Тобокелчи тоо ашат, бирок экс-президенттерди элдештирүүдөн эмне өзгөрөт?

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн мурдагы президенттеринин баары менен бейтарап аймакта жолугуп келгени коомчулук үчүн күтүлбөгөндөй окуя болду жана көп түрлүү, карама-каршы пикирлерди жаратууда.

Азыр кектешүүнүн учуру эмес

Жолугушууга мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда бул жолугушуунун максаты кыргыз калкын ынтымакка чакыруу, саясий биримдикке келүү, бөлүнүп-жарылууну токтотуу экенин баса белгиледи.

Бул жолугушуу Дубайда өткөнү, төрт сааттан ашык созулганын, Атамбаев акырына чейин күтпөй, англисче кетип калганын, Садыр Жапаровдун жанында Камчыбек Ташиев кошо барганын өзүнүн булактарына таянып Москвадагы саясий эксперт Аркадий Дубнов кабарлады.

Бул окуя Садыр Жапаров өзүнөн мурдагы беш президенттин колунан келбеген эки чоң иштин өтөсүнө чыгып койгон учурда, атап айтканда “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке кайтарып алып, Өзбекстан менен отуз жылдай чечилбей, чубалып келаткан азаптуу чек ара талашына чекит койгон убакта өтүп жатат. Дубновдун сөзү менен айтканда, “алар кырдаалды ишенимдүү көзөмөлдөп турганын көрсөтө” турган мааниге ээ.

Жолугушууга катышкан экс-президенттердин экөө өздөрү билдирүү жарыялашып, позицияларын ачыкташты.

Эң биринчи болуп үн каткан Алмазбек Атамбаев жолугушууга Садыр Жапаров чакырган үчүн барганын, күтүлбөгөндөй иш болгонун белгилеп, саясий ынтымакка келүү менен К. Бакиевдин Кыргызстанга кайтышы эки башка иш экенин билдирди.

“Биздин өлкөдө тынчтык жана биримдик менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтышы – эки башка маселе. Аларды бир кароо таптакыр башка натыйжа берет. Абдан көп кан төгүлдү, унутулбай турган көп окуя бар. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Аларды эң биринчи курман болгондордун жакындары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мен айтканга кулак салып, туура чечим чыгарат деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Аскар Акаев болсо Садыр Жапаров саясий кыраакылыкты жана адамдык айкөлдүгүн көрсөттү деп жазды.

“Албетте, мамлекеттик бекемдөө, элдин биримдиги жана ынтымагы - өлкөнүн президентинин тикелей жана башкы конституциялык милдети. Ал бул милдетти иш жүзүнө толугу менен аткара баштаганы кубандырат”,-деди Аскар Акаев.

"Тобо кылып, кечирим сурашы керек"

Дубайдагы окуя жалпы эле кыргыз коомчулугуна, кыргыз журтун карап турган сырт дүйнөгө дагы күтүлбөгөн иш болгондуктан чоң талкуунун чордонуна түштү. Ар ким акылы жетишинче бул окуяны саясий жана укуктук контекстте чечмелөөгө аракет кылууда.

Эң оболу, Садыр Жапаров бул ишти жалпы саясий консолидация үчүн баштап жатканын айтууда. Эл ичинде мурдакы-кийинки бийлик деп бөлүнүп-жарылууну токтотолу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы дейт.

Президент саясий кармаш-кагылышуу жолун жактабай турганын билдирип, өзү да элди кекчил болбой, кечиримдүү болууга чакырууда.

Бул демилге элдин кайсы бир бөлүгүндө колдоо табууда, кайсы бир бөлүгү каршы болууда. Ошондуктан азыр канчалык элге алынып кетет, айтуу кыйын.

“Дубайда 17-февралда болгон окуя – чынында эле тарыхый окуя, эң оболу саясий мааниге ээ. Бирок бул бул абдан маанилүү маселени акыйкат чечүү үчүн кеминде дагы эки кадам керек. Биринчиден, мурдагы президенттер, айрыкча А. Акаев К. Бакиев, А. Атамбаев ар кимиси жеке түрдөбү же биригип алабы, элге кайрылып, бардык күнөөсүн моюнга алып, тобо кылып, кечирим сурашы керек. Эл өзү чечиши керек. Экинчиден, мен Куловго кошулам, айыпталып жаткан экс-президенттерге эң акыркы бүтүмдү сот органдары чыгарыш керек. Антпесе, маселе моралдык-саясий гана мүнөздө кала берет”,-деди академик Абдыганы Эркебаев.

Экинчиден, экс-президенттер элдешкени өлкөдөгү чаржайыт саясий күчтөрдү консолидация кыла алабы? Кыска мөөнөткө, балким, конфронтацияны токтотушу мүмкүн. Бирок саясий күрөш эч качан токтобой турганы түшүнүктүү, бирде басаңдап, бирде күчөп турат. Бир аз убакыттан кийин азыр эле жарашып кол кармашкан саясий лидерлер кайра касташып калышы мүмкүн. Аларды чабыштырып кое турган ар кандай саясий чагымчылар да толуп жатат. Мурдагы лидерлер кой тынч жаталы дей турган болсо, жаңы саясий күчтөр чыгат. Алар кайсы бир деңгээлде мурдакы лидерлер менен алардын жактоочуларын өз тарабына тартуу менен саясий талаада жаңы позицияларды, жаңы комбинацияларды жаратат. Жыйынтыгында саясий жарашуунун жана жарыштын пайдасын ким озунса, ким алыс ойлонсо, ошол көрөт. Бийлик деген бирөө, баарына жетпейт. Жетпей калгандар дайым нааразы болот, чыр чыгарат, саясий күрөш бирде басаңдап, бирде оргуштап кайнап турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Кылмыш кылган адамды калкалоого жатабы?

