Орусиянын Украинадагы түнкү чабуулунан жети адам набыт болду

A firefighter works at the site of a Russian attack, amid Russia's attack on Ukraine, in a location given as Kyiv, Ukraine,

Сүрөттүн булагы, DSNS Ukraine

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын аба соккусу Киевдин бир катар райондорундагы имараттарга зыян келтирди
    • Author, Паул Кирби
    • Role, Европанын санарип редактору
    • Author, Джон Судворт
    • Role, Киев шаары
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусия Украинанын бир катар шаарларына дрондор жана ракеталар менен чабуул коюп, бери дегенде жети адам, анын ичинде эки бала мүрт кетти. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Түнкү чабуулда дагы 26 киши жарадар болду. Зеленский бул чабуул Москвага согушту токтотуу үчүн жетиштүү кысым жасалбай жатканынын бир далили экенин айтты.

Бир нече саат мурда АКШнын лидери Дональд Трамп жакында Будапештте өтчү саммитте Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу планынан баш тартканын, себеби "бекер эле жолугууну" каалабастыгын айткан эле.

Кремль Трамптын жана Европанын лидерлеринин фронттун учурдагы линияларында ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке какты.

Ал арада украин армиясы шейшемби күнү кечинде чек арага жакын Брянск облусунда Орусиянын химиялык заводуна Улуу Британия берген Storm Shadow ракеталары менен чабуул койду.

Орусиянын абадан коргонуу системасын буйтап өтүп урулган бул сокку "ийгиликтүү" болгонун ырастаган аскер жетекчилиги Брянск заводу "душмандар Украинанын аймагын аткылоо үчүн ракеталарда колдонулган ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана ракеталык отун компоненттерин өндүрөт" деп билдирди.

Мунун алдында, 17-октябрда Трамп менен сүйлөшүүдө Зеленский АКШ президентин алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын берүүгө ынандыра алган эмес.

"Узак аралыкка учуучу ракеталар чукул арада Украинага берилбестиги маалым болору менен, Орусия ошол замат дипломатияга кызыгуусун жоготту", - деди Зеленский.

Украинанын баш калаасы 28-сентябрдан бери биринчи жолу түнкү чабуулдардын толкунуна дуушар болду.

Дрондор Киевдеги көп кабаттуу үйлөргө түшүп, 60 жаштардагы жубайлар каза тапса, Киев облусунда дагы төрт адам набыт болду. Каза болгондордун арасында аял, алты айлык ымыркай жана 12 жаштагы кыз бар.

Борбор калаанын басымдуу жерлеринде баллистикалык ракета тууралуу эскертүүлөр кайра-кайра берилип, жардыруулардын үнү бүт шаарга жаңырды. Эртең менен куткаруу топтору турак жайларда чыккан өрттөрдү өчүрүп жатышты.

Орусия кайрадан Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алгандыктан, бир катар райондордо электр жарыгы өчүрүлдү.