"Азыр кандай болсо, ошондой бөлүштүрүлсүн". Трамптын Путин жана Зеленский менен сүйлөшүүлөрү тууралуу эмне белгилүү?

Зеленский, Трамп, Путин

Сүрөттүн булагы, AFP/SPUTNIK/GETTY IMAGES

Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Путиндин 16-октябрдагы жана Володимир Зеленский менен андан бир күндөн соң өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасалган жупуну расмий комментарийлер жана жооптор тараптардын учурдагы позицияларын түшүнүүдө кыйла көп боштуктарды калтырды.

Бирок Трамп менен Зеленский улам жаңы билдирүүлөрдү жасап жаткан чакта, батыштын жалпыга маалымдоо каражаттарынын булактары сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы менен бөлүшө башташты. Ар кайсы жактан түшкөн маалыматтардын негизинде бир нерсе анык болду: Трамп Москва менен Киев согушту токтотууга карай кандай кадамдарды жасай алары тууралуу көз карашын дагы бир жолу өзгөртүп, Украинага кайрадан кысым көрсөтүүгө аракет кылууда.

"Оңой эмес жолугушуу", "чыңалган маанайда өткөн талкуу" – америкалык Axios жана CNN каналдарынын булактары Дональд Трамп менен Володимир Зеленскийдин Вашингтондо 17-октябрда өткөн жолугушуусун мына ушинтип сүрөттөшүүдө. Украинанын президенти Зеленский Вашингтонго америкалык алыс аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын сураш үчүн учуп келген.

"Трамп утуру эле орой сөздөргө жол берип жатты" – Трамптын маанайы жана бул сүйлөшүүлөрдүн жалпы атмосферасы тууралуу Financial Times жана Reuters кепке тарткан маектештери ушинтип бөлүштү. Бирок кептин баары эмоцияларда гана эмес: ачыкка чыгып кеткен маалыматтар Трамп Орусия Украинага каршы 3,5 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан согуш кантип аякташы керектиги тууралуу өзүнүн көз карашын кайрадан өзгөрткөнүн айгинелеп жатат.

Анткен менен ЖМКга чыккан маалыматтарга караганда, мындай вариант Трамп Ак үйдө Зеленскийди Москва каалап жаткан олуттуу чегинүүлөргө макул болууга көндүргүсү келгенден кийин гана пайда болду, бирок расмий Киев бул вариантка көнбөй жатат.

Эми болсо Трамп бул ачыкка чыгып кеткен маалыматтардын таасирин жумшартууга аракет кылууда. Трамп Москва басып алган бардык аймактардан баш тартуу үчүн Киевге катуу кысым көрсөтпөстөн, статус-квону формалдуу түрдө бекитүү демилгесин гана көтөргөнүн ырастап жатат.

Зеленский жолугушууда аймактык маселе көтөрүлгөнүн жана ал сүйлөшүүлөрдү улантууга жолтоо болуп жатканын Ак үйдөгү жолугушуудан кийин журналисттер менен баарлашып жатканда кыйытты. Ал бул маселени "өтө сезимтал жана эң татаал" деп баалап, Киев аймактар боюнча ар кандай сүйлөшүүлөргө чейин ок атышууну токтотууну талап кылып жатканын, ал эми Москва "баарын басып алгысы келээрин" кайталады.

Бирок көп өтпөй ачыкка чыгып кеткен маалыматтар бул сүйлөшүү Зеленскийдин айткандарына караганда алда канча катаал болгонун көрсөттү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жекшембиде жарыяланган макалада Financial Times гезитинин булактарынын айтымында, Трамп Зеленский менен жолугушууда Украинанын лидерин иш жүзүндө Орусияга бүтүндөй Донбассты берүүгө жана "бүтүм түзүүгө" чакырган. Трамп Украина ансыз деле утулуп жатканын жана "Путин кааласа, аны жок кыла аларын" жүйөө келтирген. Басылма белгилегендей, ушундай маанайдагы билдирүүнү (ошондой эле, мисалы, орус экономикасы мыкты абалда болгону тууралуу билдирүүлөрдү) бир күн мурун Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн учурда уккан болушу ыктымал.

"Болгондо да Трамп жакында эле башкача ойдо болчу" деп эске салат FT:

Трамп орус армиясын "кагаздан жасалган жолборс" деп атап, Украина Орусияны жеңип, өз аймактарын кайтара алат деп кыйыткан. Мындай сөздөрдү Трамп Зеленский менен сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында жолуккандан кийин айткан эле.

