Украинадагы кыргыз: Орусия 100 миң аскер чогултса дагы коркпойбуз дегендер бар
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Украинанын Коргоо министрлиги тарткан сүрөт
Британиянын Коргоо министри Бен Уоллес Британия Украинага курал берерин билдирди. Бул Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарга миңдеп аскерин топтоп жатат деген учурга туш келди. Соңку мезгилде Орусия Украинага кол салабы деген суроо күчөдү. "Орусия Украинага үч тарабынан кол салышы ыктымал, топтолгон аскерлердин саны 100 миңге чамалайт" деген маалыматтар дагы чыккан.
Би-Би-Си көп жылдан бери Украинада жашап, ишкерлик кылган кыргызстандык Талай Сарыны кепке тартты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Соңку мезгилде Орусия Украина менен чек арага жакын жерге 100 миң аскерин топтогону айтылууда. Украиналыктар бул кабарга абдан тынчсызданса керек?
Талай Сары: Эми мурункудай коркуу деле жок го дейм. Себеби акыркы беш жылда Украинанын аскер кубаты деле күчтөнүп калды десек туура болот го. Баягы 2014-2015-жылдарды ала турган болсок азыр такыр башка. Негизи эле “Орусия чын эле кирип келеби” деген кооптонуу албетте ар дайым бар. Бирок украиналыктар негизинен коркпой калгандай. Согушса согушуп кетебиз дегендей бир мүнөзү калыптангансыйт. Албетте эч ким согушту каалабайт, бирок келсе дагы коркпойбуз дегендер бар.
Би-Би-Си: Ушундай абалды Украинанын маалымат каражаттары кандай чагылдырып жатат?
Талай Сары: Бул тууралуу кабарлар абдан эле көп. Менин түшүнүгүм боюнча эл деле тажап бүттү мындан. Кээ бирөө “ой согушса согушуп, баштап жиберсе жакшы болот эле ары же бери болобуз” деп да айтып калышат. Согуш болбой эле койсун албетте. Бул жакта жылдап эле интернетте деле, телевизордо деле согуш болот дей берип эл деле ушул кабардан тажагандай.

Украинада дагы Түркиянын "Байрактары"
Би-Би-Си: Кече жакында Украина азыркы аскердик технологияда бир топ артыкчылыкка ээ болуп жатат делген “Байрактарды” (Түркиянын согуштук дрону) абадан сокку үчүн пайдаланды эле. Бул эмнеден кабар берет деп ойлойсуз?
Талай Сары: Колдонду, пайдаланды деп кабарлардан билдик. Колдогон үчүн Орусия бул боюнча үн катты го дейм. Алар “мындайды колдонуу туура эмес” дегендей кабарларды дагы таратты окшойт. Орусия тарап “бул биздин келишимибизге туура келбейт” деп дронду колдонгону үчүн кооптонду.Негизи Түркия менен бул боюнча мурдагы келишими дагы алдыга жылат болуш керек, бир учурда Украинада дагы чогултабыз” деген маалыматтар, кеп-сөздөр айтылып жүргөн. Бирок, ал азыр кандай, кайсы баскычына жеткенин билбейм.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Украина аскер күчтөрүн өзгөртүүдө...
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: “Мурункуга салыштырмалуу Украин армиясы бир топ күчтөнүп калды” дегенди эмнеге таянып айтып жатасыз?
