You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кандан-бектен кайра тартпаган Кадыракун Базарбаев
Кубат Чекиров Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда совет заманындагы партиялык ишмерлердин ичинен көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да ысымы эл оозунда легенда болуп калган экинин бири Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдык мааракеси Нарын шаарында жана туулуп өскөн айылы Миң-Булакта белгиленүүдө. Кара-Кулжа жана Талас райондорунда жетекчи болуп турган убакта аны менен чогуу үзөңгүлөш иштеген партиялык жана чарбалык ишмер Кеңешбек Касымбековду кепке тарттык.
Мал чарбасынын устаты
К. Касымбеков: Базарбаевдин, мен билгенден, бир топ артыкчылык сапаттары бар болчу. Эл баалап, эл айтып жүргөн биринчи сапаты – адистиги, өзү ветврач. Айыл чарбасынын, мал чарбасынын устаты болчу. Ал баргыча Кара-Кулжа районунда малчылардын турмушу начар эле, өлүм-житим көп болчу малда. Базарбаев барганда ошол маселени чечишке үч шарт койду: биринчи, тубар койлордун башын көбөйтөбүз деди. Экинчи, тубар койлорго кашар салабыз деди; үчүнчүсү, тубар койлорду баккан малчылардын турмуш-акыбалына өзгөчө көңүл бурулат деди.
Мына ушул үч маселени чечиш үчүн “Кана, канча баш тубар коюң бар? Канча кашар жетпейт?” – деп ар бир колхозго райондук мекеме-уюмдар үчтөн-төрттөн кашарларды салып беришти ашар жолу менен. Райком: “Мен шыйпырын таап берейин, мен курулуш материалдарынан жыгачын табып берейин, а калган дубал, тиги-булардын баардыгын райондук мекеме уюмдар, шефке алгандар берсин” деди. Мен жетектеген райондук оорукана ошондо беш кашар куруп бердик. Ошол кашардын размерине чейин берип бизге, “родилка” деп койлор тууй турган өзүнчө бөлмө, анан козулар кичине тириккенден кийин тура турган өзүнчө бөлмөлөр жасалды.
Экинчиси, колхоздор өмүрүндө малга мынчалык жем алган эмеспиз деп аябай сүйүндү, эл ушундай көтөрүлдү. Бул кишинин республиканын мампланын башкарып турган Тыналиев Карыбек менен байланышы жакшы экен. Эмнегедир эл Базарбаевдин айтканын ээрчиди, түп көтөрүлө иштеди. 1972-1978-жылдары биринчи секретарь болуп башкарды, алты жыл катары менен ар бир 100 тубар койдон 102ден козу алып жатты. Бийик тоолуу райондо мындай көрсөткүч эч жерде жок болгон. Тубар койдун башы алты жылдын ичинде 40 миңге өстү. Эгиз туулган козулардын уургачыларын өзүнчө бөлүп бактыртты. Көрсө, эгиз козулар кийин дагы эгиз тууйт экен да. Ошентип облуста алты жыл өтмө кызыл тууну берген жок.
Би-Би-Си: Ал убакта буйрукчул экономика эле да, жогору жактан эмне айтылса, эмне тапшырма коюлса кыңк этпей аткарыш керек эле да. Башка райондордо деле ошондой тартип-талап болгон да?
К. Касымбеков: Ошол талапка Базарбаев баш ийбей койду да. Кыргыз кылчык жүндүү койлорду Алайдан алып келип, мериносторду жок кылабыз деди Ботбаев деген Усубалиевдин жакын кишилери. Усубалиев менен макулдаштым, ушул Алай кылчык жүндүү койлору тоо шартында бакканга жакшы , козулары өлбөйт, тиги-бу десе: “Аны мен өзүм билем, сен Алайын менен иштей бер” - деп болбой койду.
Кийин борбордук комитетке чакырганда дагы болбой койду: “Биздин шартыбызда мериностон артык мал жок, меринос койду эле өстүрөбүз” деп. Өзүнүн айтканын берчү эмес, кандан-бектен кайра тартпаган мүнөздөгү киши болчу. Өзүнө максат коюп, өзүнүн көздөгөн ишин аткара билчү. Бирөөнүн буйругу менен, облком айтып жатат, ЦК айтып жатат деп, бул ишти кылалы деп айтканын уккан жокпуз. Мал чарбасын өзү тейлейт, айыл чарбасын өзү тейлейт. Бул киши айыл чарба өндүрүшүн эле эмес, маданият, ден соолук, билим берүү тармагын да кошо көтөрдү. Мектептер, ооруканалар салына баштады. Эл ушуга көтөрүлүп, шыктанып, эмне десе ошону аткармай болуп калды.
Алайкуудагы аткарылган иштер өзүнчө чоң сөз. Алайкуу Кара-Кулжадан 100 км ары жакта. Ал жакка бир убакта машина да барчу эмес. Мен башкы дарыгер болуп иштеп жатканда машина каттачу эмес. Самолет менен каттачубуз Оштон Алай-Кууга. Базарбаев баргандан кийин Кара-Кулжада Капчыгай деп коет, ошол Капчыгайдан Алайкууга чейинки жолду оңдотом деп планга киргизди. Госпланга келип сүйлөшүп, тааныштары бар, Кочкордо биринчи секретарь болуп жүргөндөн бери, айткан сөзүн бияктагылар дагы колдоп, Алайкууга жол сала баштадык.
