"Кызыл террордун", сталиндик репрессиянын курмандыктары: КГБ архивин ачуунун маалы келдиби?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда советтик бийликтин репрессиялык машинасынын курмандыгы болгон адамдарды актоо иштерин жеңилдетүү, ал үчүн КГБнын архивин ачуу зарылдыгы тууралуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты.
КГБнын архивин ачуунун зарылдыгына репрессиянын курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угуунун жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн көп адамдар токтолду.
Алардын бири, КГБнын мурдакы кызматкери, “Ата-Бейиттин” сырын ачып, күнөөсүз атылган 37 адамды актоо ишинин башында турган Болот Абдракманов:
“Ата-Бейит” ачылгандан баштап активдүү иштеп атып, архивди изилдеп, он томдун ичине 20 миңге жакын репрессия болгон, кийин акталган жарандарыбыздын тизмесин киргиздим. Бирок, мен ачык айтып коеюн, дагы бизде акталбаган, учурунда сталиндик репрессияга дуушар болгон жарандардын аты чыга элек. КГБнын архтивин жүз пайыз ачып койгула деген талапты эч ким койбойт, бирок саясий репрессияга дуушар болгон иштерди кылдаттык менен карап, ачыла эле ысымдарды кайра актап чыгарганга биздин акыбыз бар”.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Репрессия темасын терең иликтеген тарыхчылар, журналисттер Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын саны 100 миңге чейин барат деп болжолдошууда. Бул совет бийлиги орногон алгачкы жылдардагы "кызыл террордун" (1918-1924) жана андан кийинки сталиндик саясий репрессиянын (1929-2953) курмандыктары.
“100 миң дегеним, Кыргызстандан Украинага көчүрүлгөн адамдар эле жети миң экен. Биз барган эки-үч үй-бүлөнүн небере чөбөрөлөрү калыптыр. Калгандары кыргыз экенин унутуп калышыптыр. Баргандардын 70 пайызы аба ырайыдан кайтыш болушкан. Суук учурда барышкан экен. Репрессия десе эле биз "Ата-Бейитти" элестетебиз да. Андай эмес. Алайда совет өкмөтүнө баш ийбей, отурукташпай койгон 180 адамды Оштон Анжиянга поезд менен алып баратканда төрт-бешөө качкан экен. Ошондо поездди токтотуп 180 бүт атып салышыптыр. Азыр алардын баары ошол документте эл душманы деп катталган",-дейт Каныбек Иманалиев.
Кыргызстандагы кандуу террордун курмандыктарынын акталгандары азыркы күндө төрт миң чамалуу гана адам. Калгандарына кезек жете элек же артынан түшкөн эч ким жок. Анын себеби актоо процессинин аябай машакаттуу экенинде.
“Азыр чоң атасын акташ үчүн небереси, эгер Аламүдүн районунда жашаса, ошол райондун КГБсына берет. КГБ борбордук комитетке берет, борбордук комитет макул десе комиссия түзөт. Комиссия түзгөндөн кийин генпрокурорго берет. Генпрокурор текшерип карап чыгат, чын эле небересиби, акысы барбы реабилитация сураганга. Макул десе сотко келет, райондук сотто бир күндө бүтпөйт, андан областтык сотко барат, анан Жогорку Сот актайт. Ушул убараны ким кыла алат? Эч ким барбайт буга. Тирүү адам акталгандай акталыш керек экен”,-дейт Каныбек.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Саясий, руханий документ"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коммунисттердин бийлиги кулап, СССР таркап, андагы республикалар, анын ичинде Кыргызстан эгемендик алганына отуз жылдан ашты. Постсоветтик кээ бир республикалар, мисалы, Россия, Украина, Грузия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр бейкүнөө камалып, атылып кеткен курмандыктарды актоо жагынан бир топ иш аткарып коюшту. Украинада 2018-жылы “1917-1991-жылдардагы коммунисттик тоталитардык режимдин репрессияларынын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Анда реабилитациялоо маселерин чечүүгө бир катар принциптүү жаңы ыкмалар каралган.
“Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө” Россиянын мыйзамы дээрлик 20 жолу, “Грузиянын жарандарын саясий репрессиянын курмандыктары катары таануу жана репрессияланган адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзамы бештен ашык ирет өзгөргөн.
Ал эми Өзбекстанда, Каныбек Иманалиев айткандай, президент Шавкат Мирзиёев “корбашыларды баатыр кылды”. Ал эми Кыргызстанда бул жагынан далай иш чети оюлбай турат. Ошондуктан Жогорку Кеңеште мурдагы чакырылыштагы бир катар депутаттар 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Анда актоо процесси жеңилдетилип, бардык ишти бир комиссия менен бүткөрүү каралган.
Реабилитациялоо боюнча комиссия архивдик материалдар менен иштөөгө изилдөөчү катары илимпоздорду, адистерди жана өкмөттүк эмес уюмдардын жогорку билими жана айрым иш тажрыйбасы бар өкүлдөрүн тартат. Комиссиянын изилдөөчүсүнө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын, архив иши жөнүндө жана жекече маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен бардык архивдик мекемелерде 1918-1953-жылдардагы мезгилдерге тиешелүү ар кандай архивдик материалдар менен тоскоолдуксуз таанышуу укугу берилет.
"Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөсүнө жана Комиссиянын изилдөөчүсүнө 1918-1953-жылдардагы окуялар жөнүндө архив фондуна жана саясий репрессиялардын курмандыктарынын тергөө иштеринин материалдарына жетүүдөн баш тартууга же чектөөгө жол берилбейт",-деп жазылган.
"Бул саясий, руханий документ. Алар кыргыз мамлекетинин атынан атылган, азыркы муун кечирип сурап кабыл алыш керек ушул мыйзамды",-дейт Каныбек Иманалиев.
Аталган мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна биринчи окууда киргизилген жатат.

Сүрөттүн булагы, J.BOTONOYEV
КГБнын архивин ачканга кыргыз коому даярбы?
Мына ушундай маанилүү милдет мойнунда турган азыркы кыргыз коомчулугун бир эле убакта оор суроого такаган жагдай бар. Себеби, саясий репрессиялардын архивин аңтарып, андагы чындыкты бүт элге алып чыгуунун этият боло турган жагы бар дейт эксперттер.
"Албетте, ниет жакшы. Өткөн тарыхка кайрылып, 1918-жылдан баштап кызыл террор, актардын террору, андан кийинки коллективдештирүү, индустриялаштыруу мезгилиндеги, репрессия апогейине жеткен 370-38-жылдардагы, согуш мезгилиндеги, согуштан кийинки жылдардагы репрессиянын курмандыктарын, репрессиянын өзүн түшүнүүгө, курмандыктарын аныктоого абдан жакшы демилге. Бирок архивди ачат деген жерине келгенде биз этияттык кылышыбыз керек. Атайын кызматтардын архиви ачылганда ким-кимге айгак болгону, ким кимди жамандаганы, ким кимди айдап кеткени ошону баары чыга баштайт. Ага биздин коомчулук канчалык деңгээлде даяр? Кыргыздын кеги кырк жылда. Бала-чакасы аралашып, куда сөөк болуп бүттү. Мисалы Төрөгелдинин тукумун, менин таяталарым болот, ар кандай берене менен ар кай жакка айдашкан, кулакка да тартышкан. Ошол кулакка тартылган адамдар Украинага барганда бир жылдан кийин койчусу келип атпайбы, аны да жан тарткан элемент деп айдашкан экен. Ошол айдагандар менен айдалгандар, айгак чыккандар беш атадан барып кошулуп атпайбы. Алар кантет? Мына ушунун баарын тең кылдаттык менен караш керек",-деди Би-Би-Сиге тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

Сүрөттүн булагы, gsin.gov.kg
































