You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жаңы спикер шайланды. Марлен Маматалиев ким?
Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын алмашуусу уланууда. 45 жаштагы депутат Марлен Маматалиев парламент төрагасы болуп шайланды. Эки ай гана мурда спикер болуп бекиген Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралдагы жыйында Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кетип жатканын жарыялаган. Бул эки күн мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган саясий өзгөрүүлөрдүн уландысы катары мүнөздөлүүдө.
Спикерликке бир гана талапкер сунушталып, атаандашсыз шайлоо болду. Парламенттеги бардык беш депутаттык топ тең - "Адилет Кыргызстан", "Ала-Тоо", "Элдик", "Ата-Журт" жана "Мекенчил" төрагалык кызматка депутат Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.
Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп, 5 депутат каршы добуш берген.
Маматалиев эл үчүн кызмат кылууга, эл өкүлөрүн бөлбөй, акыйкат иштөөгө, аткаруу бийлиги менен чогуу жумуш алып барууга, парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга сөз берди.
"Болгон тажрыйбамды жумшап, жаш күчүмдү жумшап, биринчи кезекте эл үчүн, биринчи кезекте мамлекет үчүн иштеп берем ишендирип кете алам. Ошондой эле баарыбыз чогуу, бир команда болуп, ишибизди алып барабыз деп, терең ишендирип кете алам. Президентибиз Садыр Нургожоевич башында туруп, кандай гана реформаларды өткөргөн жок, кандай гана тапшырмаларды берген жок. Ошолордун алкагында, ошол талаптардын алкагында мамлекетибиз болуп көрбөгөндөй, чоң өнүгүүгө келди. Экономикабыз көтөрүлдү, коррупцияга каршы күрөш болду. Эл аралык дүйнөдө да өзүбүздүн ордубуз пайда болду. Абийирибиз пайда болду. Ушунун баары президентибиз башында баштаган жумуштардын алкагында келип жатат. Ага сиздер менен биргеликте Жогорку Кеңештин да салымы өтө зор. Алдыда дагы көп иштер болот. Биз да салымыбызды кошобуз. Элибиз жакында эле шайлап, үмүт артты, аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты сиздер менен чогуу эч качан жерде калтырбайбыз. Биринчи кезекте элибиз үчүн иштейбиз. Анан дагы айта кетүүчү нерсе - мамлекетибиз бир. Ар кандай бөлүүгө же башка бир, ар кандай, регион болобу, меники болобу, сеники болобу дебей, анын бардыгына бөгөт коюп, мына, менин биринчи эле тапшырмам аппаратка - ар бир депутатка бирдей мамиле кылуу. Бардык 90 депутат баарыбыз бирдейбиз. Бирбиз. Бир командабыз. Бир жумушту алып барабыз деп ойлойм. Ошондуктан эч кандай бөлүнүү жок. Анан, албетте, парламенттин ишмердүүлүгүн дагы да жакшыртабыз. Мына, Нурлан байкебиз (ред: - Тургунбек уулу) канчалаган жакшы иштерди кылды. Санариптештирүүнүн экинчи баскычын кылып, комитеттерде да бир топ иштерди өзгөртүп, жакшыртып, иштерди алып барабыз деп ойлойм", - деди Марлен Маматалиев спикер болуп шайлангандан кийинки сөзүндө.
Ал сегизинчи чакырылышка Бишкектеги №23 шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Маматалиевдин демилгелери
Марлен Маматалиев 2018-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламентте эң көп мыйзам долбоорун демилгелеген эл өкүлдөрүнүн катарына кирет.
Маматалиев Кыргызстанда жынысын өзгөртүүгө жана ага байланышкан документтерди өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени менен да белгилүү.
Ал керектөө насыяларынын үстөк пайыздарын төмөндөтүп, кардарды "кара тизмеге" киргизүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча да мыйзам долбоорун сунуштаган.
Маматалиев "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүп, ага 30 округдан 90 депутат эрежесин киргизген 11 депутаттын бири.
Депутат шайлоого катышууну жакшыртуу үчүн эл арасында лотерея ойнотууну сунуштаган.
Ал Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды, диплому жок иштеген психологдорду жарнамалоого тыюу салууну демилгелеген.
Марлен Маматалиев ким?
Марлен Маматалиев 45 жашта. Ал 1981-жылы Бишкек шаарында туулган.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган, кийин магистратурасын бүтүргөн.
Ал 2003-2006-жылдары Социалдык фонддо, 2006-2008-жылдары Финансы министрлигинин программалык камсыздоо бөлүмүндө иштеген.
Кийин Экономика министрлигинде министрдин кеңешчиси, жардамчысы кызматтарын аркалаган.
Маматалиев 2009-жылдары өкмөттүн аппаратында иштеп, биринчи-вице-премьер министрдин кеңешчиси болгон.
Аткаруу бийлиги менен катар ал Жогорку Кенеште да иштеген.
Марлен Маматалиев ишкер катары да белгилүү. 2016-2018-жылы "Аллор Строй Сервис" компаниясынын башкы директору, Кыргызстандагы белгилүү "Азия молл" соода борборунун башкы директору болгон.
Ал 2018-жылы "Республика-Ата-журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого “Мекеним Кыргызстандын” тизмесинде катышкан.
Маматалиев 2021-жылы VII чакырылышка өзү башында турган "Ынтымак" партиясы менен депутат болгон.
Ал - Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин уулу.
"Мага эч ким кысым көрсөткөн жок"
Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын спикери Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетүү чечимин кабыл алганын бүгүн, 12-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирген.
"Бизде саясий маданият болуш керек. Эч кандай ызы-чуусу жок, ар кандай бүдөмүк ойлорго талкуу жаратпастан, бүгүн төрага кызматынан өз эрким менен кетүү чечимин кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Сөздү көбөйтпөйүн дедим, бизде стабилдүүлүк болуш керек, президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар аягына чыгыш керек. Мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечим кабыл алып жатам", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу Түркияда расмий сапарда жүргөндө өлкөдө саясий оош-кыйыштар болуп кеткенин, өзүнүн дарегине да бир топ сөздөр айтылып, ар түрдүү маселелер болгонун, бир-эки адамга эмес, жалпы кыргыз элине, кыргыз парламентине кызмат кыларын билдирди.
2025-жылы 17-декабрда жашыруун добуштун жыйынтыгында 84 добуш менен Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын спикери болуп шайланган. Ал буга чейинки чакырылыштын да төрагасы болгон.
10-февралда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Учурда Германияда дарыланып жүргөнүн айткан Ташиев өз билдирүүсүндө кызматтан алынышы ага күтүүсүз болгонун билдирген.
УКМК төрагасы кызматтан алынгандан кийин эле парламент спикери да алмашат экен деген сөздөр чыккан. Ал күнү Нурланбек Тургунбек уулу Түркияда сапар менен жүргөн жана анын отставкасы тууралуу сөздөрдү парламенттин маалымат кызматы четке каккан.
Нурланбек Тургунбек уулу коомдо Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары да белгилүү.