Алайкууда Чалмадан нары свет жок болчу. Тоолуктардын Базарбаевге ыраазычылыгы - жол менен светти, телевизорду Алайкууга алып барды. Мындай ишти ар бир райком секретары кыла албайт. Ошондогу чабармандарынын бири мен болчумун. Алайкууда иштегенсиң, жолду сен салдырасың, телевизордун вышкасын койдурасың, ошол жакка электр жарыгын алып барасың деп, чоң-чоң иш чараларына өзү катышып, калгандарын мага дайындап, көп иштер бүткөрүлдү.
"Базарбай кашык, Базарбай калпак"
Би-Би-Си: Кара-Кулжа менен Алайкууда “Базарбай кашык”, “Базарбай вилка” деген сөз каяктан чыккан эле?
К. Касымбеков: Элдин турмушу оңоло баштады. Чабандарга мурда тубар койго бештен ашык өзүндүн малыңды кармабайсың деп койчу, а бул киши: “отуздан тубар кой кармагыла, жем-чөбүн мен таап берем” – деп чабандарга менчик койлорду кошо кармаганга уруксат берилди. Анан тубар койду багабыз дегендер дүргөп чыкты да.
Ошондо эки жактан текшерүүчүлөр келет, баягы чабандардын кашыгы жок, бычагы жок, тарелкасы жок, устукандарды нандын үстүнө коюп жешет. Бул киши бир күнү райпонун председателин чакырып алып: “Ар бир чабанга ондон чоң тарелка, ондон кичине тарелка, ондон чоң кашык, кичине кашык, вилка, ондон бычакты, анан экиден-үчтөн жакшы дасторкондорду, ондон кол аарчый турган сүргүлөрдү жеткиресиң” – деп тапшырма берди. Ошентип, айткандын баарын ар бир чабандын үйүнө райпотребсоюз алып барып берди. Анан колхоздун башкармалары акчасын баягы чабандардын эсебинен төлөп берди. Ошентип, “Базарбайдын бычагы”, “Базарбайдын калпагы” деген чыккан.
"Базарбайдын калпагы" деген демилгенин жайы, ошондо баардык кыргызмын дегендердин баары калпак кийесинер деди. Орустар дагы калпак кийе баштады. Райкомдун экинчи секретарлары орустар эмес беле, бөлүм башчылар, алар дагы калпак кийип баштады. “Базарбаевдин бычагы”, “Базарбаевдин калпагы” деген сөз ошондон чыккан.
Би-Би-Си: Өзгөндөгү бир ишканага заказ берип, калпак, чепкен тиктирип, айылдарга жеткиртип таратып, кыргыз маданиятын көтөрүп пропаганда кылганын азыркыга чейин мактап айтышат экен.
К. Касымбеков: Адегенде быт комбинатка кыргыздын калпагын, улуттук кийимдерин жакшылап жасай турган ишкер аялдарды топтоду. “Кыргыздын жакшынакай калпактарын жасагыла, мен көрөм” - деди. Ар бир аял өзүнүн өнөрүн көрсөтүп, ошондой калпактан быт комбинат абдан көп жасады. Аялдардын ак жоолуктарын, чырмыйларды, чепкендерди, коноктор келгенде кийгизебиз деп көп жасашты. Айылдагы аксакалдарды бир жолу жаңы жылдын алдында чакырып, район боюнча жүздөй киши чакырды го, чогулуш кылып, ошол жерде ар бир башкармага, жакшы чабандарга, колхозго, районго мыкты эмгеги сиңген аксакалдарга чапан-чепкен кийгизип, ошентип элдин көңүлүн аябай көтөрдү.
"Эшек мингенди токтоткула"
Би-Би-Си: Кийин Таласта да чогуу иштеп калыпсыздар, ал жактагы көзгө көрүнгөн эмгеги эмнеде болду?
К. Касымбеков: Талас району Кара-Кулжа районундай бийик тоолуу райондордун бири да. Базарбаев менден бир жыл мурун барып иштеди: “Мен келсем, мал чарбасынын акыбалы абдан артта калган деңгээлде экен” – деп айтты. Мал чарбасына көңүл буруп, ал жерге да кашарларды салдырып, ал жерге дагы мыкты кочкорлорду алдырып келтирди. Тоют базасы начар экен, 1700-2000 м бийиктикте эспарцет өспөйт, бир эле чабык экен. Бир чабык болбойт да, эспарцетти ылдый жакта үч-төрт чабышат. Ошондо тоют базасын өстүрөбүз деп кара беденин уругун алып келип септирип, тоют базасын көтөрдүк да.