Жума күнкү жолугушууда "жок кылат" деген сөз Трамптын оозунан чыккан жок, деп билдирди Reuters агенттигинин булагы, бирок сүйлөшүүнүн калган бөлүгү чындап эле "жаман" болуп, Трамп Зеленскийди тилдеп, анын дарегине орой сөздөрдү айтты. Күбө болгон булактардын ырасташынча, АКШ менен Украина президенттеринин сүйлөшүүсүндө ошондой эле Трамптын Путин менен телефон аркылуу баарлашуусунун жаңырыктары да байкалды – бейшемби күнкү сүйлөшүүлөрдө Москванын аймактык дооматтары да талкууланган эле. Кремль телефон аркылуу сүйлөшүүнү орус тарап демилгелегенин маалымдаган.

коллаж

Трамптын администрациясы буга чейин Украина менен Орусиянын ортосунда аймактарды алмашуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени бир нече жолу көтөргөн; "Трамп бул идеяны мурда колдочу", - деп эске салат Reuters.

Кремль Путиндин Трампка жеткирген идеяларынын маңызын айткан эмес, бирок Washington Post'тун булактары бул идеялар тууралуу ушул өңдүү өңүттө сөз кылышты: Москва Запорожье жана Херсон облустарынын учурда ээлеп турган аймактарын өткөрүп берип, алардын ордуна Донбасстын басып алганга үлгүргөн бөлүгүн көзөмөлгө алууну каалайт.

"Себеби Москва 11 жылдан бери созулуп келаткан согуштук аракеттердин ичинде Донбассты толугу менен басып ала алган эмес", деп эске салат гезит. "Бирок муну Анкориждеги саммит учурундагы Кремлдин буга чейинки позицияларынан кандайдыр бир даражада чегинүү деп эсептесе болот", деп жазат Washington Post.

Трамп менен Зеленский

Сүрөттүн булагы, Demetrius Freeman/The Washington Post via Getty Images

"Табакка эмнени салып берсе, ошону эле жей берген болбойт"

Трамп Зеленский менен сүйлөшүүлөр аяктагандан көп өтпөй жасаган билдирүүсүндө бул баарлашуу тиреш менен коштолгонун айткан эмес; тескерисинче сүйлөшүү "жагымдуу маанайда" өткөнүн белгилеген. Ак үй Зеленскийге катаал талаптар коюлганы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Бирок дүйшөмбү күнү журналисттер Трампка "Володимир Зеленскийге Украина Донбасстын баарын Орусияга өткөрүп бериши керек" деп айтылды беле?" деп сурашканда, Трамп "Баары азыр кандай болсо, ошондой бойдон бөлүштүрүлсүн. Менимче [аймактын] 78% Орусия ээлеп алган".

Украиналык басылмалар жазгандай, Трамптын бул сөзүнө комментарий берип жатып, согуштук аракеттерди токтотуу максатында Зеленский Трамптын "учурда кайсы жерде болсо, ошол жерден бөлөлү" принциби боюнча фронттун линиясын белгилөө сунушуна "оң" баасын берген.

"Бирок глобалдык жактан алып караганда, Москванын талаптары ошол бойдон эле – Украинанын Донецк жана Луганск облустарын толугу менен алгысы келет", - деген ал. "Донбасстан аскерлерин чыгарып кетүүгө шашылбаган Киевдин да позициясы өзгөрбөйт", - деп эске салды Зеленский.

Анын айтымында, эгерде Украина "табакка салгандын баарын эле жей берсе" (аймактык маселени чечүүнүн пайдасыз жана таңууланган вариантына көнсө), анда "алар калган башка маселелерди да бизсиз эле чечүүгө аракет кылышат".

Зеленский бир күн мурун NBC News каналына берген маегинде буларды айткан эле:

"Эгерде биз бул согушту токтотуп, тез арада дипломатиялык жол менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өтүүнү кааласак, анда биз ушул тапта кайсы жерде турсак, ошол жерде эле кала беришибиз керек жана Путин ушуну каалап турат деп эле ал көксөгөндүн баарын кармата бербеш керек деген Трамптын сөзүнө кошулам".

Украинага Partiot комплекстерин жеткирүү тууралуу макулдашууну расмий Киев жолугушуунун оң жыйынтыгы катары баалады. Сөз бир нече жылдын ичинде 25 системаны – жыл сайын бир нече экземплярдан алып туруу жөнүндө болгон эле.

"Partiot системаларын жеткирүү графиги АКШ президентинен көз каранды, ал эми администрациянын артыкчылыктары улам өзгөрүп турушу мүмкүн", - деген Зеленский бул маселенин "позитивдүү өңүттөрү" көп экенин кошумчалаган.

Трамп Украинага Tоmahawk ракеталарын бере албай турганы АКШ менен Украина президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин эле белгилүү болгон. Tоmahawk ракеталарын Украинага берүү ыктымалдыгын АКШнын президенти буга чейин бир нече жолу айткан жана бул багыттагы сөздөр Кремлди тынчсыздандырып келген. Бирок Трамп менен Зеленскийдин сөздөрү бир аз башкача болуп чыкты.

