"Айттыңбы, далилде". "Кемпир-Абад" иши боюнча сот жанданды

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Кыргызстанда “Кемпир-Абад иши” деп белгилүү болгон чуулгандуу кылмыш ишинин фигуранты, жарандык активист Рита Карасартова тууралуу өзүнчө петиция чыгарды.

Рита Карасартова, укук коргоочу

Сүрөттүн булагы, Amnesty International

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рита Карасартова, укук коргоочу

Рита Карасартова Кыргызстандагы демократия жана адам укугунун сакталышы боюнча иш алып барган укук коргоочулардын бири.

“Бийликти сындоо - кылмыш эмес”

Петицияда активист Рита Карасартова мыйзамсыз камакка (неправомочный арест) алынганы, андыктан ага колдоо көрсөтүү максатында документке кол коюуга чакырык жасалат.

“Рита Карасартова жакшы жакка өзгөрүүлөр ар бир адамдан башталат деп эсептейт. Бирок ал өзү бийликтин саясатына каршы каршылык көрсөтүү (тынч жолу менен) аракети үчүн учурда үй камагында. Ританын максаты – адам укугу үчүн күрөшүп, айлана-чөйрөнү коргоо менен Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү. Өз ишмердиги менен эркин, эч тоскоолдуксуз алектенүү үчүн Ритада мүмкүнчүлүк болушу керек. Андан айыптарды алдыртып, үй камагынан бошотууну талап кылгыла, петицияга кол койгула”.

Укук коргоо уюму мамлекеттин саясатын жана бийлик чечимдерин сындоо кылмыш эмес дейт.

Кыргызстанда былтыр мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган деп шектелип 27 адам кармалган, Рита Карасартова алардын бири.

Массалык кармалгандар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы келишимге каршы чыгып, чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетет деп бийликти сындап келишкен.

Эл оозунда “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган бул кылмыш иши эгемен кыргыз саясатындагы эң чуулгандуу жана кармалгандар адамдардын саны боюнча эң резонанстуу иш болуп жатат.

“Кемпир-Абад”: сот кайсы стадияга жетти?

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө сегиз айга созулуп, соттук териштирүү 22-июнда (2023) эле башталды. Бишкектин Биринчи май райондук соту биринчи отурумду жабык өткөрүп, айыпталуучулардын айрымдары сотко үй камагына чыгаруу жана сотту ачык өткөрүү боюнча өтүнүчтөрүн келтиришкен.

23-июндагы отурумда Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылып, калгандарынын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

“20-августта булардын кармалганына он ай болот. Тергөө узакка созулду, иш сотко июнда өттү. Эки адамга карата кылмыш иши кыскарды, алар: Орозайым Нарматова жана Талант Эшалиев. Буга чейин бардык 27 адамга негизги иш боюнча айыптары угузулган. Алардын алтоо - аялдар. Азыр абакта 14 киши калды, калгандары үй камагында”, - деди бул ишке көзөмөл кылып келе жактан укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Тергөөнүн материалдары 52 томдон турат. ИИМдин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгону үчүн соттук териштирүү жабык өтүп жатат.

Европарламенттин резолюциясы: сөз эркиндиги жана “Кемпир-Абад” иши

13-июлда Европа парламенти Кыргызстандагы ЖМКга болгон басымды жана сөз эркиндигине чектөөнү айыптаган резолюцияны колдоду.

Резолюцияда “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укугу жана сөз эркиндиги жаатында абал кескин начарлап кеткени” белгиленет. Кыргыз бийлигине ЖМК жана бейөкмөт уюмдарына байланыштуу мыйзам долбоорлорун артка чакырып алуу да сунушталат.

Европарламенттин бул резолюциясында “Кемпир-Абад” иши боюнча да айтылып, саясатчы, активисттер Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Асия Сасыкбаевага коюлган айыптарды чакыртып алуу тууралуу да айтылат.

15-июлда Кыргызстандын мамкатчысы Сүйүнбек Касмамбетов Европарламенттин бул резолюциясына улуттук “Кабар” агенттиги аркылуу комментарий берди:

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов

Сүрөттүн булагы, Аки

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Европарламентке бизде адам укугу жана сөз эркиндиги чектелип жатат деп маалымат жеткирген адамдардын саясий кызыкчылыгы бар. Бизде көчөгө чыгып эле эркиндик бар экенин көрсө болот. Айрымдар такыр эле чектен чыгып, президентти шыбап жатат. Бул сөз эркиндиги эмей эмине? Мисалы, башка өлкөлөрдө социалдык сайттардан президенттин дарегине ачуу сын көрө албайсың”, - деп жооп берген мамлекеттик катчы.

