You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина боюнча Жидда саммити Орусиясыз өттү. Жыйынтыгы кандай?
Святослав Хоменко, Елизавета Фохт,
Би-Би-Си
Сауд Аравияда Украинада тынчтыкка жетишүү боюнча саммит өттү. Жыйынга 40тан ашык мамлекеттин, анын ичинде АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү, жадакалса жаңжалда расмий түрдө бейтарап позицияны карманган Кытайдын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар согуштун бүтүшүн кантип жакындатуу керектигин талкуулашты. Орусия катышкан жок. Сүйлөшүүлөр жабык өттү, бирок алар Владимир Зеленский сунуштаган тынчтык планына негизделгени белгилүү, анда Москва Украинанын аймактарына (анын ичинде Крым жана Донбасстын оккупацияланган аймактарына) карата шарт-дооматтарынан толугу менен баш тартышы керек деп болжолдонууда.
Би-Би-Си Саудиянын саммитинин жыйынтыгы тууралуу баяндап берет.
Бул өзү эмне болгон саммит?
Украинадагы согуш маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өткөн апта соңунда, 5-6-августта Сауд Арабияда өттү. Эки күндүк жолугушуу Киевдин демилгеси менен болуп – ушул сыяктуу биринчи кеңири талкуу июнь айынын аягында Копенгагенде өткөн. Бирок сүйлөшүүлөрдүн бул эки айлампасынын масштабы өтө айырмаланат: Данияга 14 мамлекет келсе, Жиддага кырк мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле БУУ жана ЕБ делегациялары чогулушту.
Чыр-чатакты жөнгө салуу маселелерин талкулоого Украинанын Евробиримдик менен АКШдагы союздаштары гана эмес, Сауд Аравияда Американын эң жогорку даражалуу чиновниктеринин бири, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан катышкан. Жолугушуунун уюштуруучуларынын көрүнүктүү ийгилиги Россияга карата нейтралдуу позицияны карманган өлкөлөрдүн катышуусу болду - булар Бразилия, Индия жана биринчи кезекте, Дания сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жиберген Кытай.
Жиддадагы сүйлөшүүлөргө Орусия чакырылган эмес, бирок, кыязы, саммиттин катышуучулары мындан эч кандай көйгөй көрүшкөн жок. Анын үстүнө бул алардын принципиалдуу позициясы болчу. Учурда мында согушту дипломатиялык жол менен чечүүгө эч кандай өбөлгө түзүлгөн жок — бул тууралуу Киевде да, Москвада да, башка өлкөлөрдө да айтылып жатат. Бирок Саудиядагы жыйындын максаты конфликтти чечүүнү жакындатуу эмес, Украинанын өзүнө жана башка державаларга ылайыктуу тынчтыктын шарттарын аныктап алуу болду.
“(Саммиттин) мааниси Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнө жана өзүбүзгө негизги орток келишимди издөөгө түрткү берүү. Кийин ошол келишимдин тегерегинде глобалдык тынчтык саммитин уюштурууга болмок» деди, атын атагысы келбеген Еврокомиссиянын жогорку даражалуу расмий өкүлү Financial Times (FT) гезитине.
Ушул сыяктуу эле терминдер менен, саммиттин Украина үчүн маанисин Рейтер агенттиги мындайча сүрөттөйт: “Украина үчүн бул саммит - ушул кезге чейин бул конфликтте кайсыл бир тарапта болуудан тайсалдап турган Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен байланыш аркылуу негизги колдоочулардын, негизинен батыш өлкөлөрүнүн, санын кеңейтүү боюнча дипломатиялык аракеттин бир бөлүгү.”
Украин бийликтери Жиддадагы саммиттин негизги максаты Киевди “колдоо тобуна” кирбеген өлкөлөр менен диалог баштоо экенин айтышты. Биринчиден, кеп ошол эле Глобалдык Түштүктүн - Азиядагы, Африкадагы, Латын Америкасындагы жана Кариб деңизиндеги ондогон мамлекеттердин өкүлдөрү жөнүндө болуп жатат. Мурда алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр деп аталса, азыр “бай” түндүккө карама-каршы коюлууда.
