You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусияда ракеталар сакталган шаар дрон чабуулуна кабылды
Тверь областынын Торопец шаарында 18-сентябрга караган түнү дрондордун чабуулунан улам курал-жарак кампасында жарылуу болуп, ага жакын аймакта эвакуация жарыяланды. Чабуулдан улам катуу жарылуу болуп, андан кийин өрт чыкты. Ракетанын арсеналдары жана башка ок-дары сакталган жай бутага алынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Украин Коопсуздук кызматындагы булактар билдирди. Орус бийлиги ок дары кампасындагы жарылууну тастыктаган жок.
Торопецте чыккан өрт тууралуу Тверь областынын губернатору Игорь Руденья түндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, "абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз учактардын чабуулунун мизин майтарууга киришкенде дрондун сыныктары кулап түшкөндөн кийин өрт чыккан". Ал кайсы обьект чабуулга кабылганын тактаган жок.
Орусиялык губернатолор украинанын дрондорунун тигил же бул обьектилерге чабуулдары тууралуу сөз кылганда, соңку айларда такай дрондор атып түшүрүлгөнү тууралуу билдиришет. Мисалы мунай базага дагы дрондун сыныктары кулаганы тууралуу айтышкан.
Орусиялык телеграм-каналдар жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып, Торопецте дрондукуна окшош үн угулуп, андан соң жарылуу болгонун билдиришүүдө. Көп өтпөй Тверь областынын жергиликтүү бийлиги, "абадан коргонуу күчтөрү иштеп жана өрт өчүрүлүп жаткан аймактан" калктын бир бөлүгүн эвакуациялоо тууралуу чечим кабыл алышканын билдирди.
Торопец шаардык бийлигинин коомдук сайттагы баракчасындагы маалыматка караганда, элди коңшулаш Западная Давина шаарына эвакуациялашууда. Ал жактын жетекчилиги билдиргендей, 18-сентябрда округдагы муниципиалдык мектептерди жана бала бакчаларды жаап жатышат.
Орусиянын Коргоо министрлиги, 18-сентябрга караган түнү жалпысынан 54 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдириди. Мекеме өз билдирүүсүндө Курск, Брянск, Смоленск, Белгород жана Орлов областтары тууралуу жазган, бирок Тверь областы тууралуу эч кандай маалымат жок.
Орусиялык жана украиналык телеграм-каналдардын билдиргендерине караганда, Торопецтеги курал-жарак сактаган чоң кампа чабуулга кабылган болушу мүмкүн. Алар аябагандай кубаттуу жарылуунун тастыкталбаган фото, виделорун жарыялап жатышат. Бул учкучсуз учактардын жарылуусуна караганда, курал-жарактар жарылган учурдагы от алгандагыга окшошуп турат.
Жергиликтүүлөр тарткан өңдөнгөн видеодо алардын кеп-сөзү угулуп жатат. Торпецтиктердин телеграм-чатындагылардын бири аябай чоң жарылуу жөнүндө айтып берүүдө.
Аталган шаарда ракеталарды, жарылуучу заттарды жана курак-жарактарды комплекстүү сактоочу жайы жайгашкан. Бул расмий маалымат, ракеталык арсенал жөнүндө орусиялык мамлекеттик ЖМКлар буга чейин жарыялап келишкен.
Орус бийлиги арсеналдардын жарылуусу боюнча билдирген жок.
Би-Би-Си Украин кызматынын УККдагы булагы, украинанын дрондору "Искандер", "Точка-У" жана корректировкалануучу авиабомбалар сакталып турган Тверь областындагы "капманы жок кылганын" билдирди.
Расмий билдирүүлөргө караганда, Торопецтеги курал-жарак кампасынын курулушу мындан бир нече жыл мурун аяктаган. Спецстрой чыгарган эсепке караганда, анын курулушуна 3.6 млрд рубль сарпталган.
Бул жай Орусиянын Коргоо Министрлигинин курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды ачык асман алдында сактабоо боюнча максаттуу программасын жакшыртуу ишинен улам 2012-жылы курулган.
Торопец — 11 миңден көбүрөөк киши жашаган, миң жылдан ашуун тарыхы бар шаар.