You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Украинанын кыймылдаткычтарын Иран аркылуу алууга аракет кылдыбы?
Украинанын атайын кызматы Ан-74 аскердик-транспорттук учактарынын кыймылдаткычтарын Украинадан Иранга экспорттоо схемасы ачыкка чыкканын кабарлады.
Кыйылдаткычтар кимдин колуна тие турганы белгилүү болбогондо, окуя кызыгуу деле жаратмак эмес.
Би-Би-Сиге белгилүү болгондой, украиналык тергөөчүлөр Иран ортомчу гана өлкө, ал эми Орусия чыныгы сатып алуучу болушу мүмкүн деп жоромолдоодо.
Бул окуя 2011-жылы Львов аба жолдору Украинада жоюлганда башталган. Ошол учурда бул авиакомпаниянын бардык мүлкү мамлекеттик мүлк фондуна өтүшү керек болчу. Бирок белгилүү болгондой, мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттен жашырып андан ары сатуу үчүн башка аймактарга чыгарып кетишкен.
Ошентип, эки D-36 турбореактивдүү учак кыймылдаткычтары Азия жана Африка өлкөлөрүнө жүк ташып жүргөн Днепрден келген эки ишкердин карамагына өткөн.
Украинада авиациялык тетиктерди экспорттоо катуу көзөмөлгө алынат, андыктан аларды каалагандай сатуу мүмкүн эмес. Алар жасалма документтер аркылуу магистралдык газ тетиктери деп чыгарып кетүүнү пландашкан. Бул үчүн чет элдик сатып алуучулар пайда күсөгөндөргө ар бир кыймылдаткыч үчүн 400 миң доллар убада кылышкан.
Тергөө органдарындагы булактардын айтымында, бул Украинадан Орусияга аскердик жүктөрдү үчүнчү өлкөлөр аркылуу ташуунун контрабандалык схемасы болушу мүмкүн. Кыязы, сатып алуу орус армиясынын аскердик транспорттук учактары үчүн уюштурулган.
D-36 турбореактивдүү кош схемалуу учак кыймылдаткычы, 1977-жылы Антоновдук учактар үчүн Запорожьедеги “Мотор Сич” заводунда массалык өндүрүшкө коюлган.
2022-жылдын октябрында Украинанын Коопсуздук кызматы аталган корпорациянын президенти Вячеслав Богуслаевди кармаган.
"Мотор Сич" компаниясы кыймылдаткычтарды жана алардын тетиктерин Орусияга мыйзамсыз ташыган деп шектелүүдө. Ал эми тетиктер Украинага толук масштабдуу басып кирүүгө тикелей катышкан орусиялык чабуул тик учактарын жасоо жана оңдоо үчүн колдонулган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, кулап түшкөн орусиялык тик учактарда Украинада жасалган кыймылдаткычтар табылган. Бул Орусия керектүү жабдыктарды санкцияларды жана тыюу салууларды кыйгап өтүп, үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу аркылуу сатып алганын билдирет.
Москва болсо Украинадан өзүнүн аскердик техникасы үчүн маанилүү болгон тетиктерди алуунун жолдорун издөөнү улантып жаткандай.
Ан-74нин өзгөчөлүгү эмнеде?
Би-Би-Синин аскерий кабарчысы Павел Аксеновдун комментарийи:
Ан-74, Ан-72 транспорттук учактын полярдык модификациясы. 1970-жылдары Антонов конструктордук бюросунда иштелип чыккан абдан ийгиликтүү жеңил транспорттук учак. Кыймылдаткыч үстүнкү канатта жайгашкандыктан учак чакан жана сапатсыз тилкелерге дагы коно алат.
Кээде полярдык шарттарда Ан-74тү башка учакка алмаштыруу мүмкүн эмес. 2019-жылы орусиялык "Барнео" арктикалык лагерин уюштуруучулар Украинанын Ан-74 учагын ижарага ала албай калып, экспедицияны токтотууга аргасыз болушкан. Анткени муздун үстүндө башка учак коно алмак эмес.
Эскилигине карабастан бул транспорттун учуудагы эң жогорку сапаты аны абдан популярдуу кылып койду. Ан-72 жана 74 көптөгөн өлкөлөрдө учат. Алардын көбү Орусия менен Иранда. Алар аскердик жана жарандык операторлор тарабынан колдонулат.
Иран менен Орусия эл аралык санкцияларга туш келди. Алардын авиациялык паркынын абалы дагы буга түрткү болду.
Орусия акыркы жылдары аба күчтөрү үчүн Ил-112B жеңил транспорттук учагын иштеп чыгууга аракет кылып жаткан. Бирок кыйынчылыктардан жана 2021-жылы прототибинин кыйроосунан улам аны ишке ашыра алган жок.
Орус авиациясы санкциялардан улам барган сайын көп көйгөйлөргө туш болууда. Ан-74 өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ учак экенин эске алганда, аны Ырааккы Түндүктө алмаштыруу кыйын. Орустар алар эскирсе дагы сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы таң калыштуу эмес. (VO)