“Согуштун башында бул өлкөлөр: бул аймактык жаңжал, биз анын бүтүшүн күтөбүз дешкен. Буга чейин алар Лавров же Орусиянын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматты гана колдонушчу”, - дейт Би-Би-Сиге Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк.
Киевдин максаты, деп улантат ал, Глобалдык түштүк өлкөлөрүнө кимге ким кол салганын жана Украина согуштун соңун кандай көрүп жатканын айтуу эмес. Кеп Москвага таасир этүү инструменттерин талкуулоо жөнүндө болуп жатат, ал эми Подоляк аларга Киевге курал-жарак берүүнүн көбөйүшү, Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн эл аралык уюмдардагы, жок эле дегенде ошол эле БУУдагы мамилесинин өзгөрүшүн, же дипломатиялык кысым жөнүндө айтып жатат. : “Мисалы, Кытай же Бразилия өз каналдары аркылуу Орусияга Украинанын оккупацияланган аймактарын басып отура берүү мүмкүн эмес экенин айтуусун каалайт элек.”
Саммиттин Сауд Арабияда өткөнү бекеринен эмес. Бул өлкө акыркы мезгилде өзүнүн дипломатиялык таасирин кеңейтүү аракетин көрүп, жигердүү иш алып барууда. Украина маселеси сауд бийлигин тынчсыздандырганы анык. Согуштун башталышынан тартып алар туткундарды, анын ичинде чет элдиктерди алмашуу боюнча сүйлөшүүлөргө активдүү катышкан. Ал эми июль айынын ортосунда Financial Times гезити Эр-Рияд Орусияга алып келинген украиналык балдарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жатканын жазган. Бул Украина үчүн да, Орусия үчүн да согуштун эң кылдат маселелердин бири – Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту украиналык жашы жете элек балдардын мыйзамсыз депортацияланышына байланыштуу президент Владимир Путинди камакка алууга ордер чыгарды.
Ошол эле учурда Эр-Рияд Москва, Киев жана Кытай өңдүү башка ири оюнчулар менен өнөктөштүгүн сактап келет. Анын үстүнө Кытайдын саммитке катышуусун Сауд дипломатиясынын түздөн-түз ийгилиги деп аташууда.
Сауд өкмөтүнө жакын талдоочу Али Шихаби сүйлөшүүлөрдү “Сауд Аравиянын Украина, Орусия жана Кытай менен бекем байланыштарды сактоо боюнча көп тараптуу стратегиясынын ийгилигинин эң сонун мисалы” деп атады.
Wall Street Journal (WSJ) гезити жолугушуунун дагы бир маанилүү контекстине көңүл бурду: өткөн жылы АКШ Сауд Аравияны мунайдын баасын жогору кармап туруу үчүн Орусия менен сүйлөшүп жатат деп айыптаган - бул Москвага согушка керектүү каржы жагынан жардам берүү дегенди билдирет. Эр-Рияд менен Батыштын мамилеси Йемендеги согушка жана 2018-жылы саудиялык диссидент жана журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу да начарлады.
Бирок, сыягы, Сауд Аравиянын азыркы аракеттери көз жаздымда калбайт. Саммиттен кийин атын атагысы келбеген америкалык аткаминер WSJге: “Сауд бийлигине дипломатиялык аракеттери үчүн ыраазычылык айтылышы керек” деди.
Кытайдын катышуусу эмнеден кабар берет?
Расмий түрдө эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн мазмуну белгисиз - катышуучулар биргелешкен билдирүү жасоодон баш тартышты. Жолугушуудан кабардар болгон Киевдеги эки маектештин айтымында, жыйынтыктоочу билдирүү болбостугу тууралуу саммиттин катышуучулары алдын ала келишип алышкан, андыктан муну эч качан иш-чаранын ишке ашпай калганынын белгиси катары кароого болбойт. Копенгагенде өткөн жолугушуунун дагы жыйынтыктоочу билдирүүсү жок болчу.
Батыш басылмалары саммиттин жыйынтыгын этият оптимизм менен кабыл алышты. Алар Кытайдын катышуусун жолугушуунун эң маанилүү ийгилиги катары баалады.