Трамп "жок, ракеталар берилбейт" деп түз айткан жок, бирок бул ракеталар АКШнын өзүнө керектигин дагы бир жолу кайталады. Зеленский болсо Трамп менен сүйлөшүүдө ал анчалык так кесе айтпаганын билдирди. Зеленскийдин ырасташынча, АКШ президенти ага "ооба" деп да, "жок" деп да айткан эмес. Трамп жообун бир нече жумадан кийин – Владимир Путин менен Венгриянын борбору Будапештте жолугушуудан кийин берерин кошумчалады Зеленский.

Кремлдин басма сөз катчысы дүйшөмбү күнү эртең менен бул жолугушууга даярдык баштала электигин билдирди. Сүйлөшүүлөр өтчү күн да азырынча ачык айтыла элек. Жаңы саммиттин алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун консультациялары өтүшү керек.

Трамп менен Зеленскийдин Вашингтондогу жолугушуусу – бул "акыркы айларда дипломатиялык оюнда дагы бир кескин бурулуш учур болду, мында Трамптын маанайы тараптардын ар бирине боор тартуудан баштап, кыжырданууга чейин өзгөрүп турду", - деп жазды жолугушуунун жыйынтыгын чыгарган Washington Post.

"Путиндин Трамп менен бейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсү орус лидери АКШ президентинин көңүлүн өзүнө буруп же соодадан пайдаларды убада кылуу менен кантип Трамптын катаал чараларын кечеңдетүүгө же жумшартууга аракет кылып жатканынын дагы бир мисалы болду", - деп айтылат басылмада.

Видеонун түшүндүрмөсү, Путин согушту токтотууга макул болбосочу?

Кырдаал мындан ары кандай нукта өнүгөт?

Трамп менен сүйлөшүүдөн кийин эле Зеленский европалык лидерлерге телефон чалган. Дүйшөмбү күнү Украинанын лидери Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

"Азыр кырдаалды согушту токтотууга түртүүгө оңтойлуу учур болуп турат, эң негизгиси – бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, Орусияга туура кысым көрсөтүү", - деп жазды сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Зеленский.

Ушул аптада Зеленский Трамп менен жолугушуунун жыйынтыктарын Европанын лидерлери менен талкуулайт. Politico гезити Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр жана Брюсселде Европа кеңешинин отурумунун пландары менен тааныш эки кишиге таянып жазгандай, Украинанын президенти ушул жуманын этегинде Брюсселде өтө турган Евробиримдиктин жогорку деңгээлдеги саммитине катышууну пландап жатат. Бул саммитте Зеленский Вашингтондо Трамп менен жолугушуу ойдогудай болбой калгандыктан, Евробиримдиктин "колдоосун мобилизациялоого" аракет кылмакчы.

Евробиримдиктин дипломаттарынын бири Politico гезитине берген маегинде "Вашингтондогу жолугушуу маалымдалгандай оор болгон жок, бирок Трамптын Украина боюнча позициясы улам өзгөрүп жатканын көрсөттү", - деп билдирди.

"Төрт күн мурун биз "Томагавктарды" талкуулап жаткан элек, азыр болсо көңүл чордонунда Украинанын аймактык чегинүүлөрү тууралуу маселе турат. Европа Трамптын позициясындагы кийинки жылыш Украинанын пайдасына болушун камсыз кылууга тийиш", - деп билдирди маектеш.

Politico гезити бул көптөгөн европалык лидердин жалпы позициясына шайкеш келерин белгилейт.

Польшанын премьер-министри Дональд Туск дем алыш күнү "Аймактык чегинүүлөр маселесинде эч кимибиз Зеленскийге кысым көрсөтпөшүбүз керек. Өзүнүн агрессиясын токтотушу үчүн баарыбыз Орусияга кысым көрсөтүүгө тийишпиз", - деп айтты.

Бирок Евробиримдиктин колдоосу, кыязы, дем берген сөздөр жана Киевге финансылык жардамды көбөйтүү үчүн негиз катары Орусиянын тоңдурулган активдерин колдонууга ыктымалдуу макулдук берүү менен эле чектелиши мүмкүн. "Бирок Зеленский мунун ордуна "Томагавк" ракетасы сыяктуу кубаттуу куралдарды жана кандай гана тынчтык макулдашуулары болбосун, аларда Украинанын толук аймактык бүтүндүгүн сактап калуу убадасын күтүп жатат", деп жазат Politico.

"Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо маселесинде Евробиримдиктин позициясы өзгөрүүсүз калабы?" деген суроого ЕБнын расмий өкүлү "Комментарий берилбейт" деп жооп кайтарды. Ошол эле маалда басылманын Евробиримдиктин дипломатиялык чөйрөлөрүндөгү маектештеринин бири биримдикте Трамптын ортомчулугу менен түзүлө турган тынчтык макулдашуусунун биротоло вариантын кабыл алуудан башка "эч кандай тандоосу болбогонун" мойнуна алды. (ZMa)