Байсалов: Мамлекеттик маселелерди эки адамдын жеке мамилесине такап койбошубуз керек

Эдил Байсалов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдил Байсалов
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү акыркы саясий окуялар жана Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча билдирүү жасады. Анын билдирүүсү Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Ал акыркы беш жыл ичинде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин кызматташтыгы мамлекеттик башкаруунун бекем модели болуп келгенин белгиледи. Ошондой эле ал президент акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги чечимдерди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды.

"Бул биргелешкен жоопкерчиликтин аң-сезимдүү модели болчу жана моюнга алыш керек, бул модель көптөгөн ички жана тышкы байкоочуларды таң калтыруу менен ушул жылдар бою жетиштүү деңгээлде бекем сакталды", - деди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, бул тандем көптөгөн маанилүү чечимдерди чогуу кабыл алып, туруктуулукту камсыз кылган. Бирок акыркы айларда бул тең салмактуулукка сырттан сокку урулган. Вице-премьер мамлекеттик бийлик бир гана борбордон башкарылып, "кош бийлик" деген түшүнүккө жол берилбеши керектигине токтолгон.

"Кыязы, бул модель жана калыптанган чечим кабыл алуу тартиби мындан ары да элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла бермек. Генерал Ташиев Президентти колдой тургандыгын бир нече жолу жана ачык ырастаганы баарыбыздын эсибизде. Ал мамлекет башчысынын курсун, анын кезектеги шайлоого талапкерлигин көрсөтүүсүн колдой турганын түз айтып, иштеп жаткан Президенттин башталган кайра түзүүлөрдү улантууга толук конституциялык укугу бар экенин ачык билдирген. Бул билдирүүлөр ачык, түшүнүктүү жана коомдук болчу.

Бирок акыркы айларда айрым жоопкерчиликсиз элементтер, карыган "канаттары кайрылган" жана "саясий банкроттор" элдик генералдын атын жамынып, өздөрүн тарыхтын жаратуучусу сезип алышты. Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, анын атынан сүйлөй башташты, жеке бийликке умтулуу, бийликтин алмашуусу тууралуу чечимдер кабыл алынгандай кылып активдүү жайылтып, бүдөмүк жана тымызын тирешүү атмосферасын түзүштү. Так ушулар көп жылдар бою стабилдүүлүктү камсыз кылган тең салмактуулукту солкулдата башташты. Натыйжада кооптуу эки ажырым пайда болду. Коомдо "кош бийлик" бар экендиги, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү зарылдыгы жана азыркы бийликтин легитимсиздиги тууралуу кептер тарай баштады.

Так ушул чагымчылар жана алардын ачык амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна жик салды, бул ажырым жалпы коомдун жана мамлекеттин бөлүнүүсүнө коркунуч келтире баштады.

Мамлекет үчүн буга жол берүүгө болбойт. Бийлик так, конституциялык жактан аныкталган жана бир гана жоопкерчилик борборуна топтолушу керек", - деди Байсалов.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле ал акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда, өзгөчө коопсуздук органдарында айрым дисбаланстар пайда болгонун моюнга алды:

"Жетилген саясий коом катары биз азыр эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоону эки адамдын жеке мамилесине такап койбошубуз керек. Кошумчалай кетсем, акыркы жылдары өкмөттө да, жер-жерлерде да мамлекеттик башкаруу системасында белгилүү бир дисбаланс пайда болгонун чынчылдык менен моюнга алышыбыз керек деп эсептейм. Мамлекеттик коопсуздук органдарында айрым функциялардын ашыкча топтолушу бул структуралардын айрым өкүлдөрүнүн өздөрүн мыйзамдын куралы эмес, тартип үчүн күрөштүн кадыр-баркына жамынып алып, өз ыйгарым укуктарынан чыгып кетүүсүнө жана коомдо коркуу, куугунтуктоо атмосферасын түзүүсүнө алып келди. Бул тема жарандык коом, ишкердик түзүмдөр жана жаштарыбыз тарабынан негиздүү сын-пикирлерди жаратууда".

Эдил Байсалов Камчыбек Ташиевдин тынчтыкка жана туруктуулукка чакырган позициясын жогору баалоо керектигин кошумчалады.

Аягында Байсалов президенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө - келерки жылдын январь айында өтөрүн эске салып, бардык жарандарды президент Садыр Жапаровдун айланасында баш кошууга чакырды.

Ташиев иштен алынышы тууралуу бүгүн комментарий берди. Анын кайрылуусу делген билдирүүнү Ташиевдин жакын адамдарынын бири деп эсептелген Нургазы Анаркулов 11-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем. Себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" - деп жазылган кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов 10-февралда Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президенттин комментарийин айтып берди.

"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: "Эң биринчи кезекте Мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",-деп гана түшүндүрдү", - деди Аскат Алагозов.

Көп өтпөй, Аскат Алагозов кайра дагы бир жолу кененирек маалымат берди: "Президент Садыр Нургожоевич "...Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм".

Ташиевдин тарапташтарынын бири, журналист Өткүрбек Рахманов Би-Би-Сиге Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөнүн, кеткенине 2-3 күн болгонун айтты.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун узактан берки үзөңгүлөшү катары саналып келет. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Жапаровдун бийликке келишинде негизги ролдордун бирин ойногон саясатчы катары белгилүү. Ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп келген. Аны бул кызматка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда дайындаган. Мындан тышкары Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келген.

9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Кайрылуу ээлери өлкөдөгү учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы логикалык жактан аяктады деп эсептешет. Алардын пикиринде, өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүү үчүн жаңы программа жана элдин жаңыланган ишеними керек.

Мындан тышкары, президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгиленген. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

Кайрылууга кол койгондордун айрымдарын бүгүн ИИМ сурап жатканы айтылды. Бекболот Талгарбековун үйүнө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери келип, суракка алып кетишкен. Маалыматты саясатчынын уулу Арстан Талгарбеков Би-Би-Сиге тастыктады.