Сүйлөшүүлөрдөгү кытай дипломаттарынын позициясын FTнын маектештери “конструктивдүү” деп мүнөздөштү. Аты аталбаган европалык дипломат басылмага: “Кытай Орусия эмес экенин көрсөткүсү келген. Ал эми Кытайдын жолугушууга катышуусунун өзү Орусиянын барган сайын изоляцияланып баратканын көрсөтүп турат.”
Башка булак FT агенттигине Кытай жолугушууга жигердүү катышканын жана сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундуна катышуу сунушун «оң» кабыл алганын айтты.
Кытайдын Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй саммиттин алкагында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жана Мамлекеттик департаменттин Орусия жана Украина алакасы боюнча адиси Виктория Нуланд менен жолугушту. Кытайдын Орусиядагы мурдагы элчиси Ли Хуэй согуш башталгандан бери май айында Украинага келген биринчи жогорку даражалуу кытай чиновниги болуп калды. Саммиттин жыйынтыгы боюнча АКШнын мамлекеттик департаменти Кытайдын катышуусун “жемиштүү” болду деп атады.
WSJ гезити Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө бирден-бир чыңалуу жараткан учур Кытай делегациясы орус баскынчылыгынын бир жылдыгында Пекин сунуштаган 12 пункттан турган жөнгө салуу планын эске салганы болгонун жазат. Анын айрым жоболору Украинаны жана анын союздаштарын тынчсыздандырды – ал план ок атууну токтотууну сунуштайт, бирок оккупацияланган украин аймактары эмне болору тууралуу эч нерсе айтпайт.
Украин бийликтери мындай позицияны кабыл алынгыс деп эсептей турганын бир нече жолу айтышкан: Киевде алар согуштук аракеттерди жөн эле токтотуп коюу Россиянын күчтөрүн кайра топтоп, согушту улантуусуна гана алып келерине ишенишет.
WSJ агенттигинин маалыматына караганда, Кытай Жиддадагы жолугушууда өз планын айткандан кийин, европалык дипломаттар эч кандай шартсыз ок атышпоо жаңжалды жөнгө салбастан, аны тоңдуруп, Орусияга аннексияланган аймактарга көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берерине тынчсызданган. Бул жоопко Кытайдын өкүлдөрү нормалдуу мамиле кылышты. “Алар ошол эле жерден түз жообун угушту, жакшы пикир алышуу болду”, - деди WSJге талкуунун мазмуну менен тааныш булак.
Кытайдын кийлигишүүсү бул өлкөнүн Орусия менен Украинага карата саясатынын өзгөргөнүн көрсөтүп турат, бирок азырынча эч кандай чоң бурулуш жок, дейт аналитиктер Рейтер агенттигине. Агенттик менен болгон баарлашууда эксперттер Кытай дагы эле Орусия үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш экенин эске салышты. Ошол эле учурда Пекин батыш мамлекеттери гана эмес, башка өлкөлөр да катышып жаткан тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттеринен четте тургусу келбейт, деп жыйынтыктады алар. Саммиттин жыйынтыгы тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Ли Хуэй Пекиндин позициясын дүйнөлүк коомчулукка билдирди деген маалымат менен чектелди.
“Кытай консенсусту жана өз ара ишенимди кеңейтүүнү улантат, украин кризисин саясий жол менен жөнгө салууга салым кошуу үчүн орток келишимге жетүүгө умтулат”, - деп убада кылды министрлик.
Киевде Кытайдын саммитке катышуусу, бир жагынан, шыктануу менен кабыл алынды: Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Ли Хуэйдин бул иш-чарага катышканын “чоң алга жылуу ” деп атады.
Экинчи жагынан, мындан дароо эле бир натыйжа күткөнгө болбойт. “Кытай консервативдүү өлкө, ал глобалдуу чечимдерди жай кабыл алат. Бирок бүгүнкү күндө Кытайдын позициясы (Россиянын союздашы катары – Би-Би-Си) албетте өзгөрүүдө... Кытай – айрыкча Пригожиндин ийгиликсиз козголоңунан кийин – бир топ алсыз орус элитасын, кыйла алсыраган президент Путинди көрдү... Репутациялык, акчалай же стратегиялык мамиле куруу жагынан аларга инвестиция салуунун эч бир мааниси жок”, - дейт Михаил Подоляк Би-Би-Сиге Украинанын Кытайдын позициясы тууралуу көз карашы жөнүндө.
