Шектүүнүн тагдырын чече турган далил буюмдар жоголсо эмне болот?

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Кыргызстанда тергөө үчүн далил катары алынган заттар (баңгизат, баалуу металдар же акча каражаттары ж.б.) укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан “жок болуп” кеткен мисалдар бар. Бул көрүнүш такай болбосо дагы маал-маалы менен катталып турат. Ансыз да кынтыксыз, ташка тамга баскандай далилди талап кылган иштерде негизги фактылардын бири боло турган каражаттар жок болуп кетсе эмне болот? Тергелип жаткан иште чыныгы күнөкөр суудан кургак чыгып кетишине өбөлгө түзүлүп же тескерисинче шектүү катары гана саналган адам арабөк абалда калып калбайбы? Тигил же бул заттарда манжанын тагы баш болгон айныксыз далидер болушу мүмкүн экенин эске алганда, мыйзам боюнча далил катары алынган заттар былк этпей, чып-чыргасы коробой турушу шарт.
Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “далил катары сакталып турган отуз килограммдай баңгизатты уурдады” делген милиция кызматкеринин иши каралууда.
Башкы прокуратура тараткан маалыматта, кылмышка шектелип жаткан тартип сакчысы Биринчи май райондук милициясында далил буюмдардын сакталышына жоопту кызматкер болгону белгиленген.
“Ал кыңыр ишин жашыруу үчүн кымырып алган баңгизаттын ордун сапаты начар баңгизат менен алмаштырып, жетпей калганына таш салып койгону аныкталган” деген мазмунда билдирүү тараткан. Башкы көзөмөл орган мындай маалыматты өткөн айда тараткан эле.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул факты боюнча маалымат бере албай туганын билдирди.
Далил буюмдардын жоголушу боло келген көрүнүш...
Укук коргоо органдарында далил зат катары сакталып турган акча, алтын жана баңгизаттардын уудалышы буга чейин да болуп келген. Көбүнчө мындай фактылар прокуратура күтүүсүз барып, текшергенде гана аныкталат дешет. Ушундан улам текшерүүдөн сырт, көз жаздымда калган учурлары жок болду бекен деген собол бар.
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев далил заттардын уурдалып кетиши мурдатан болуп келген көрүнүш экенин четке какпайт.
“Биздин убакта дагы ушундай фактылар болуп, мындай ишке барган кызматкерлер жоопко тартылган учурлар болгон. Тергөөдөгү буюмдардын жоголушу кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып такалат. Мисалы сатып жиберүүнү көздөшү мүмкүн. Негизи алынган далил буюмдарга тергөөчү керт башы менен жоопту. Эгер ал жоголуп кеткен болсо анда ал тергөөчүнүн шалаакылыгы. Далил буюмдардын жоголушу эң эле жаман көрүнүш. Мындай болбошу керек. Эгер дилил заттар жок болсо кылмыштын бетин ачуу кыйынга турат", - деди экс-министр.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Былтыр Токтогулда милиция кызматкерлери далил катары сакталып турган баңгизатты уурдап алганы прокуратура тарабынан аныкталган. Ушундай эле факты 2020-жылы Бишкекте катталган. Анда милициянын үч кызматкери үч килограммдай баалуу затты (маалымат каражаттары алтын экендигин жазган) кымырып алган делет.
2019-жылы УКМКдан 200 миң доллардын жоголушу мындай окуялардын эң эле чуулгандуусу болгон. Сөз болуп жаткан каражаттын жок болуп кетишине кайсы бир саясатчынын күйө баласынын тиешеси бар экендиги ошол учурда байма-бай айтылган. Акча мурдагы прокурор Улан Чалбаевдин пара менен кармалышындагы эң башкы далил болчу. Атайын кызмат акча мамлекетке киреше катары которулган деп кечигип билдирүү таратканы менен күмөндүү жагдайлар ачыкталбай кала берген. Юристтердин айтымында, мыйзам боюнча соттук иштер аяктагыча бир дагы далил зат жок кылынып же мамлекетке өткөрүлбөшү керек.
Далил бумдардын тергөө учурунда жоголуп кетишине соттордун күнөөсү бар дегендер да четтен чыгат. Алардын бири адвокат Нурбек Токтакунов. Ал өзүнүн айткандарын мындайча чечмелеп берди.
“Бул сот жана укук коргоо органдарындагы уюшма коррупциянын белгиси. Буга биринчи кезекте соттордун күнөөсү чоң. Алар тергөөчүлөр менен айыптоочулардан далил буюмду алып келгиле деп талап кылышпайт. Экспертизанын корутундусунун негизинде чечим чыгарууга көнүп алышкан. Муну билген укук коргоочулар далил буюмдарды сотко чейин эле жок кылганга көнүп алышкан. Далил зат жоголуп кеткен иште соттор шектүүнү акташы керек. Ошондо тергөөчүлөр менен айыптоочулар буга олуттуу мамиле кыла башташат”, - деди адвокат.
Чын эле далил буюм жоголуп кетсе шектүүнүн иши сотто эмне болот? Судья айыпталып жаткан адамга өкүм чыгарууда далил буюмдарга кароо жүрүгүзүп анан чечим чыгарабы? Биз бул суроого жооп издеп адвокаттардын, айыптоочу тараптын жана Жогорку Соттун пикирин уктук.

