You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Азамат Мариповду райондук сот алты жылга кести, бул иш учурда шаардык сотто каралууда
- Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 6-октябрдагы өкүмү менен Азамат Марипов Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечими тууралуу эми гана белгилүү болду.
«М.А.М Кыргыз Республикасынын КЖКнин 278-беренесинин 3-бѳлүгүндө; 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 77-беренесинин негизинде М.А.Мга 6 (алты) жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленген», - деп айтылат соттун чечиминде.
Учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралууда. Соттун өкүмү боюнча азырынча Марипов же адвокаттары комментарий бере элек.
Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Азамат Марипов быйыл март айында кармалган. Ал Фейсбукка пост жазып, Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевди бир канча жолу сындаганы белгилүү.
Марипов 2024-жылдын жазында да өздөрүн "Мекенчил" партиясынын тарапкерлери деп атаган дагы беш киши менен кошо "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренеси менен камакка алынган. Кайра сентябрь айында "кылмыштын курамы жок" деген жүйө менен баары акталган.
Марипов бул иш боюнча кайрылууларды жасап, "президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун" айткан.
Каныбек Туманбаев болсо, Азамат Мариповду шантаж кылып жатат деп айыптаган. Бул тууралуу ал дагы Фейсбуктагы баракчасында билдирген.
"Мен президентке "Азамат Марипов мени шантаж кылып атат" деп кирип айттым. Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаровду, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: "Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба, жигит! Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша" деди", - деп жазган Туманбаев.
Азамат Мариповдун агасы, Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси, журналист Кудрет Тайчабаров да учурда камакта.
Быйыл парламенттик шайлоого катышууга ниет кылып, БШКга арыз жазган Кудрет Тайчабаров "криминалга тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошол учурда Тайчабаровдун кримтөбөл, атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган. БШК муну негиз кылып, анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Тайчабаров Фейсбукта азыркы бийликтин ишмердигин сындаган постторду жазып келген.