You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Автобизнес: Орусиянын жаңы токтому ишкерлерди куру жалак калтырабы?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Орусия ушу жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстан менен Казакстандан келген автоунааларды ташып киргизүүнү чектейт. Бул тууралуу 2-февралда Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында маалым болгонун Экономика министрлиги Би-Би-Сиге билдирди. Бул транспорт катары кирип чыгууга тиешеси жок.
Азыркы тапта Кыргызстандан аптасына болжол менен 1200гө чукул унаа Орусияга жөнөтүлөт. Мындан улам ал унааларды бажылык тариздөөдөн өлкө бюджетине оңой эмес киреше түшөт.
Орусиянын бул жаңы токтому кыргызстандык ишкерлерди ойго салып, экономикага олчойгон акча түшпөй калары белгилүү болуп турат. Муну Экономика министрлиги дагы ырастады.
Автобизнес кандай жүрөт?
Орусия Украинага аскерий кол салгандан кийин белгилүү автобренддер орус аймагынан чыгып кетишкен. Туш-туштан коюлган санкция, орусиялыктарды Кытай, Япония, Корея жана Европа өлкөлөрүнөн унааларды түз алганга бөгөт койгон. Бирок, буга карабастан орусиялыктардын автоунаага болгон талабы төмөндөгөн жок.
Акыркы эки жылдан бери орусиялыктар үчүн Борбор Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстан аркылуу унаа алуу ыңгайлуу болуп калды.
Орусиялыктар автоунааны жогорудагы өлкөлөрдөн түз буйрутма кылышат же болбосо кыргызстандык адистер аркылуу издеп табышат. Бул үчүн өзүнчө акы төлөнүп берилет. Кыргызстанда азыр болжол менен мындай кызмат көрсөткөн жүзгө чукул чакан жана онго жакын ири компаниялар бар.
Автоунаа өлкөгө келген соң ал Кыргызстандын жаранына расмий түрдө катталат дагы, андан соң Орусиядагы чыныгы ээсине жөнөтүлөт. Орто жолдо кыргыз бюджетине бажы төлөмү калат.
Мындай жумуш менен акыркы эки жылдан бери алектенип жүргөн Максим (аты өзгөртүлдү), бул орусиялыктарга санкциядан буйтап өтүү үчүн эле эмес дейт.
“Бул ыкма - орусиялыктар үчүн ыңгайлуу деп эсептейм. Себеби, бажы төлөмдөрү Кыргызстанда Орусияга салыштырмалуу абдан эле төмөн. Кыргызстан бирдиктүү бажы союзуна дагы кирет. Ошон үчүн дагы Кыргызстан аркылуу көп машина жөнөтүлүп жатат. Биз автоунааларды буйрутма бергендерге түз жеткиребиз”, - деди Максим.
Максим Кыргызстанга Орусияда мобилизация башталганда келген. Ошондон бери Кыргызстанда автобизнес менен алектенип жүрөт. Ал автоунаа боюнча күнүнө 100-150 кардар телефон чаларын, буйрутманын көлөмү улам сайын өсүп жатканын дагы кошумчалды.
Унаалардын эң төмөн баасы 16-18 миң доллар болсо, эң жогорку баа 70-80 миң долларга чейин жетет. Адистер Кытай өзүнүн азыркы учурда бренд болуп жаткан автоунааларын Европага чыгарууну көздөп жатканын айтышууда. Ошондуктан, мындай ууналар азырынча орусиялыктар үчүн жеткиликсиз бойдон кала берет.
Бул Орусия үчүн кошумча акча булакпы?
Орусия реэкспорт боюнча киргизип жаткан жаңы талабынын бирден-бир себеби, өлкө бюджетине кошумча каражат тартуу деп боолголоп жаткандар дагы бар.
“Бажылык тариздөөнү 30-40 пайызга көбөйтөт. Эң ылдый дегенде 20-23%, эң өйдө дегенде 40%. Кайра иштетүү, чогултуу төлөмүн киргизиптир. Кыргызстанда дагы батареясы бар автоунааларга ушундай төлөм киргизилгени жатат. Мындай төлөм менен кошо баа мурдагыдан 40% чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мисалы, Орусия жараны бир унааны он миң долларга алса, бажы акысы менен 16-17 миң доллар болуп калат да. Муну менен Орусия өзүнө кошумча салык булагын түзүп берип жатат. Элдер унаага аябай кымбат төлөп калат. Кайсы бир учурда Кыргызстан аркылуу машина алгандар болобу же Орусиянын өзүндө машина алгандар болобу, баары бир көп акча төлөшөт да”, - деди эксперт Искендер Шаршеев.
