You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду: Бельгия бекитип койгон активдер
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстандын өкмөтү Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери Евробиримдик тарабынан камакка алынышы боюнча дагы эле үн катпай жатат. Болгону экономика министри Данияр Амангелдиев бул маалыматты “Азаттыкка” ооз учунан ырастап, толук маалымат айткан жок.
Активдердин камакка алынганы тууралуу маалымат тараганына бир апта болду. Аны чыгаруу үчүн кыргызстандык үч министр чабарман болуп, Брюсселге сүйлөшүүгө барып келгенин жергиликтүү агенттиктер жазып чыкты. Расмийлер жагдай тууралуу ачык айтпай жатканына караганда, эки-тараптуу сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбай койгон сыяктуу.
Сүйлөшүүгө барып келгени айтылган экономика, каржы жана юстиция министрлеринен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Алардын басма сөз катчылары бул маалымат жашыруун деп тим болушту. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков телефон чалуубузга жооп бербеди.
Кесепети кандай болот?
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы, Кыргызстан ЕАЭБге кошулардын алдында түзүлгөн. Максаты ишкерлерге колдоо көрсөтүп, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошору айтылган. Алгач уставдык капиталы 1 млрд доллар болору убадаланып, бирок бул сумманын тең жарымы менен иш баштаган.
Фонд түптөлгөндөн баштап ушул кезге чейин үч жарым миңдей долбоорду каржылаганы, аларга 5оо миллион доллардын айланасында каражат берилгени мекеменин сайтында жазылып турат. Берилген насыялардын басымдуусу айыл чарбага, андан кийин өндүрүш менен кайра иштетүүгө жумшалган.
Фонд быйыл Кыргызстанда 90 миллион долларлык эки ири долбоорду каржыламак. Бири Куланак ГЭСин курулушу болсо, экинчиси Чүйгө курула турган ири цемент заводу. Фонддун акчалары камакта болсо, бул сыяктуу долбоорлор ишке ашпай калат деген кооптонуулар бар.
“Активдердин камакка алынышы бизге эле жаман. Насыя берилбей, долбоорлор токтоп калат. Азыр ишкерлерге акча аябай керек болуп турат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылай турган долбоорлор өтө көп. Учурда сүйлөшүүлөр болуп жатат окшойт”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду түптөлөр замат 500 млн доллар менен иш баштады деп айтылганы менен 2020-жылдын жарымына чейин каражаттын жарымы Кыргызстанга келген эмес. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев фонддун жарым акчасы Орусиянын рыногунда, баалуу кагаздарда экенин ачыктаган. Демейде бош турган каражаттар Орусияда сакталып келген болсо, кантип эми Белгияга барып калганы белгисиз. Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров буга мындайча түшүндүрмө берди.
“Фонд бош акчаларды жогорку ликвиддүү активдерге, облигацияларга, банк аралык депозиттерге салып келишкен да. Бирок былтыр Россия-Украина ортосундагы согуш башталганда акчалар батыш банктарында болсо дароо алып чыгуу керек болчу. Анткени Орусияга байланышы бар каражаттардын баарына санкцияга кабалуу тобокелдиги жаралган. Мындай кылышпаса фонддун жетекчилиги шалакылыкка жол беришкен”, – деди Абакиров.
“Таасири аз”
Фонд Орусия менен экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө, Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында түзүлгөнү менен ишкерлер үчүн насыя алуунун шарттары оор экени көп жолу айтылган. Ушул себептен каражаттар берилбей туруп калган учурлар болгон дешет адистер. Ошондуктан азыр активдердин камакта болушунун кыргыз экономикасына үчүн таасири аз дейт адистер.
“Шарттар оор болгондуктан каражаттардын дээрлик баары биздин ишкерлер тарабынан алынып иштетилбей келген. Ошон үчүн фонд бош турган акчаларды ар кайсы активдерге салып иштетип жүргөн болчу. Ошол акчалар камакка алынып калышы мүмкүн. Фонддун акчалары толук кандуу иштетилбей жүргөндө биздин экономикага таасири сезилбегендей эле, камакта болуп калышынын таасири да биз үчүн олуттуу болбойт. Бирок, албетте, мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай, ишке аша турган долбоорлор каржыланбай калышы мүмкүн”, - дейт экономика боюнча эксперт Кубан Чороев.
Украинадагы согуштун айынан Батыш өлкөлөрү Орусияга масштабдуу санкцияларды салып келет. Соңку убактарда алар Орусия менен ынак мамиледеги үчүнчү өлкөлөргө санкция салынарын эскертишкен. Экономист Марат Мүсүралиев бул башынан эле күтүлүп жаткандыктан, кыргыз тарап тобокелдиктерди жетиштүү изилдеген эмес дейт.
“Ар бир уюмда тобокелдиктерди алдын алуу деген түшүнүк бар. Бул фонд Орусиянын акчасынан уюшулгандыктан, Кыргызстанда иштеп жатканына карабай санкцияга кабылышы мүмкүн эле. Ошондуктан тобокелдиктерди изилдеп, каражатты Белгиянын эмес, башка банктарда сакташса болмок”.
Ошендой болсо да, экономист бул көрүнүштүн кесепети тууралуу анализ жүргүзүүгө эрте экенин айтат. Анткени фонддун канча каражаты камакка алынганы азырынча айтыла элек.
“Кептин баары акчанын көлөмүндө, фонндун акчасынын 5-10 пайызы эле тоңдурулса, анда эч нерсе эмес. Эгер 20 пайыздан жогору болсо анда олуттуу. Бирок мен биздин экономика менен ишкерлерге көп деле кесепети тийбейт деп ойлойм. Анткени фонддун көпчүлүк каражаты насыяга берилип кеткен да”,- деди Мүсүралиев.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгындагы беш кишинин үчөө кыргызстандык, экөө орусиялык. Аны 2021-жылдын май айынан бери Артем Новиков жетектеп келет.