Европарламенттин “Кемпир-Абад” иши боюнча айткандарын мамкатчы Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап, буларды билдирген:

“Кемпир-Абад” маселесин чечүүдө таза эмес учурлар болсо, эл көчөгө чыкмак. Эл чечимдер тең салмактанып кабыл алынып жатканын көрүп, колдоду. Албетте, бул кырдаалды өз ыңгайына ойноткусу келгендер болду. Бирок эл аларды колдогон жок. Алар өздөрү кармалышты. Эми сот чечимин күтүү керек, балким, алар акталат, ким билет”, -деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамкатчынын мындай мазмундагы сөзү “Кемпир-Абад” иши боюнча абакта жаткан саясатчыларды териктирди. Саясатчы Азимбек Бекназаров 24-июлда Facebook аркылуу билдирүү таратып, анда мамкатчыны сотко чакырды. Бекназаров мамкатчыдан кемпир-абадчылардын үстүнөн ачык сот отурумун өткөрүүгө жардам берип, аларды айыптоого далил таап берүүсүн талап кылды.

“Эгер сиз ачык сот өткөрүүгө жардам бербей, айткан сөздөрүңүздү ачык сотто далилдеп бере албасаңыз..бизди 9 айдан бери камакта кармап отурушкан Ташиев, Зулушев, Аширходжаев, Жапеков, Базарбеков – баарыңар биздин ордубузга түрмөгө киришиңер керек. Айттыңбы, далилде, болбосо жооп бер же кечирим сура”,- делет Бекназаровдун коомдук сайттагы баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө.

“Моралдык-саясий банкроттук”

Андан кийин эле абактагы саясатчылар атынан 26-июлда Равшан Жээнбеков “Кемпир-Абад иш” боюнча камактагылардын атынан билдирүү таратты. Европа Биримдигине, Европа комиссиясына, Европа парламентине жана бир катар элчиликтерге жолдонгон кайрылууда президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге жана ички иштер министри Уланбек Ниязовго персоналдык санкция киргизүү сунушу берилген.

Жээнбеков ысымы аталган бул адамдар Кыргызстандагы фундаменталдуу эркиндиктердин чектелишине, адам укуктарынын бузулушуна түз, кыйыр дагы тиешеси бар деп эсептейт.

Мындан көп өтпөй эле Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттык” аркылуу камактагы саясатчылардын бул билдирүүсүнө деп жооп берди:

“Мен бирөөнү табалаганды жаман көрөм. Алардын ар бирөөсү менен жеке мамилелерим деле бар. Равшан Жэнбеков, Азимбек Бекназаров, калган жаш активисттер болобу Кемпир-Абад боюнча элге, улуттук кызыкчылыкка каршы өтө кыска ой менен каршы чыгып, кандай гана болбосун шылтоо таап бейстабилдүүлүктү алып келип, бийликти төңкөрүп, ошондой ызы-чуудан улам өздөрү бийликке келиши керек болчу. Ал ишке ашпай калды. Муну моралдык банкроттук деп айтсак болот да. Эми абакта отуруп алып кат жазып жатышат, санкциялар киргизилсин деп, чет өлкөлөргө тоголок кат жазып жатканын өлкөнүн бир да патриоту туура көрбөйт. Бул тууралуу окуганда мен жакамды кармап, жаман болдум, бир жагынан күлкүм келди. Анткени, албетте, алардын катын, алардын пикирин эч ким деле эске албайт. Башка жолу жок ушундай каттарды жазып, Бишкектеги ашып кетсе 500-600 киши өздөрүнүн деңгээлинде кыска ой менен “Запад нам поможет” деп иш жүргүзүп жатышат. Президент жана анын командасы элдин өтө ишенимине ээ. Ошондуктан алар азыр элге таяна албай, оппозиция сыртка апелляция кылганы бул - моралдык-саясий банкроттук”.

Ошентип, “Кемпир-Абад” боюнча сот иши бир жарым айдан кийин кайра жанданганы жатат. Ал ортодогу өкмөт адамдары менен абактагы саясатчылар мындай кайым-айтышуусуу бул ишке ого бетер саясий боек берип жатат.

“CASA ITALIA” кафесиндеги жолугушуу

2022-жылы 22-октярда бийликтин саясатына нааразы саясатчылар, активисттер “CASA ITALIA” кафесине чогулуп, эки сааттык убакытта пикир алышкандан кийин камакка алынышкан. Бул жолугушууга келген жарандардын көбү чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразы болуп жүрүшкөн.

Бирок ИИМ жана Башкы прокуратура алар мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылышкан деп эсептейт.

Былтыр күзүндө Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы жаңы чек ара келишими кабыл алынып, президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад деп, ага каршы чыккандар жеке кызыкчылыктарын чечкиси келгендер деп айткан.

“Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок. Себеби, эл маселе кандай чечилгенин толук тушүнүп турушту. Кемпир-Абадды кошуна Өзбекстан башкарып келген, бул жолу биз да чогуу башкарууга кирдик”, - деген эле өлкө башчысы.

Садыр Жапаров бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгында экенин, андан кыргыз тарап пайда гана көрөрүн айтып келет.

Ошентип “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу башында камалган 27 адамдын көбү үй камагына чыгып, 14 азыр абакта. Алар: мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Марат Баязов, Илгиз Сарылдык уулу, Темир Махмудов, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов, журналисттер Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.