Тоют базасы көтөрүлгөндөн кийин мал чарбасы жакшы өнүгө баштады. Төл жакшы болуп калды, эт планы аткарылды. Бийик тоолуу жерде сүт планы бар, бирок жүгөрү өспөйт, силос жок. Жакшы жем жебегенден кийин уйдан сүт каяктан чыгат? Эки-үч литрден сүт берет экен. Ошондо сүттүн планын, эттин планын көбөйтүп, бийик тоолуу райондогу элдин турмушун көтөргөнгө чоң өбөлгө болду да. Тай-Жорго деген бел бар, ошондон Талас шаарын көздөй чоң канал курула баштаган, ошону аягына чыгарды, “Кайырма” деген канал.
Би-Би-Си: “Базарбай калпак” демилгеси Таласта дагы кайталаныптыр деп да айтып жүрүшөт, ал жердегилер калпакты анчалык кийчү эмес беле?
К. Касымбеков: Ал убакта Талас шаары менен Талас району бир болчу. Талас шаарында орустар, кыргыздар көбүнчө чет жактарда. Кыргыздарды: “Эй, эшек минет экенсиңер, эшектерди токтоткула, эч качан кыргыз эшек минген эмес, өзбек туугандар минген, кожолор минген. Биз ат минишибиз керек. Аттын ээр токуму дагы начар экен, ээр токумду оңдогула, үзөңгүңөрдү оңдогула, аттын үзөңгү-жабдыктарын оңдоп, кыргызча ат мингиле, кыргызча кийим кийгиле”, –деп үндөп баштады. Ошондо экинчи секретары Олег деген болчу, эртеси ал да калпак кийип чыгып калыптыр, элдин баары каткырып күлдү. Ошентип ал жерде дагы Кара-Кулжадагы иштер улантылды, быт комбинатка кыргыздын кийимдерин заказ берди.
Бу киши кыргыздын байыркы салтын аябай колдоп, боз үйдү жанындай көрчү. Кара-Кулжада боз үйдү көбөйттү: “Боз үйгө жашагыла, чабандарды палаткадан көрбөйүн, кыргыздар палаткада жашаган эмес, боз үйдө жашайсыңар” – деп жүрдү.
Таластын жогорку зонасында бар болчу боз үй, ылдыйкы зонасында боз үйдү тиккенди дагы билбейт, уук, кереге дегенди дагы билишчү эмес, шаарга аралашып калган эл да. Бардык колхоз-совхоздорго, чабандарга деп чакан-чакан төрт канаттуу боз үйлөрдү жасатып, ошентип элдин маанайын көтөрдү. Кыргызча кийим кийгенден кыз-келиндер баардыгы сулуу болуп көрүнүп, эркектер дегеле укмуш, баягы кыргыздын жылкы минген жигиттери, мына эми кыргыз болдук дешип, абдан кубанышты.
Би-Би-Си: Элдин маданиятына жакшы көңүл бурган экен. Бирок айыл жеринде биринчи кезекте мектеп менен оорукана маанилүү эмеспи.
К. Касымбеков: Мектепке аябай көңүл бурчу, мугалимдерди тандоо, айрыкча директорлорду тандоого чоң көңүл бурчу. “Директор оңолмоюнча - мектеп оңолбойт, больницанын башкы дарыгери оңолбой, больница оңолбойт” – деп, өзү ар бирин кабыл алып, каякта иштедиң, каякта жүрдүң, кесибиң эмне, эмне жасай аласың, эмне планың бар деп тандачу.
Ошолордун баарын угуп алып, анан бюродо ушу ылайыктуу киши экен деп өзү бекитчү. Биз бюро мүчөлөрү ага чейин анын материалдарын тактап окуп, өзүбүздүн ой пикирди айтып, иштин кызыкчылыгына чечим кабыл алчубуз.
"Жакында партияң өзү тарайт"
Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын экинчи жарымында, кайра куруу башталган убакта мурдагы коммунисттик лидер Турдакун Усубалиевдин кадрларын тазалоо болуп, партиялык номенклатурадагы 28 жетекчи иштен алынып, компартиядан чыгарылат. Ошол кара тизменин ичинде Кыргызагроөнөржай комплексинде төраганын, айыл чарба министринин орун басары болуп турган Кадыракун Базарбаевди дагы кызматынан төмөндөтүп, артынан аңдуу салышып, кыйкым таап жатып, акыры кетиришет, партиядан чыгарышат.
Ошол убакта куугунтукка калган ишмерлердин бир тобу кайра арызданып жатып, иштери кайра каралып, партиядагы мүчөлүгүн калыбына келтиришет. Бирок Базарбаев лам деп ооз ачпайт, бир басып да барбайт. Биздин маектеш Кеңешбек Касымбековдун айтымында, ошондо анын себебин таңыркап сурагандарга Базарбаев камырабай туруп: "Ой жакында бул партияңардын өзү тарап жоголот, булардын түрүн карабайсыңарбы" деп карс-карс күлгөн экен.
Ошондон туура бир жарым жылдан кийин СССРде коммунисттик партия бийликтен кулап тарап кетет. "Саясий жагынан да абдан көрөгөчтүгүн көргөздү",-дейт Кеңеш Касымбеков.