Талай Сары: 2014-жылы Орусия Крымды алып, Донбаска кирип келгендеги акыбалы менен азыркы акыбалы асман менен жердей. Биринчиден, мурун баягы советтер доорунан калган система боюнча булардын аскерлери көбүнчө батыш тарапта жайгаштырылыптыр. Чыгыштан эч ким келбейт депчи. Ошон үчүн Орусия аскерлери жөн эле жөө жүргөндөй эле басып өтүп кетишкен эле. Анткени ал жерде каршылык кылчу күч жок экен. Эми азыр болсо тескерисинче, бүт күчтүн баары Орусия менен чек арага жакын жерде топтолгон. Анын үстүнө баягы 2014-жылы чын эле катуу эле согуш болгон. Ошондо чоң тажрыйбаларды алышты. Согуштун башында булар жеңилип баратып, анан кийин өздөрүнө келишпедиби. НАТО дагы тажрыйбалары менен бөлүштү болуш керек. Аскерлердин дем күчү өзүнө келип, согушкан сайын көп нерсеге көздөрү жетти. Экинчи жагынан Украина аскер күчүн контракттык негизге которду. Мурдагыдай эле элдин баарын шагыратып аскерге албай калды дегеним. Контракттык негизде аскер топтоодон сырткары атайын каттоого алат. Кыз-келиндерди дагы тизмеге алып жатышат. Менин оюмча, Швейцариядагыдай кылабыз деп жатышкандай. Өзгөчө кырдаалда ар бир жаран курал көтөрүп, согушканга даяр болушу керек деген аракет го дейм.

Сүрөттүн булагы, MAXAR TECHNOLOGIES
Би-Би-Си: Мына ушул эле учурда Орусия күч топтоп, Батыш өлкөлөрү байкоо салып, НАТО болсо “Украинага сырттан кол салуу болсо ага сөзсүз жооп болот” дегендей билдирүүлөрүн таратып жатат. Украин эли кокустан согуш чыгып кетсе НАТО Украинага жардам берет деп ишенеби?
Талай Сары: Жок эле дегенде жарымы ишенет. Аскер тармагына жакын, буга чейин согушка барып келген кишилер алар “өзүбүзгө эле ишенебиз, жардам бербесе деле согушабыз” дешет. Европа таштап кетсе да Америка таштабайт деген бир ишенич бар экени байкалат.
Кайрадан миллиардер Порошенко талкууда... Мурдагы президенттин мүлктөрү камакка алынган
Би-Би-Си: Ушундай кыйчалыш болуп жаткан учурда дагы бир маселе чыкты. Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенконун айланасындагы окуялар дагы кайрадан кызый баштады. Буга чейин “өлкөдөн чыгып кетти, качып кетти” дегендей маалыматтар айтылып жатты эле. Порошенко болсо кайрылып келди. Эми эмне болушу мүмкүн?
Талай Сары: Порошенкону убагында мамлекетке каршы иш жүргүзгөн деген айыптоолор менен сотко чакырышкан. Эми анын чечими кандай болот жана качан чыгаарын билбейбиз. Бирок мындай карап келгенде Зеленскийдин келишкис, башкы атаандашы Порошенко деп эсептелинет. Анан ал өзү дагы “бул негизи саясий куугунтук” деп айтып жатпайбы. Эл ичинде деле кээ бири саясий иш десе дагы бири “чын эле туура эмес чечимдерди кабыл алган” деп талкулап жатат. Кандай болорун убакыт көрсөтөт го. Шайлоо убагында азыркы президент Зеленский 70 пайызга чейин ишенимге арзып, атактуулугу арткан эле. Мындан бир канча жума мурун көрдүм эле, анда В. Зеленскийдин рейтинги 30-35% түшүптүр деп жүрөт. Негизи эле шайлоо убагында, агитация болгондо рейтинг өсөт. Иштей баштагандан кийин басаңдайт. Эки-үч жыл өткөндөн кийин эгер чоң реформалар болбосо анда басаңдайт да. Негизи эле Украина баары бир эски совет өлкөлөрүнүн бири. Мисалы, Кыргызстанда деле, башка өлкөлөрдө деле баардык реформаларды кылып жибериш абдан оор. Бул жерде деле көптөгөн саясий кландар дейбизби, топтор бар. Ал аз келгенсип бюрократтардын катмары бар. Зеленский агитация убагында убада кылгандай реформаларды ишке ашырыш абдан оор да. Тоскоолдуктар да абдан көп десек болот.
