Сүрөттүн булагы, Жогорку Сот
Далил бумдар жоголсо соттук иштер создугабы?
Соттук иштерде жактоочу болуп жүргөн юрист Замир Жоошев далил буюмдар жок болсо сотто талаш жарала турганын айтып, судья далил буюмдар менен сөзсүз таанышы керектигин белгилейт.
“Далил зат андагы издер жоголбой тургудай кылып таңгакка салынып, мөөр басылып, тергөөчүнүн колу коюулуп сотко жеткирилиши керек. Соттук иш далилдерди көрүү баскычына келгенде судья аны өз көзү менен көрүп, таанышууга тийиш. Эгер баңги зат менен кармалган адам күнөөлү деп табылса судья шектүүнүн баңгизат алып жүргөнү далилденди, баңгизат өзү жана анын корутундусу дагы бар. Өкүм күчүнө киргенден кийин баңгизат жокко чыгарылсын деп чечимди жарыялашы керек. Эгер далил зат жоголуп кетип, курулай сөз же жөн гана сүрөт жана экиспертизанын корутундусу болсо ал жетишсиз. Мындай учурда судьяда баңги зат ал адамдан табылбай, жасалма корутундуну тиркеп коюштубу деген шектенүүнү пайда кылышы керек. Бул жагдай судьянын айыпталуучуну актоого себеп болушу мүмкүн, бирок жүз пайыз эмес”, - деди юрист.
Айыптоо тараптын айтканы башка
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Комолдинов тергөө учурунда далил зат жоголуп кете соттук иштерге эч кандай терс таасир тийгизбейт деген пикирде.
“Ошол эле баңгизат боюнча кармалган шектүүнүн ишин алып көрөлү. Шектүү кармалары менен баңгизат боюнча экспертизага жиберилип, алар корутунду чыгарып берет. Экспертиза аяктаган соң баңгизат ички иштер бөлүмүнүн сактоо камерасында, соттун чечими чыкканга чейин тура берет. Сот далил буюмду көрүп туруп соттобойт да, топтолгон материалдардын негизинде гана чечим чыгарат. Андан кийин баңгизат жокко чыгарылсын дейт. Бүттү. Чечим күчүнө киренден кийин комиссия келип, текшерип анан жок кылышат”, - деди көзөмөл органдын өкүлү.
Жогорку соттун эки ооз жообу

Сүрөттүн булагы, Жогорку Сот
Бул маселе боюнча Жогорку Соттон маалымат алуу аябай кыйынга турду. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси атайын расмий кат менен кайрылуу керектин айтып, жооптор бир нече адис тарабынан даярдалары менен түшүндүрдү.
Бирок эки жумадан кийин биз жооп катары Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаручу Нурлан Мусаевдин колу коюлган төмөнкүдөй кат алдык:
“Соттор тарабынан тиркелген ар бир буюм далилине карата КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте изилдөө жүргүзүлөт жана юридикалык баа берилет”.
Мыйзамда кандай жазылган?
Далил буюмдарды сактоо жана аны сотто кароо Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде бул боюнча бир нече берене бар экен. Мисалы, 86-беренесинде далил буюмдар тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен ишке кошо тиркелет жана сакталууга тийиш деп көрсөтүлгөн.
87-беренеде далил буюмдар өкүм күчүнө киргенге чейин же ишти кыскартуу жөнүндө токтомго даттануу мөөнөтү аяктагыча сакталышы керектиги белгиленген.
333-беренеде ишке тиркелген далил буюмдар сот тарабынан каралып чыгууга жана тараптарга көрсөтүлүүгө тийиш экендиги так жазылып турат. Эгер далил буюмдар бакша аймактан табылса соттук териштирүү учурунда алар менен таанышуу үчүн видео байланыш колдонулушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн
































