You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путин менен Трамп экинчи ирет телефондон сүйлөштү. Эмнелер тууралуу сөз болду?
Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери карай Владимир Путин менен экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Ал шайлоо алдында убада кылганындай Украинадагы согушту токтотуу боюнча өз планын ишке ашыруу аракетин улантууда.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кремль эмне деди?
Кремль билдиргендей, Путин менен Трамп "телефон аркылуу Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча кенен жана ачык-айкын пикир алышууларын улантышты". Алар мындан ары конфликтти жөнгө салуу боюнча аракеттерди уланта берүү ниеттерин ырасташты.
Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун аныктоо боюнча Трамп менен биргелешип аракет көрүүгө даярдыгын айтып, ошондой эле АКШ президентинин эки тарап тең (Орусия менен Украина) 30 күн бою энергетикалык инфраструктурага чабуулдарды токтотушу керек деген идеясын колдоп, аскерлерине ошондой буйрук бергенин билдирди.
"АКШ президентинин демилгесинин контексттинде 30 күндүк жарашууну киргизүүдө – орусиялык тарап бир катар маанилүү жагдайларды белгиледи. Ал негизинен баардык согуштук тилкелерде ок атышууну токтотуу мүмкүн болгон шартта аны көзөмөлдөө ишине байланышкан. Ошондой эле Украинадагы мажбурлап мобилизациялоо менен Украинанын куралдуу күчтөрүн кайрадан куралдандырбоо маселеси дагы камтылган",- деп жазылган билдирүүдө.
Путин ошондой эле 19-март күнү эки тарап тең 175тен туткунду алмаша тургандыгын Трампка айтып берди.
Кремлдин билдирүүсүндө "тараптар Украинаны жөнгө салуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү улантыла тургандыгын макулдашышканы" айтылат. Ушул максатта америкалык жана орусиялык эксперттик топ түзүлөт делет.
Ак үй эмне деди?
Ак үйдүн билдирүүсү кыйла эле кыска болду. Дал ошол сүйлөшүү болуп жаткан учурда АКШнын расмий өкүлү Дэн Скавино "баары жакшы жүрүп жатат" дегенине карабай, Ак үйдүн корутундулоочу билдирүүсүндө Украинадагы согуш темасына эки абзац арналды деп гана жазылган.
Алардын биринде мындай деп айтылган: "Лидерлер тынчтыкка карай кыймыл энергетика тармагына жана инфраструктураларга ок атпоо, ошондой эле Кара деңизде ок атышууну токтотуу, ок атышууну толук токтотуу жана туруктуу тынчтык жөнүндө техникалык сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашышты. Бул сүйлөшүүлөр токтоосуз Жакынкы Чыгышта башталат".
Ошондой эле Трамп менен Путин "стратегиялык куралдардын таралышын токтотуу зарылдыгын", Жакынкы Чыгыш "келечектеги конфликттерди токтотуу үчүн кызматташуунун потенциалдуу аймагы" жана Иран "Израилди жок кылып жибере турган кудуретке жетпеши керек" деген маселелерди талкуулашты.
Көп өтпөй Дональд Трамп өзүнүн Truth Social коомдук сайтында Путин менен байланышын сыпаттап жазды. Ал бул сүйлөшүүсүн "абдан жакшы жана абдан жемиштүү" деп мүнөздөдү. Трамп Путин менен энергетикалык обьектилерге ок атууну тезинен токтотуу боюнча макулдаштым деп эсептейт.
Зеленскийдин реакциясы
Путин менен Трамптын телефондук сүйлөшүүсүнөн бир нече саат өткөндөн кийин Украинанын президенти Володимир Зеленский эмне жөнүндө кеп жүргөнү тууралуу америкалык тараптан толук кабар күтүп жатканын билдирди.
Хельсинкиде иш сапар менен жүргөн Володимир Зеленский журналисттерге маек куруп, Орусиядагы энергетикалык инфраструктураларга чабуул жасоону токтотуу жөнүндө сунушту колдой турганын айтты. Бирок АКШ жана Орусия лидерлеринин сүйлөшүүсү тууралуу кеңири маалымат алууну каалап жатканын белгиледи.
"Президент Трамп менен сүйлөшсөк туура болот го деп ойлойм. Ошондо гана орусиялыктар америкалыктарга эмне сунуштаганын жана америкалыктар орусиялыктарга эмне сунуштаганын кененирээк биле алабыз", – деди Зеленский.
