ЖМК мыйзам долбоору. Журналисттердин сунушу "cуу кечпей" калдыбы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбооруна карата журналисттердин сунуштары эске алынбай калганына нааразылык болууда. Аталган документти президенттик администрация иштеп чыкты.
Жумушчу топтун талкуусунан өттү деп президенттин командасы бул мыйзам долбоорун 15-майда коомдук талкууга алып чыккан эле.
26-майда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциялык кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал тууралуу талкуу өткөрдү.
Анда "Медиа полиси институту" уюмунун юристи Нурбек Сыдыков ЖМК тууралуу мыйзам долбоору азыркы редакция менен кабыл алынса, "сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин" айтты.
Ал жумушчу топ 7-декабрдан 16-майга чейин үч гана жолугушууга чогулганын, жыйынтыгында берилген сунуш-пикирлер кирбегенин, башка нормалар чыгып калганын белгиледи.
Өлкөдөгү журналисттер коомчулугу да бул долбоор сөз эркиндигин чектейт деп тынчсызданып, буга чейин президент Садыр Жапаровго кайрылышкан:
"Жумушчу топтун башчысынын көпчүлүк алдында берген милдеттенмеси боюнча президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Укушов мырзаны “ЖМК тууралуу” мыйзам долбоорун, мыйзам долбоорунун корутундусун берүү үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүнү милдеттендирүүнү суранабыз. Мыйзам долбоорун мындан ары талкуулоо жана мыйзам долбоорун кабыл алуу процессин Венеция комиссиясы корутунду бергенге чейин коё туруу керек",- делет кайрылууда.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Кошумча тоскоолдуктар"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ЖМК тууралуу мыйзам долбоору алгач сунушталгандан бери беш жолу редакцияланды.
Тамара Валиева, ЖМК тууралуу мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун мүчөсү:
“Документте эң көп талаш жараткан маселе бул ЖМК каттоосу болууда. Бул тууралуу сунуштарыбыз эч эске алынбаптыр. Документ менен интернетте иш алып барган басылмалардын баарын жалпыга маалымдоо каражаттарына теңегени жатышат. Мисалы, 24.kg, "Kaktus", "Политклиника" өңдүү сайттар тууралуу сөз болуп жатат. Алар ЖМК катары катталып, бирок каттоодон өтүш үчүн толгон-токой документтерди көрсөтүшү керек. Мисалы, бул басылмалар жаңылыктардын географиялык жактан таратылышынан бери далилдерди келтирүүгө мажбур болушат. Канчалаган сунуш берилбесин, документтин ичиндеги бул талап башында кандай болсо, ошондой калыптыр. Оңдолду-толукталды дешет, бирок долбоордун акыркы вариантында талаптар кайра катаалданып кетиптир”.
Долбоордо ЖМКларды каттоо жөнүндө арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилери жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тармактык ЖМК катары каттоодон өтүшү керек.
ЖМК тууралуу жаңы мыйзам 28-сентябрда коомдук талкууга коюлуп, негиздемеде 1992-жылы эле кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскирди деген жүйө айтылган.
Бул талаштуу мыйзам долбооруна журналисттер башынан эле каршы чыгып, талкуулардан кийин кыргыз бийлиги жумушчу топ түзүп, андан соң документти Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүүгө ынанган эле.

Сүрөттүн булагы, Internews
“Сунуштарыбызды берип эле аттык, кат да жолдоп жаттык. Бирок такыр эле капарга албай коюшту. Биздин сунуштарды эске алдыңарбы деп сурап жаттык. Бирок дым деп да коюшкан жок. Алты айдын ичинде жумушчу топ эки эле жолу чогулду. Бизге мындай мыйзамдын кереги деле жок болчу. Мында бир эле максат – сөз эркиндигин басуу болуп жатат окшойт. Чөнтөк ЖМК кылып, бийликти сындабагыдай кылалы деген ой бар окшойт. Бул үчүн журналисттерге кошумча тоскоолдуктарды киргизип жатышат”,- деген журналист Семетей Аманбеков.
Сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору боюнча интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынат. ЖМК ээси деген институт киргизилет. Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызмат деп айтылат. Андыктан ЖМК ээсинин редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ЖМК уставында да бекитилет.
Чет элдик жарандарга ЖМК негиздөө укугу берилбейт. Цензура болбойт, бирок гезит бетине, ТВ жана радиого эмнеге чыгып жатканына коомдук көзөмөл орношу керек, деп айтылат документте. Мындан сырткары, журналисттик иликтөөдө колдонулчу айрым ыкмаларга тыюу салынып, эркин медиалардын ишин мажбурлап токтотуу бир кыйла жеңилдетилген.
“Жумушчу топто экиге бөлүнүп калдык. Президенттик администрация жана медиатармак болуп, болбосо жумушчу топ чогуу иштеп, бир тыянак, жыйынтыкка келишибиз керек эле. Бирок пинг-понг болуп атты. Медиа өкүлдөрү веб-сайттардын баары катталуусу мүмкүн эмес деп жатышат, себеби бизде сайттар толтура, анын баарын каттоого Юстиция министрлигинин чамасы жетпейт. Андыктан биз ЖМК болуш үчүн веб-сайттарга кандай так талаптар бар сурап жатабыз. Кайра катталуунун жол-жобосун такташ керек. ЖМК күбөлүгүн жокко чыгаруу укугу да бул министрликке берилгени жатат. Министрлик муну соттун чечими жок эле ишке ашыра алат”,- деди "Медиа полиси" институтунун юристи Нурбек Сыдыков.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, жумушчу топтун башчысы Мурат Укушев журналисттердин сынына карата комментарий берүүдөн баш тартты.

