“Борщ Украинаныкы”. ЮНЕСКО борщту украин улуттук баалуулуктар тизмесине киргизди

Published

Украинанын маданият министри Александр Ткаченко ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча комитети тиешелүү тизмеге “Украин борщун  жасоо маданияты” деген позицияны киргизгенин билдирди.

Ткаченко өзүнүн Фейсбук баракчасына: “Борщ үчүн болгон салгылашта жеңиш - биздики!” деп жазды. Ошондой эле, ЮНЕСКО бул чечимди украин бийлигинин 2021-жылдын мартында жасаган кайрылуусунун негизинде кабыл алганын кошумчалады.

Борщ СССРдин убагында дагы, ал тарап кеткенден кийин дагы улуттук талаштын предмети болуп келген, айрыкча 2010-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы мамиле мурда болуп көрбөгөндөй курчуп кеткен учурда.

Борщ тууралуу алгачкы маалыматтар эки мамлекет тең келип чыккан Киев Русуна тиешелүү. Кийинчерээк ал бир гана Орусия жана Украинанын эмес, ошондой эле Польша, Литва, Молдова жана башка өлкөлөрдүн улуттук ашканасынын бир бөлүгүнө айланган.

Борщтун келип чыгышы жөнүндөгү талаш мурда тамаша ирээтинде болуп келсе, акыркы учурларда ал катаал саясий мүнөзгө өттү. 2019-жылы Би-Би-Си ар башка улуттар тамактардын таржымалы, тарыхы тууралуу кантип талашып-тартышканы тууралуу макалалардын сериясын жарыялаган.

Мындай талкуулар аз эмес. Көптөгөн өлкөлөр жана улуттар, мисалы, фалафель же кимчинин келип чыгышын талашып келишет. Борщ жөнүндөгү макаланы  (Би-Би-Синин журналисти Эндрю Эванс жүйөлөргө таянып ал чынында эле украиндики деген тыянакка келген). Муну көптөгөн орусиялык ЖМКлар байкаган. Басымдуусу мамлекетке тийиштүү басылмалар буга өтө кескин реакция кылышкан.

Ошол макалалардын темаларын эске салалы. “Британиялыктар кызылчадан жасалган шорпону Орусия ээлеп алганына ишенет” (КП), “Орусия украин борщун ыйгарып алганы үчүн айыпталды, бирок эксперт чынында кандай экенин айтып берди” (“Метро”), “Би-Би-Си борщту орус пропагандасынын куралы деп атады” (Life).

Натыйжада акыркы жылдары “борщ кимдики?” деген суроо эки өлкөдө тең “Крым кимдики?” деген суроодой эле “өз-жат белгиси” болуп калды.

Жадагалса Орусиянын ТИМинин сайтында борщ “орустун улуттук жана салттык тамактарына кирет” деп көрсөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусия ТИМинин спикери Мария Захарова “Украинада жадагалса кулинардык китептерге тыю салынган”, - деп билдирген, бирок эч кандай далилдерге таянган эмес. Ал өз сөзүндө мындай деген: “Эмнеге? Анткени, борщту бөлүшүүгө болбойт эле. Ал бир гана элге, бир гана улутка таандык болушу керек болчу. Ал барыныкы болушуна, ар бир шаардагы жана аймактагы үй кожойкелер өзү билгендей жасоого жол берилген эмес. Компромисске баргысы келген жок. Бул биз айтып жаткан ксенофобия, нацизм, бардык түрдөгү экстремизм”.

Ал эми Украинанын маданият министри Александр Ткаченко бул билдирүүлөр боюнча төмөндөгүдөй жооп берди: “Борщ үчүн салгылашуу согушка чейин эле башталган. Ал эми Маша Захарова канчалык “кулинардык китептерге тыюу салынып, рецепти жашыруун сакталып, тамак жасоого тыюу салынган” деп айтпасын, деги эле биздин борщ экстремизм менен нацизмдин көрүнүшү десе дагы, “экстремизмдин көрүнүшү” эми расмий түрдө Украинаныкы жана расмий түрдө ЮНЕСКОнун коргоосунда".

“Бирок, биз борщту жана анын рецептин бардык цивилдүү өлкөлөргө кубануу менен бөлүшөбүз. Цивилдүү эместери деле, анткени, аларда жок дегенде жарык, даамдуу, украиналык бир нерсе болсун”, - деди Ткаченко.