You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Үчөөнүн айынан миллиондогон киши өлдү". Трамп Украинадагы согуш боюнча кимди айыптады?
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согуштун башталышы боюнча кайрадан Зеленскийге күнөөнү оодарды. Жакында эле Орусияга барып келген Трамптын атайын чабарманы Стивен Уиткофф Владимир Путин менен эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу баяндап берди. Ошол эле учурда Володимир Зеленский тынчтыкка жетүүнү каалабай жатат деп Москваны айыптады.
Зеленский ошондой эле Орусияга карата басым болбой турган болсо алар эскалацияга баргандан коркпойт деп кошумчалады.
Трамп Украинадагы согуш жөнүндө Сальвадордун президенти Найиб Букеле менен Ак үйдө жолугушкан учурда сөз кылды.
Журналисттердин бири АКШ президентине кайрылып, Сумы шаарына урулган ракеталык сокку боюнча "Орусиянын катасы" деп эмне тууралуу айтып жатканын чечмелеп берүүсүн суранды. Сумыга соңку ирет урулган ракеталык соккудан отуздан ашуун киши каза таап, жүздөн ашуун киши жарадар болгон эле. Орусия аскерлер чогулган жерге сокку урганын айтса, Украина карапайым тургундар бутага алынууда деп Москваны айыптады.
АКШ президенти "согуштун башталышына жол берүүнүн өзү ката болгон" деп жооп берди. "Байден согушту токтотуп койсо болот эле. Зеленский аны токтотсо болот эле. А Путин болсо ал согушту такыр баштабашы керек болчу. Баары тең күнөлүү",- деп жооп берди Трамп. – Ушул үч кишинин айынан миллондогон кишилер курман болду. Мисалы Путин – номер бир, мисалы Байден ал учурда эмне кылып жатканын дагы түшүнгөн эмес, бул эки, жана Зеленский".
Трамп адаттагысындай эле бул жолу да көбүртүп-жабыртты. Азырынча эки тараптан тең курман болгондордун саны белгисиз. Алар ондоп, балким, жүз миңдеп саналат, бирок миллиондоп эмес.
Трамптан Володимир Зеленскийдин Киевге "Patriot" абадан коргонуу системасын сатуу боюнча өтүнүчүн кароого даярсызбы деп дагы сурашты. "Patriot" чабуул коюу үчүн эле эмес, Украинанын шаарларын Орусиянын ракеталарынан коргоодо дагы пайдаланылат.
"Угуп койгула, силер согушту баштап жатканда силер жеңишке жетээриңерди билишиңер керек да, туурабы? Өзүңөрдөн 20 эсе чоңдук кылгандарга каршы согушту баштап алып, анан силерге ракета берет болду бекен деп үмүт кылбагандай болуш керек",- деп жооп берди Трамп.
Трамптын дал ушул жообу көптөгөн украиналыктарды нес эле кылды. Бул боюнча журналисттер, эксперттер коомдук сайттарга жабырата жазышты.
"Мен эмне кыла алам, мен муну токтотконго аракет кылышым керек. Мен адам өлүмдөрүн токтоткум келет. Бул боюнча бизде баары жакшы. Мен жакын арада силерде жакшы сунуш болот деп ойлойм",- деп жыйынтыктады Трамп.
Трамп президенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында бул согушту бир суткага жеткирбей эле токтотуп коё ала тургандыгын бир нече жолу айткан. Ал тургай бул боюнча атайын планы дагы бар экенин билдирген эле. Бирок кантип токтотот, качан токтотот дегенди тактап айтып берген эмес.
Трамп адаттагысындай эле анын президенттигинин биринчи мөөнөтүндө Путин Украинага каршы согуш баштоо тууралуу ойлонууга дагы батынган эмес, өзүнө чейинки президент Жо Байден "мунайга болгон бааларды төмөндөтүү менен" согушту токтотуп койсо болот эле. Байден аны кылган жок деген сөзүн кайра кайталады.
Америкалык лидер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ок атышууну токтотуу боюнча Орусия үчүн "эң соңку мөөнөттү" тактаганын, бирок ал кайсы дата экенин дагы деле ачык атаган жок.
Буга чейин АКШнын мамлекттик катчысы Марко Рубио, Вашингтон "ай эмес, аптанын ичинде" Москва чындап эле тынчтыкты орнотууга кызыкдарбы же жокпу дегенди аныктай турганын билдирген.
"Москвадагылар кебелбейт"
Өз кезегинде Володимир Зеленский, Орусия тынчтыкты каалабайт, Украина АКШнын басымы астында бир айдан ашык убакыт мурун эле ок атышууну шартсыз токтотуу боюнча сунушту кабыл алганын кайрадан айтты.
Зеленский украиналыктарга карата дүйшөмбүнүн кечиндеги кайрылуусунда, тагыраак айтканда, Трамп Ак үйдөгү бул билдирүүсүн айтканга чейин эле, Москвага карата басымды күчөтүүгө чакырган эле.
"Буга бир эле себеп бар: Москвадагылар коркпойт. Эгер Орусияга карата олуттуу басым болбосо алар мындан ары деле көнгөнүн кыла беришет. Согушмай анан андан ары карай",- деди Зеленский.
Ал бул тууралуу жакында эле CBS News телеканалына берген интервьюсунда айтты.
Зеленскийдин бул айткандарынын бир бөлүгүн согушту Украина баштады деген дооматтарга карата жооп катары да караса болот.
"Биз тезирээк тынчтыкка жетүүгө жөн эле даяр турган жерибиз жок, керек болсо Украина бир секунд дагы согушту каалаган эмес. Согуш аяктаганда Орусияны агрессор катары тынчтыкка мажбурлашканын бүт дүйнө жүзү айдан ачык түшүнөт. Агрессор мындан 11 жыл мурун 2014-жылы Украинанын жерине келген. Мунун дагы жылдап уланбашы баары үчүн маанилүү",- деди украин президенти.