Сүрөттүн булагы, Official
"Концептуалдуу сунуштар"
Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев мындай дооматтарга жумушчу топтун сунуштары эске алынды деп жооп берген:
“Сунуштар түштү, биз аларды карап чыгып 80% ашыгын эске алдык. Президенттик администрация кийинки түшкөн сунуштардын да бир тобуна макул болоюн деп атат. Мисалы, буга чейин блогерлер тууралуу беренелер кирип калды эле. Тиги тараптан сунуш чыккандан кийин ал беренени биз алып койдук. Чоң концептуалдуу сунуштарды эске алып эле жатабыз”.
Бирок Айылчиев мындай мазмундагы сөзүнөн кийин жумушчу топтун соңку жыйынында журналисттер ага нааразылык ирээт жыйындан жапырт чыгып кетишти.
Өлкөдө иш алып барган “Адилет” укуктук клиникасы да бул мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасаган.
“Кайра каттоо жараянынан өтүүгө эки ай гана убакыт берилет. Эске ала турган жагдай, ЖМКны каттоо тууралуу арыздарды караганга жана тийиштүү чечимди чыгарганга Юстиция министрлигине бир айлык мөөнөт берилет. Мындай кыска мөөнөт жана киргизилип жаткан бир топ жаңы укуктук талаптар сөз эркиндигинин жана ЖМК эркиндигинин эл аралык жана конституциялык стандарттарынан мыйзамсыз чегинүүлөрдүн белгилерин камтыйт”.
“Адилеттин” юристтери бул мыйзам долбоордун айрым беренелери көз карандысыз ЖМКнын ишмердигине коркунуч келтирерин да белгилешет. Себеби, документ менен мамлекеттик органдарга ЖМК ишмердигине кийлигишүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылганы жатат.

Сүрөттүн булагы, Kloop
“Бүт көчүрүп алышкандай"
Медиаобмудсмен Акмат Алагушев талаштуу мыйзам долбоорунун авторлору аны Россиянын мыйзамынан көчүрүп алгандай таасир калтырып жатканын буга чейин Би-Би-Сиге билдирген эле.
“Бүт көчүрүп алышкандай. Бул мыйзамдын кереги деле жок болчу. Былтыр мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкештиги боюнча инвентаризация өткөн. Ошондо адистер ушул мыйзамды жана башка ЖМКга тийиштүү бардык мыйзамдарды карап чыгып, аларга эч кандай өзгөртүүлөрдүн кереги жок деген бүтүмгө келишкен. Бир жылдан кийин президенттик администрация эмнеге мындай сунушту көтөрүп жатканы такыр эле түшүнүксүз болуп жатат”.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен салыштырмалуу эркин ЖМК жана күчтүү жарандык коому менен айырмаланат. Бирок соңку кезде өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөгөнү тууралуу айтылып жатат.
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму жакында басма сөз эркиндигинин абалынын индексин жарыялады. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашты. Анын алдында өлкөдөгү алдыңкы медиалардын бири “Азаттыктын” сайты сот тарабынан бөгөттөлүп, өлкөдө бир катар саясатчылар жана блогерлер камалган.
Жакында эле Жогорку Кеңеште Конституциянын 30 жылдык мааракесине арналган жыйын өтүп, анда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги бир катар өлкөлөрдө жок экенин айтты.
"Бизге оң-терс, ылайыгы келсе дагы, келбесе дагы ачуу-таттуу сөздөрдү айтып жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө, керек болсо коңшу өлкөлөрдө, аймакта бул нерсе жок. Бирок маселе биз сөз эркиндигин кандай пайдаланып жатканыбызда. Сүйлөнгөн сөздүн жоопкерчилигин ойлонуп жатабызбы? Парламентти дагы бүгүнкү күндө сындап жатышат. Парламентте эркиндик, демократия жок дегендер да бар. Мен айтат элем, ушул жерде каалагандай сүйлөп, каалагандай сындап атышат",- деди Шакиев.
Ошол эле убакта сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк индекстерде Кыргызстандын орду төмөндөп бара жатат.



























