"Америкага үй-бүлөсүн багам деп кеткен". АКШда кармалган кыргызстандык ким?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШда трак башкарып баратып, төрт кишин өлтүрө сүзүп алган кыргызстандык Бекжан Бейшекеев ICE тарабынан кармалып, камалганы белгилүү болду.

1995-жылы туулган Бекжан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын тургуну болгон. Анын классташтарынын Би-Би-Сиге билдиришинче, ал билимдүү, тарбиялуу болуп чоңойгон.

"Үйдүн кичүүсү, абдан жакшы жигит эле. Мектептин президенти болуп, кийин Улуттук гвардияда кызмат кылган. Кызматын өтөп бүтүп, милицияга жумушка орношуп лейтенант наамын алган. Кичинесинен чечкиндүү болчу. Эми үй-бүлөсүн багам деп Америкага кеткен да",-деди жакын досу Элдияр.

"Бекжан өзү абдан жакшы бала, кичипейил, эч кандай жаман ою жок. Жакшы үй-бүлөдө чоңойгон, тарбия көргөн бала. Ал сабактарын жакшы окуган, убагында мектептин поезиденти болуп жүргөн бала. Анын башына түшкөн бул кырсык, эч ким мындай акыбал менин башыма келбейт деп кепилдик бере албайт. Бул трагедия болуп жатат. Азыр классташтарыбыз менен сүйлөшүп, баарыбыз кайгырып, жаман болуп турабыз. Интернетте ар ким ар кандай оюн жазып жатат, менин айтарым, бул кырсык, бул сыноо. Бекжан бирөөгө атайын жамандык кыла турчу бала эмес. Мен бийлик өкүлдөрүнөн, биздин элчиликтерден ушул балага юридикалык жардам көрсөтүүсүн суранат элем. Бул анын үй-бүлөсү үчүн, керек болсо бүтүндөй өлкө үчүн трагедия болуп турат",-деди Бекжандын классташы Айпери.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төрт кишинин өлүмүнө айыпталган Бекжан Бейшекеев кыргыз жараны экенин ырастап, бул маселе Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экенин маалымдады.

"Бул маселе Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин жана Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө болуп, алар АКШнын компетенттүү органдары жана Б.Б. иштеген компания менен өз ара аракеттенүүдө. Ошондой эле бул окуяга байланыштуу зарыл чараларды көрүүдө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, жабыр тарткан жаранга тез сакайып кетүүнү тилейт", - деп айтылат маалыматта.

Мурдараак АКШда кыргызстандык жаран жүк ташуучу унаасы менен жүргүнчү ташыган автоунааны сүзүп алып, төрт адамдын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Кошмо Штаттардын Иммиграция жана бажы полициясы билдиргендей, 3-февралда кыргызстандык Бекжан Бейшекеев 18 дөңгөлөктүү трагын чукул буруп, каршы тараптан келаткан унааны сүзгөн. Жыйынтыгында экинчи унаадагы төрт америкалык - 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод каза тапкан.

Расмий маалыматта Бейшекеев АКШга Байдендин администрациясынын тушунда CBP One тиркемеси аркылуу киргени, Пенсильвания штатынын Транспорт департаментинен CDL айдоочулук күбөлүгүн алганы белгиленди. Азырынча Бейшекеевдин жакындары же адвокаттары менен байланыштуу мүмкүн боло элек.

Американын Ички коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, бул окуя 3-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө, Бейшекеев Индиана штатындагы State Route 67 көчөсү менен чыгышты көздөй баратканда болгон.

Трак ылдамдыгын жайлатып жиберген алдыдагы автоунаага жакындап, дароо токтой албай, каршы тилкеге чукул бурулган жана минивэнди сүзгөн.

Индиана штатынын полициясы бул кырсыкты иликтеп жатат.

Иммиграция жана бажы кызматы Бейшекеевди камакка алганын жана ал иммиграциялык процесстер аяктаганга чейин Форт-Уэйндеги ICE'тын кармоочу жайында болорун жазды.

