Н. Шайлдабекова: Жобо өзгөрбөсө деле мандат аялга берилмек

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгат деп жаткан чакта гендер маселесинен улам мандат чуусу чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чечим мыйзамга ылайык десе экинчи тарап мыйзам атайын эле бир адам үчүн өзгөртүлдү деп күмөн саноодо. Айрымдар бул 7-чакырылыштагы мандат талаштын башталышы эле деп болжоп жатат.

Би-Би-Си БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Жанар Акаевди кепке тарты.

Маекти адегенде боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен баштап, андан соң саясачы Жанар Акаев менен уланттык.

7 мандатты бөлүштүрүүдөн чыккан чуу...

Н. Шайлдабекова: КРнын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык ал жерде 64-берене бар. Ошол беренеге ылайык мандатарды бөлүштүрүүдө, ар бир партия алган мандаттардын 30 пайыздан кем эмеси аялдар арасында бөлүштүрүлөт деген норма бар. Эгерде партия 7 мандат алса анын 30 пайыздан кем эмеси бул 3 мандат. Альянс партиясы 7 мандат алып ушул мыйзамдын негизинде анын үчөө аялдар арасында бөлүштүрүлүшү керек.

Би-Би-Си: Бул өтө шашылыш, 15-декабрда өзгөртүлдү деген маалыматтын чын-бышыгы кандай?

Н. Шайлдабекова: Чындыкка дал келбейт. Мыйзам 27-августта күчүнө кирген. Бул конституциялык мыйзам. Ага ылайык, мыйзамды ишке ашыруу үчүн биздин нормативдик ченемдик укук актылары кабыл алынат. Ошол 15-ноябрда кабыл алынган жободо эсеп туура эмес болуп, жетиге эки деп жазылып калыптыр. Бул жөн гана ката деп мен Жанар Акаевдин өзүнө дагы айтып бергем. Баары бир ушул жобо өзгөрбөгөн учурда дагы, биз мыйзамга ылайык үч мандатты аялдарга беришибиз керек болчу.

Би-Би-Си: 13-декабрда, 15-декабрда чукул өзгөртүлдү деген чындыкка коошпойбу?

Н. Шайлдабекова: Биздин жобо өзгөрдү. Анткени жобо Конституциялык мыйзамга ылайык келтирилиши керек болчу. Жободо эсеп туура эмес жарыяланып калыптыр. Биздин кызматкер жетинин 30 пайызы эки деп жазып коюптур. Ошол өзгөртүлө электе Жанар Акаевдин өзүнө дагы түшүндүрүп бергем. Жанар, бул ката, өзүңөр билгендей кандай болбосун конституциялык мыйзам жогору турат, деп айткам. Конституциялык мыйзамда болсо жетиге үч деп турат. Андан сырткары биз мурда жергилктүү кеңешке шайлоо өткөргөндө ушундай эле норма боюнча 30 пайыздан кем эмес мандаттар аялдар үчүн резервге алынган. Ал жерде мыйзамдын өзүндө кеңири жазылган. Бир мандат, эки мандат жети мандатка үч мандат деп. Бул жобого дагы ошондой эле жазылышы керек болчу. Ал жобого жазылбаса деле биз конституциялык мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүп жатабыз да. Түшүндүрсөм, алар чайкоочулук кылып жатат деп эсептейм.

БШК менен талапкердин эки башка эсеби...

Би-Би-Си: Жанар Акаев математикалык эсеп боюнча деле бул одоно ката, 2.6, 2.7 болсо бир жөн, бул жерде 2.1 эле болуп жатат деген жүйөсүн келтирүүдө...

Н. Шайлдабекова: Жок, ал жерде жетини үчкө бөлбөш керек да. Мыйзамда жетинин үчтөн бир бөлүгү деп же башкача жазылган жок. Мыйзамда отуз пайыздан кем эмес деп турат да. Бирок бул норманы ошол Алтынбек Сулайманов, ошол партиянын талапкерлери, лидерлери өздөрү киргизишкен. Бүгүн ушундай чайкоочулук кылып, алдап, коомчулукту адаштыруу саясатчыларды “кооздоп” жибербейт.