Би-Би-Синин Киевдеги маектештеринин биринин айтымында, Жиддадагы жолугушууда кытайлык делегация кийинки ушул сыяктуу жыйынга катышаарына ишендирген.
Зеленскийдин тынчтык боюнча сунушу
Расмий жана бейрасмий түрдө Украина союздаштарын жана башка өлкөлөрдү колдоп берүүгө үндөп жаткан тынчтыкка жетүү планы – бул Владимир Зеленскийдин формуласы. Бул 10 пункттан турган план, башка нерселер менен катар Орусия Украинанын бардык аймактарынан (анын ичинде Крымдан жана аннексияланган төрт облустан) толугу менен чыгып кетиши керек жана анын аскердик жана саясий элитасынын өкүлдөрү Украинанын аймагында жасалган кылмыштары үчүн жазаланат деп болжолдойт.
Украин бийликтери акыркы айларда аймактык бүтүндүк алар үчүн негизги маселе экенин жана орус армиясы 1991-жылдагы чек арадан ары чегинмейинче эч кандай сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин айтып келишет.
Украинанын союздаштары бул позицияны ачык колдоп жатышат. Маселе, орус бийликтери алар үчүн аймактык чегинүүлөр таптакыр мүмкүн эмес экенин бир нече жолу айтып келгенинде. Нейтралдуу позицияны карманган өлкөлөр бул жагынан бир пикирди айтышкан эмес, бирок Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялоосун да расмий түрдө тааныган эмес.
WSJ билдиргендей, Жиддада өлкөлөр бул маселе боюнча консенсуска келгендей. Жогорку даражалуу европалык аткаминердин айтымында, Украина башка өлкөлөр анын планын негиз катары кабыл алышын талап кылган эмес. Ал эми башка тараптар өз кезегинде Киевден Зеленскийдин формуласынан баш тартууну талап кылышкан жок.
Би-Би-Синин саммиттин жүрүшүнөн кабардар болгон Киевдеги эки маектеши WSJнин маалыматтары чындыкка дал келбейт деп ырасташууда (булактардын бири аларды “жасалма” деп да атаган). Алардын айтымында, украин бийликтери дагы эле өз президентинин дал ошол тынтчык планына кеңири колдоо издөөгө ниеттенүүдө.
Сүйлөшкөн тараптар менен маектешкен FT жана WSJ экөө тең жалпысынан саммиттин катышуучулары кандай гана жөнгө салуу келишими болбосун, ал Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын урматтоого гана негизделиши керек деп макулдашканын жазышууда.
Ал эми Украина үчүн анын аймактык бүтүндүгү айкын себептерден улам Зеленскийдин тынчтык планынын негизги пункту экенин түшүнсө болот. Башка мамлекеттер үчүн калган пункттар маанилүү болуп чыгышы мүмкүн.
Ошондуктан Зеленскийдин формуласынын айрым жоболору жумушчу топтордо талкууланат. Алардын катышуучулары, атап айтканда, өзөктүк курал же дан келишиминин бузулушу менен азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу темаларда сөз сүйлөөгө туура келет.
"Бул европанын гана согушу эмес, болуп жаткан нерсе дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк, энергетика жана экономикалык туруктуулукка таасирин тийгизүүдө, андыктан макулдашууга жетишүү үчүн жалпы күч-аракет талап кылынат деген консенсуска келдик" - деп саммитте катышкан батыштык эмес өлкөлөрдүн биринин өкүлү WSJге билдирди.
Сауд Арабиянын расмий билдирүүсүндө, катышуучулар “келечекте тынчтыкка карай жолду уланта турган жалпы пайдубалды куруу үчүн эл аралык консультацияларды жана пикир алмашууну улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашты” деп билдирди.