Кийинчерээк Зеленский Путин Трамп менен сүйлөшүү учурунда тынчтыкты орнотууга даяр экенин билдиргени менен Орусия Украинанын жарандык инфраструктурасына чабуул жасоону улантып жатканын кабарлады.
"Путин бүгүн ок атууну токтотуу сунушун дээрлик четке какты. Дүйнө коомчулугу Путиндин согушту создуктуруу аракетин четке какса туура болмок", – деди украин президенти.
Эки президенттин сүйлөшүүсү бир жарым саатка созулду.
АКШ президенти Путин менен сүйлөшөрдөн мурун журналисттерге Орусия менен Украинанын ортосундагы "айрым активдерди бөлүштүрүүнү" талкуулоону пландап жатканын айткан.
"Биз жер жөнүндө сүйлөшөбүз. Биз электростанциялар жөнүндө сүйлөшөбүз", – деген Трамп.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Путин менен сүйлөшүү учурунда Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы абал талкуулана турганын тастыктаган.
Кечээ кечке маал Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Украина боюнча тынчтык келишиминин көптөгөн элементтери орус лидери менен макулдашылганын жазды. Ал алдыда дагы көп иш жасалууга тийиш экенин кошумчалады.
Эки президенттин сүйлөшүүсүн Би-Би-Синин кабарчысы Елизавета Фохт талдайт
Ошентип, Владимир Путин менен Дональд Трамптын көптөн күткөн сүйлөшүүсү ишке ашты.
Кремль менен Ак үйдүн бир жарым сааттык сүйлөшүүсүнөн кийин жарыяланган билдирүүлөр маанилүү маалыматтарды камтыйт. Биринчи орунда, Орусия менен Украинанын энергетикалык инфраструктурага болгон өз ара чабуулдарын тезинен токтотуу келишими.
Мындай демилге согуш башталгандан бери бир нече жолу талкууланган, анын кээ бири Украинанын демилгеси менен болгон. Киев менен Москва бир нече жолу келишим түзүүгө жакындап калгандай көрүнгөн, бирок азырынча андай боло элек.
Трамп бул идеяны Путин менен сүйлөшүү алдында Украинанын президенти Володимир Зеленский менен дагы талкуулаганы белгисиз. Эгерде Киев аны колдосо, бул эң оболу эки жылдан бери электр жарыгы жана суусу үзгүлтүккө учураган Украинанын жашоочулары үчүн мааниси чоң болмок.
Дагы бир келишим 175-175 формуласы боюнча согуш туткундарын алмашуу жана оор жарадар болгон 23 жоокерди Украинага кайтаруу боюнча. Гуманитардык көз караштан алганда, бул маанилүү окуя. Бирок, калыстык үчүн, мындан да масштабдуураак алмашуулар Трамп Ак үйгө келгенге чейин деле болгон.
Сүйлөшүүнүн эң кызыктуу учуру, 30 күндүк тынчтыкты түзүү жөнүндөгү америкалык сунуштун тагдыры болду. Өткөн аптада Владимир Путин согуштук аракеттер токтогондон кийин каршы эместигин айткан, бирок ал бир катар шарттарды койгон.
Бир канча күндөн бери журналисттер жана аналитиктер бул шарттарга Ак үй макул болобу же Москвадан шарттарды жеңилдетүүнү талап кылабы деп талкуулап жатышкан. Себеби шарттардын арасында согуштук жардамдарды жана украиналык аскерди мобилизациялоону толук токтотуу талабы бар болчу. Азырынча, эки божомол тең боло элек.
Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин дагы эле украин армиясы Батыштын колдоосунан (анын ичинде чалгындоодон) толук баш тартышын талап кылууда. Ак үйдүн билдирүүлөрүндө Кошмо Штаттардын бул демилгени карап жатканы байкалбайт.
"Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин улантуу" үчүн лидерлер орусиялык жана америкалык эксперттик топторду түзүүнү макулдашты (Киев алардын ишине кандай катышары белгисиз). Иш жүзүндө бул эки нерсени билдирет. Биринчиден, жакынкы апталарда Украина боюнча дагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды көрүшүбүз мүмкүн. Экинчиден, азырынча Украинадагы чыр-чатакты тез арада токтотуу үчүн Трамптын гана каалоосу жетишсиз экенин көрүнүп турат.
*Орусия бийлиги Елизавету Фохтту "иноагент" реестрине киргизген. Би-Би-Си буга каршы жана бул чечимди жокко чыгаруу үчүн сотто күрөшөт.