ИИМ милиция кызматкери окуучуну зордуктоого шектелип кармалганын маалымдады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкекте милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Би-Би-Сиге тастыктады.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, калаадагы мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, аймактык инспектор тарабынан зордукталганын билдирген.
Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козголуп, шектүү Бишкек ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, шектүү А.у.Аны 12-декабрдан 2026-жылдын 11-февралына чейин №1 убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
"Милиция тарабынан мыйзамды бузуу, кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле укук коргоо органдарынын аброюна шек келтирген бардык фактыларга катуу укуктук баа берилет жана күнөөлүү адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат",- деп айтылат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу боюнча 2020-жылы - 223, 2021-жылы - 235, 2022-жылы - 160, 2023-жылы - 268, 2024-жылы -160 факт катталган.
Башкы прокуратуранын статистикасына таянсак, 2025-жылдын тогуз айында зордуктоо фактылары эң көп катталган аймак Жалал-Абад облусу болуп, ал жалпы көрсөткүчтүн 22,63 пайызын түзгөн. Андан кийин Бишкек шаары - 21,90 пайыз жана Чүй облусу - 14, 60 пайыз болгон.




