Зеленскийдин планынын пункттары чогуу эмес, өз-өзүнчө талкууланышынын дагы бир себеби бар. Анткени, Орусия менен мамилелерин сактап калууну көздөгөн кээ бир өлкөлөр, мисалы, бул пландын жетинчи пункту тууралуу кыйылып турушат - ал Орусиянын аскердик жана саясий жетекчилигинин өкүлдөрүн согуш кылмыштары үчүн реалдуу кылмыш жоопкерчилигине тартууну жана Москва төлөшү керек болгон репарацияны карайт.
“Ушул пунктка макул болгон мамлекеттер Орусиянын каршылаштары болуп калышат, анткени сөз бул жерде Путиндин жеке өзү жана Россиянын бүткүл жетекчилигинин аман калышы жана эркиндиги жөнүндө болууда,” — деп жазат украиналык “Европейская правда” басылмасы. Демек, Киев кээ бир мамлекеттер бардык жумушчу топтордун ишине эмес, алардын бир бөлүгүнө гана катышат деген ойдо.
Жумушчу топтордун милдети – келечектеги “Тынчтык саммитинде” мамлекеттердин лидерлери тарабынан колдоого алынышы мүмкүн болгон компромисстик формулировкаларды иштеп чыгуу. Киев “Тынчтык саммитин” ушул жылдын аягына чейин өткөрүү мүмкүн болот деп үмүттөнөт. Бул саммиттин негизги милдети –Украинанын Зеленскийдин тынчтык планына максималдуу дал келген жеңишин жана тынчтыгын документтештирүү. "Тынчтык саммити" өтө турган жер азырынча аныктала элек, бирок Киев ага 60-70 мамлекеттин лидерлери катышат деп күтүүдө.
Ал эми Жиддадагыдай жолугушуулар ошол саммитке аныктамаларды даярдоодо негизги ролду ойношу керек. Кийинки жолугушуунун күнү жана орду азырынча тактала элек, бирок Киев ал сентябрдын башында болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Украинада саммитке кандай баа берилүүдө ?
Украин бийликтери Жиддадагы саммиттин жыйынтыгын кубануу менен кабыл алышты.
"Биз украинанын тынчтык формуласын ишке ашырууга бир кадам жакындадык... Жиддадагы саммит тарыхта калат деп ишенем", - деп билдирди бул сүйлөшүүлөрдө Украинанын делегациясын жетектеген Украина президентинин аппаратынын башчысы Андрей Ермак улуттук телемарафондун эфиринде.
Башка жагынан алып караганда, бул окуяга арналган Батыш ММКларындагы айрым жанылыктардан улам учурдагы бийликти сындагандар күмөн санап калышты. Атап айтканда, алар Жиддада украин делегациясы тынчтыкка жетүү үчүн негиз катары Зеленскийдин планы кабыл алынышы керектигин катуу талап кылбаганын, же Украина эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өз аймагынан орус аскерлерин чыгаруу позициясынын негизги пунктунан баш тартууга даяр экенин билдиргенин жазышкан.
Би-Би-Си менен болгон маегинде Михаил Подоляк бул эки маселе тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес деп билдирди. Украина Зеленскийдин планы тынчтыкка алып баруучу жападан жалгыз жол экенин, ал эми орус аскерлеринин украин жеринде болушу, атүгүл ок атышпоо келишимин түзүү азыркы согушту тоңдурулган конфликт статусуна алып барат деп ырастоодо. Андан соң анын жаңы согушка айланышы – мындан да кандуу жана, балким, чоңураак масштабда, жаңы өлкөлөрдү, ал тургай бүтүндөй региондорду басып алуу - бул жөн гана убакыт маселесине айланат.
Германиянын DPA маалымат агенттиги Жиддадагы саммитте Сауд Аравиянын делегациясы күтүүсүздөн өздөрүнүн тынчтык формуласын сунуштаганын жазды. Анын мазмуну — ок атышууну токтотуу жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн таануу боюнча БУУнун демөөрчүлүгү менен өткөн сүйлөшүүлөр. Бул сунуш жалпысынан Киев ишенбөөчүлүк менен караган Кытайдын тынчтык планын эске салды.