Би-Би-Си: Эгер мыйзамдуу десеңиз сиздердин жообуңуздар эми коомду ынандыра алат деп ойлойсузбу?

Н. Шайлдабекова: Мен жарандык уюмдар дагы ушул позицияда турушат деп ойлойм. Анткени бул 30 пайыздык квотаны, преференцияны киргизиип бергиле деп парламентте талкуу болгон. Анда преференция болсунбу же бекитилген тизме болсунбу деген учурда бекитилген тизме дегендер квота так бектилет жана ал сакталганы менен жакшы деген. Преференцияны жактагандар бул система прогрессивдүү, квотаны болсо камсыз кылабыз, андан дагы жакшы кылабыз деп айтышкан. Буга негизги демилгечилердин бири так ошол Жанар Акаев болгон.

Би-Би-Си: Эсептөө туура эмес жазылып калган, аны Жанар Акаевдин өзүнө дагы айткам деп калбадыңызбы. Аны ушул талаш чыкканга чейин айткансызбы же талаш учурунда айттыңызбы? .

Н. Шайлдабекова: Ал бул жерде эки болобу же үчпү деп сурады. Мен биздин жободо туура эмес эсеп болуп калыптыр, биз аны өзгөртөбүз деп айткам. Бул талашка чейин.

Би-Би-Си: Ката кеткен экен деп жатасыз. Ошол ката кетирген адиске чара көрүлөбү, эми эмне болот?

Н. Шайлдабекова: Билесиздерби, ошол эле адис ушундай туура эмес жарыяланып калыптыр, конституциялык мыйзамга ушул жери туура келбей жатат, келгиле шайкеш келтирели деп демилге кылган. Андан кийин коомдук уюмдар дагы бул жерде мындай кылабызбы же кандай кылабыз же мыйзам боюнчабы деп кайрылышты. Албетте, мыйзам боюнча, биз токтомго өзгөртүү киргизебиз деп кесиптештер менен дагы талкууладык. Анан сан менен эмес, мыйзам боюнча пайыз менен алабыз деп бир чечимге келдик.

Жанар Акаев эмне дейт?

Саясатчы бул боюнча өз пикирин кооомдук сайттагы баркачаларына жарыялагандан сырткары ал айткандарын Би-Би-Сиге да чечмелеп берди. Сотко кайрылышканын, соттун чечимин күтөрүн кошумчалады. Ал чукул өзгөртүүнү кескин сындап жатат.

Жанар Акаев: БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШКнын мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун!

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам-дубай айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү. Бир гана "Альянска", анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы? Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш.

Атай Бейшенбек: Бул мандат чуусунун башталышы гана...

Парламенттик шайлоого башынан тарта көз салып, талдап келе жаткандардын бири жарандык активист Атай Бейшенбек. Ал мандатка байланышкан чырлар эми гана башталды, мындан ары мандат талаш дагы далай болот дейт. Анын айтымына караганда парламентте коалициянын ролун кайсы бир деңгээлде эми депутаттык топтор алат.

Ошондо кайсы депутаттын бийлик же опозицияга карата мамилесине карап мандат маселеси тескелет, дейт активист. Ал ошондой эле мындай жараяндан бир манадаттуу округадардан келген депутаттар дагы четте калбайт деп жатат. Айтымына карганда, мандатын алып, бирок, кийин андан кол жуугандар далай эле болот.

Кыргызстанда өткөн сонку парламенттик шайлоо добуштарды эсептөө маселеси кызуу талкуу, талаш-тартыштарга жем таштады. Ал тургай шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен чыккандар дагы болду. Бирок, БШК талашка жем таштаган себептердин баары жыйынтыкка таасир эте албаганын, шайлоо таза өткөнүн айтууда. Деген менен БШКнын азыркы курамын толугу менен кызматтан кетирүү талабын айткандар БШК бул жолку эле эмес, мурдагы шайлоолорду дагы бурмалаган деп айыптап келет.

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дээрлик маалым болуп калганы менен толук, расмий жыйынтыгы 18-декабрда жарыяланат.