"Өтө күтүүсүз болду. Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз". Ташиев отставкасы боюнча үн катты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы иштен алынгандан кийин үн катты. Анын кайрылуусу делген билдирүүнү Ташиевдин жакын адамдарынын бири деп эсептелген Нургазы Анаркулов 11-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем. Себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" - деп жазылган кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президенттин комментарийин айтып берди.

"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: "Эң биринчи кезекте Мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",-деп гана түшүндүрдү", - деди Аскат Алагозов.

Көп өтпөй, Аскат Алагозов кайра дагы бир жолу кененирек маалымат берди: "Президент Садыр Нургожоевич "...Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм".

Ташиевдин тарапташтарынын бири, журналист Өткүрбек Рахманов Би-Би-Сиге Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөнүн, кеткенине 2-3 күн болгонун айтты. Рахмановдун маалымдашынча, Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин уккан.