Кырсык тууралуу маалыматты Ак үй да таратып, Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграция менен жөн жеринен күрөш жүргүзүп жатпаганын белгиледи.

"Бул алдын алса боло турган кайгылуу окуя президенттин массалык депортация саясатын улантуу жана "баш калкалоочу шаарлар" саясатын токтотуу зарылдыгын көрсөтөт", - деп айтылат Ак үйдүн социалдык тармактарда жарыяланган маалыматында.

Былтыр 26-сентябрда Американын Транспорт министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) алуу үчүн чет элдик жарандарга талапты күчөткөн. Министр Шон Даффи акыркы жарым жылда эле трактар катышкан кандуу үч кырсык катталганын, соңку чектөөлөр коомдун коопсуздугу үчүн кабыл алынганын айткан.

"Биздин өкмөттүк системабыз америкалык үй-бүлөлөрдүн жолдогу коопсуздугун сактоого багытталган. Бирок бул система бузулду. Мен өлкө боюнча чет элдиктерге берилген коммерциялык айдоочулук күбөлүк жөнүндө айтып жатам. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул 80 миң фунт (36 тонна) салмактагы ири жүк ташуучу унааны башкаруу үчүн чет элдик айдоочуларга берилген лицензиялар. Алар АКШнын жараны эмес, мыйзам чегинде туруктуу жашаган адамдар эмес. Бул лицензияларды берүү процесси 100 пайыз бузулган", - деген АКШнын транспорт министри Шон Даффи.

Жаңы чектөөгө ылайык, тракты АКШнын жараны, же грин-картанын ээси, же тийиштүү федералдык текшерүүлөрдөн өткөн белгилүү бир визанын түрлөрүнө ээ иммигрант гана айдай алат. Калган иммигранттарга коммерциялык айдоочулук күбөлүк берилбейт.

АКШдагы трак айдоочуларына карата жаңы чектөөлөр жүк ташуучу унаалар аралашкан кандуу жол кырсыктарынан кийин кабыл алынган.

Индиана штатында кыргыз жаранынын катышуусунда жүз берген кырсык Кошмо Штаттар миграциялык эрежелерди катаалдаштырып жаткан учурга туш келди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 6-январда визалык күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен. 25 өлкө менен кошо Кыргызстан да бул тизмеге киргизилген.

Ага ылайык 21-январдан тарта, B1/B2 категориясындагы виза алууну көздөгөн кыргызстандыктар үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет. Бул чара Кошмо Штаттарга кирген жарандардын өз убагында өлкөдөн чыгып кетишин камсыздоо максатын көздөй турганы айтылган.

Мындан мурдараак АКШ 75 мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Бул чектөөлөр дагы 2026-жылдын 21-январынан тарта күчүнө кирген.

Президент Дональд Трамп кызматка кайра келгенден бери АКШга мыйзамсыз гана эмес, мыйзамдуу миграцияны да чектөөгө умтулуп келет.

Кыргызстанга иш сапар менен келген АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор 4-февраль күнү визалык саясат кайсы бир мамлекетке түздөн-түз багытталбаганын, дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө карата колдонулганын билдирген.

"Биз, албетте, мыйзамсыз миграцияга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Ошондуктан коопсуздукту бекемдөө үчүн саясатты кайра карап чыгууга мажбур болуп жатабыз. Биздин визалык саясат бир гана өз кызыкчылыгыбыз үчүн эмес. АКШнын максаты — өз чек араларын сактоо. Ошол эле учурда АКШ бул аймакка өзгөчө маани берерин белгилей кетүү керек. Дал ушул себептен баарыбыз бүгүн ушул жердебиз. Дал ушул себептен президент Трамп Вашингтондо Борбор Азия лидердери менен жолугушуу өткөргөн", — деген Сержио Гор.