Бул жаңы токтом машина алууну каалагандарды дагы азайтышы мүмкүн. Ошол эле учурда автоишкерлерге чоң сокку берерин адистер сезип турушат. Себеби, акыркы эки жылда автобизнес өлкөдө болуп көрбөгөндөй күч алганы байкалууда. Кытай, Европа өлкөлөрүнүн ишкерлери Кыргызстандан улам сайын автосалондорду ачып жатканы маалым.
“Ортодон ишкерлер жакшы нан таап жеп жатышат. Кытайдан Кыргызстанга келип, кайра Казакстан аркылуу чыгарып кеткен унаалар өтө көп. Бул жагынан алып караганда Кыргызстан элибиз үчүн өтө чоң пайдасы бар. Көп ишкерлер бутка турганын көрүп жатабыз. Чоң компаниялар келип, өкүлчүлүктөрүн ачып иштеп жатышат. Реэкспорт Кыргызстандан көтөрүлүп жаткан маалда, Орусиянын жаңы кабыл ала турчу токтому жакшы эмес жаңылык болуп турат. Анткени, көп каражат түшпөй калышы мүмкүн. Бирок, Кыргызстан ичинде унаанын баасы арзандап, элибиз үчүн ыңгайлуу болуп калышы мүмкүн”,- деди активист, автоэксперт Эртай Искаков.
Ишкерлерди чочутуп, кабатырга салып турган бул жагдай боюнча Экономика министрлигинин бажы саясат бөлүмүнүн башчысы Руслан Тыналиев төмөнкүлөрдү билдирди.
“1-апрелден тарта Кыргызстандан Орусияга автоунаалар импорттолбой калгандыктан бюджетке каражат толбой каларына тобокелдик бар. ЕАЭК алкагында бул маселени чечүү үчүн жумуштар жүрүп жатат. Биз түшүнүшүбүз керек, кайра иштетүү, чогултуу төлөмү Орусиянын ички иши. Биз ага эч кандай таасир эте албайбыз. Ал эми тобокелдиктердин үстүнөн иштеп жатабыз”, - деди Тыналиев.
Бирок, адис кандай иштер жүрүп жатканын так айткан жок. Ошондой эле маселени чечүү жолдору дагы азырынча белгилүү боло элек. Тек гана бул жаатта азыр жыйындар өтүп, талкуу жүрүп жатканын айтты.
Тобокелдиктер боюнча депутат Дастан Бекешев 12-февралда өткөн комитет жыйынында Бажы кызматынын башчысына дагы кайрылган.
“Билесизби, авторынокто азыр кандай паника болуп жатат? Орусия Кыргызстан менен паралелдүү импортко тыюу салганы жатат. Мындай чектөөлөр кайсы унааларга, кайсы учурдан тарта кирет түшүндүрмө бериңизчи. Бул тууралуу жарандар кабардар болушу керек да. Базарда баа түшөт. Эң башкы суроо - Кыргызстанга акча түшпөй калат. Бул кандайча? Бир өлкөгө ЕАЭБдин эрежеси иштейт, а бир өлкөгө иштебейт. Ушул тууралуу кагаз жүзүндө түшүндүрмө бергилечи. ЕАЭБдеги башка өлөлөргө дагы ушундай чараларды киргизе алабызбы?” , - деп суроо салган Дастан Бекешов.
Бул суроого Бажы кызматы азырынча жооп бере электигин дептутат Би-Би-Сиге билдирди.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылы Кыргызстанга 184 миңден ашуун жеңил унаа импорттолгон. Анын 87 миңден ашуунун Кыргызстан кайра Орусияга экспорттогон. Унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай жана Түштүк Кореядан келет.
Бажы кызматынын 2023-жылдагы жыйынтыгына ылайык, бажы төлөмдөрдөн өлкө бюджети 111,5 млрд сомго толукталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 37 млрд сомдон көп чогулган. Мындай жогорку көрсөткүч тарыхта биринчи жолу катталганын Бажы кызматы билдирген.
Бажы төлөмдүн баасы машинанын чыккан жылы, түрүнө жараша 2000-3000 долларга чейин түзөт.