Михаил Подоляк Би-Би-Сиге Эр-Рияд эч кандай принципиалдуу жаңы план сунуштабаганына ишендирди: “Жок, алар мындай планды көтөрүшкөн жок. Жөн гана тиги же бул нерсеге даярсыңарбы деген айрым позицияларды талкуулап жатышты. Бул стандарттуу консультациялар, баары бир нерселерди талкуулашты. Бирок Украина үчүн анын тынчтык формуласынын позициясы принципиалдуу, биз бардыгын ага кошулууга, аны процесстин өзөгүнө айлантууга чакырабыз. Акыркы сөз ушундай".
Москва эмне дейт?
Орус расмийлери жана дипломаттары күтүлгөндөй эле Жиддадагы саммитке ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышты. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва сүйлөшүүлөрдү "назарга алганын" жана "БРИКСтеги пикирлештеринин" жана башка өнөктөштөрдүн баа берүүсүн күтүп жатканын билдирди. Анан ал Зеленскийдин формуласын сынга алып, конфликтти “адилетүү жөнгө салуу” үчүн Украина согушту токтотуп, “жаңы аймактык реалдуулуктарды”, башкача айтканда, анын аймактарын Орусиянын аннексиялоосун таанышы керектигин айтты.
"Орусиянын катышуусусуз жана анын кызыкчылыктарын эске албай туруп, Украина кризиси боюнча бир дагы жолугушуу өткөрүүнун эч кандай мааниси жок", - деп кошумчалады ал.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва саммит тууралуу ага катышкан БРИКС өлкөлөрү менен сүйлөшөрүн ырастады – ал өлкөлөр, Кытайдан тышкары Индия, Бразилия жана Түштүк Африка. Ошол эле учурда Рябков БРИКС өлкөлөрү Украинаны (Москва өзү түшүнүп жаткан формада) “акыл-эсине” келтире аларына ишенимин билдирди.
“Бирок, Жиддада эмне болгону тууралуу толук билишибиз керек. Реалдуу абалды жакшырак тушүнүү максатында бул темада брикстегилер менен диалогубуз мындан ары да улана берет”, - деди орусиялык дипломат.
Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов Сауд Арабиядагы жолугушууну маанисиз деп атады. "Чындыгында, бул тынчтык жараянына эч кандай тиешеси жок, анткени маанилүү ролду ойногон Орусия чакырылган эмес", - деп жазган ал өз Telegram каналында.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин алдында Москва жолугушууга көз салып турарын убада кылып, бирок анын максаттарын азырынча түшүнө элекпиз деген. Кремль саммиттин жыйынтыгы боюнча комментарий бере элек. Ошол эле учурда, дем алыш күндөрү Владимир Путиндин басма сөз катчысы New York Times гезитине согуштук аракеттердин улантылышы боюнча башка комментарий берди.
Гезит Песковдон Орусия Украинанын дагы башка жерлерин басып алууну көздөп жатабы деп сурады. "Жок. Биз жөн гана азыр Конституциябызда биздики деп жазылган аймактардын баарын көзөмөлдөгүбүз келет”, - деп жооп берди ал.
Крым, ошондой эле Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустары азыр Орусиянын Конституциясында субъект катары жазылган. Херсон менен Запорожьеде облустарында Орусия аймактык борборлорду – Херсон жана Запорожье шаарларын көзөмөлдөбөйт. Донецк жана Луганск облустарында дагы Украинанын көзөмөлүндө калган аймактар, анын ичинде Славянск жана Краматорск сыяктуу ири шаарлар бар. Песковдун сөзүнөн билинип тургандай, Орусия аларды басып алуу аракеттерин улантууга ниеттенүүдө, бул Москванын тынчтык жолу менен жөнгө салууга теориялык жактан даярдыгы жөнүндө сөз да жок дегенди билдирет.
Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эместигине Михаил Подоляк да кошулмак. “Орусия боюнча бардык нерсе согуш талаасында гана чечилет... Чынын айтсам, мен алар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн деле көрбөй турам... Орусия Украинанын аймагынан чыккандан кийин гана ал менен сүйлөшүү процесси башталышы мүмкүн. Болгону ошол”, - деди ал Би-Би-Сиге берген маегинде. (DO)