Эми укуктук жагын карап көрөлү. Мыйзам боюнча соттолгон адамды актап жибергенге же актоого жардам көрсөтүүгө, кылмышка айыптуу адамды кандайдыр бир жол менен калкалоого эч бир президенттин укугу жок. Ким болбосун кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартып, соттон жазасын алышы керек.

Азыркы учурда кеминде мурдагы эки президент оор кылмыштарга айыпталып соттолгон. Курманбек Бакиев сыртынан 25 жылга кесилген. Атамбаев бир нече кылмышка айыпталып, алардын бири боюнча 11 жылга соттолгон. Жакында Жогорку Сот ага чыккан мурдагы өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Сот ушуга байланыштуу анын баш коргоо чарасын карап, ден-соолугуна байланыштуу чет өлкөгө барып дарыланууга уруксат берди. Бирок Атамбаев өзүнө коюлган оор айыптоолордон кутула элек, кайра тергөө жүрөт, кайра сот болот, сотто каралып жаткан башка иштер бар. Анын абактан чыкканы саясий чечим болгону, сот аны формалдуу түрдө аткарып койгону көп адам түшүнүп эле турат.

Бийликте турган адам оор кылмыштарга айыпталып жаткан же соттолгон адам менен жолугушуп, сыйлашып, адамгерчилик чайын ичип келгенине укуктук жоопкерчилик барбы? Айрым эксперттер президенттин аракети кылмыш кылган адамды калкалоого барабар деп мыйзамдагы жоопкерчиликти эскертип жатышат. Бирок болгон окуяны так ушундай түрдө бир жактуу чечмелөөгө каршы адамдар да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул жерде мыйзамга каршы келген, эл тынчсыздана тургандай эчтеке жок деп эсептейт.

“Менин оюмча алар улуттук биримдик жөнүндө макулдашты деп түшүндүм. Ошону менен сөз бүттү. Мен кимдир-бирөөнүн кайтып келиши же келбеши, кармалышы же бошонушу жөнүндө маселе болгонун байкаган жокмун”.

Ал эми сындап жаткандардын бири юристтердин "Тандем" бирикмесинин башчысы Таттыбүбү Эргешбаева президенттин демилгесин анын сот акыйкаттыгын өз алдынча, өз жолу менен орнотуу аракети катары карап жатат.

"Азыркы президент, Куралдуу күчтөрдүн башчысы, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин гаранты (Конституциянын 66-беренесинин 3-пункту) Садыр Жапаров өзүнүн “СОТ-АКЫЙКАТЫН ӨЗ ЖОЛУНДА ОРНОТОТ” деген көрүнүштү орнотуп жатат. Болбосо, экс-президент К.Бакиевдин 30 жылдык мөөнөткө камалсын деген соттун өкүмү бар (2017-жылы Жогорку Соттун чечими чыккан). Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган. Ошондой эле, анын туугандарына, саналаштарына карата ондон ашык соттун чечимдери чыгарылган.Учурдагы президент азыркы мыйзам-талаасын кантип айланып өтүүдө?",-деп жазды Т. Эргешбаева.

Аталган эксперт президент өзүнүн администрациясынын юристтери менен маселеттешип, "кылмышкер (экс-президент) менен жолукканда кандай саясий, юридикалык тобокелчиликтер болорун кеңешип" койсо болмок деп белгилеген менен бул кадамдын артында кандай укуктук кесепеттери жана жоопкерчилиги болушу талаштуу маселе бойдон калчудай.

Президент "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде бул суроого өзү да жообун берди.

"Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет".

"Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек".

Камактагы саясатчылардын иши

Президент Садыр Жапаровдун экс-президенттерди элдештирген окуясы Кыргызстанда камактагы 24 саясатчы менен жарандык активисттердин иши ырбаган учурда болуп жатат. Алардын ичинде беши аял, арасында жетимиш жаштан ашып калганы да бар. Ансыз деле алар тергөө жүрбөй, ээнбаштык менен камоо болуп, эми күнөөнүн далилдерин издеп жатат деп укук коргоо органдарын "бөрк ал десе, баш алмайга" айыпташууда.

Жактоочулары бул активисттерди камакта кармоого эч кандай мыйзамдык негиз жок деп кайрылып, ошондуктан аларды кыйнабай үй камагына чыгарууну кайра-кайра өтүнүп жатышат. Бирок алардын жүйөсүнө бийлик кулак салган жок.

Ошондуктан, "Кемпир-Абад" окуясында массалык тополоң чыгарып бийликти күч менен алууга айыпталган бул саясатчылардын иши акыйкат каралып бүтмөйүнчө, кечиримдүүлүк, саясий ынтымак жөнүндө президенттин кайрылуусундагы сөздөрүнүн мааниси суу кечпей калат деген билдирүүлөр болууда. (КС)