнча айып тагылып, Эгвекиноттон уруксатсыз чыгууга тыюу салышкан.
Би-Би-Си муну тастыктай алган жок. Бирок 2022-жылдын июнь айында Нечаевге баңгизатка текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандыгы үчүн административдик протокол түзүлгөнү белгилүү болду.
Соттордун маалымат базасынан табылган протоколдо: “2022-жылдын 16-июнунда Анадырь эл аралык аэропортунун терминалынын кире беришинде мас абалынын белгилери менен - каректери чоңойгон жаран аныкталган” деп жазылган.
Андан соң Нечаевди милицияга, андан кийин наркотикалык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып барышкан. Ал медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткандыктан сот ага Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 6.9.1-беренесине ылайык төрт миң рубль айып салган.
Сергей чындап эле баңгизат колдонгонбу же "кеңейген каректер" полиция үчүн жергиликтүү оппозиционерди кармап, саясий көз карашын сураш үчүн жөн эле шылтоо болгонбу - азырынча белгисиз.
Би-Би-Си Нечаев менен Теюнаутка, ошондой эле аларга кам көргөн Такомадагы христиан борборуна интервью алуу өтүнүчүн жөнөттү. Алар жооп берген жок. (EB)