You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кумтөр: Женева сүйлөшүүлөрү жаңы жоромолдорго жол ачты
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
“Центерра” менен кыргыз делегациясынын Женевада болгон сүйлөшүүлөрү көп суроолорду жаратты. Биринчиден, сүйлөшүүлөрдө кандай сөз болгону ачык айтылбай жатат. Ошол эле учурда канадалык компания менен эл аралык арбитражда кармашууга даяр экенин билдирип келаткан кыргыз тараптын позициясы эмнеге өзгөрүп жатканы түшүнүксүз.
Женевадагы сүйлөшүүлөр алдын ала ачык айтылбай, бүткөндөн кийин гана белгилүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө үстүрт гана маалымат берилди.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сүйлөшүүлөргө кыргыз делегациясы президенттин тапшырмасы боюнча барганын жана ал кыргыз тарап үчүн канааттандырарлык болгонун билдирди:
“Мындан мурда кыргыз тарапка “Центерра” компаниясынын жетекчилиги Скот Перринин түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Кумтөр Голд Компанинин” менчик ээси болуп калышы сценарийин дагы карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу менен каты келип түшкөн".
Ушундай эле маанидеги кыска билдирүүнү "Фейсбукка" Садыр Жапаров өзү да жарыялды.
"Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып. “Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт", - деди президент.
Женевадагы сүйлөшүүлөргө экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, баш прокурор Курманбек Зулушев, "Кумтөрдүн" убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк катышты.
Эгер “Центерра” сүйлөшүүлөрдү баштоонун демилгечиси болсо, анда анын эл аралык арбитражка кайрылган соттошуунун келечегине ишенбей жатканы. Бирок кыргыз тараптын сүйлөшүүлөргө барганынын өзү дагы анын кенди өз алдынча иштетип кетүүнүн көзүн таппай калган турбайбы деген жоромолдорду жаратышы мүмкүн.
Анткени, "Кумтөргө" сырттан башкаруу киргизген учурдан тартып эле кыргыз башчылары эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын, кандай гана сот болбосун кармашууга даяр экенин билдирип келаткан. Бирок эл аралык арбитражда кармаш баштала электе эле сүйлөшүүлөргө барып жатканы кыргыз тараптын позициясынын ырааттуу эмес экенин, анчалык бекем эместигин билдирбейби?
"Центерра" сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат чыгара элек, бул процессти ким баштаганы ошондо айкын болот. Бирок ага чейин эле сүйлөшүүлөр кыргыз тараптын демилгеси деген да сөздөр чыгып кетти.
"Сүйлөшүүлөрдү биз баштаганбыз, биз чакырык таштаганбыз. Бул деген баштапкы талаптардан акырындык менен баш тарткандыкты же баш каткандыкты билдирет. Башка негиз жок. Башында аябай айтышкан, биз утулбайбыз, утулган күндө дагы Кумтөрдү эч кимге бербейбиз, бул биздики, элге өттү дешпеди беле", - дейт ЖКнын депутаты, "Кумтөр" боюнча мамкомиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков.
"Кумтөрдү" жыл башында мамлекеттик комиссия текшерип келгенде, экологиялык жана экономикалык ири зыян болгону тууралуу айтылып, анын негизинде кыргыз өкмөтү баш-аягы 4 миллиард 252 миллион долларга доо койгон. Ошондо Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра” менен сүйлөшүүлөр бир гана шартта, алар экологиялык жана экономикалык зыянды мойнуна алганда гана мүмкүн экенин билдирген.
“Экология менен салыктан башка дагы толуп жаткан зыян бар. Ошонун баарын “Центерранын” менеджменти мойнуна алышы керек. Мойнуна алгандан кийин анан сүйлөшүп эсептешсек болот. Садыр Нургожоевич да сөзүнө турган киши экен. Бир кадам да артка шилтебейбиз, аягына чейин турабыз. Биз өзүбүзгө токсон пайыз ишенебиз, биз каалаган арбитражды утабыз”,-деген эле Теңиз Бөлтүрүк Би-Би-Сиге.
“Центерра” кыргыз тараптын койгон доосун мойнуна алмак түгүл, кайра чамынып эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы белгилүү. Кыргыз делегациясы Женевага учуп кеткен 27-сентябрь күнү эле “Центерра” өзүнүн сайтынан кыргыз өкмөтү менен “Кыргыз алтынды” эл аралык арбитраж сотуна бергенин билдирген.
Сүйлөшүүлөргө кыргыз тарап кандай сунуштар же талаптар менен барганы, “Центерра” өз кезегинде кандай варианттарды сунуштаганы ачык айтылган жок. Расмий маалыматтагы Кыргызстандын Кумтөрдүн менчик ээси болуп калышы жөнүндө сценарий каралган болсо, кыргыз тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанып жаткан болсо, анда аны сыр кылбай, утуш катары эмнеге элге жар салышпайт?
"Женевадагы "Центерра" менен болгон сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз, ийгиликсиз аяктаганбы деген ойдо калдым. Эгерде бир аз эле пайдалуу жыйынтык болгондо биз тараптан барган барган азаматтар кандай эрдик жасагандарын айтып түгөтө албай, пресс-конференциянын артынан пресс конференция өткөрүп, теледен түшпөй калышмак. Өзгөчө өпкөсү чоңдору. Алдында жолугушуу биз тараптын өтүнүчү менен болду деген аңыз кептер чыккан. Эгер был чын болсо, анда иштин бүткөнү", - деп жазды экономист-аналитик Сапар Орозбаков Фейсбукка.
Сүйлөшүүлөргө УКМК төрагасы менен баш прокурордун барганы дагы өзүнчө суроо жаратты. "Кумтөрдөгү" коррупция, экологиялык зыян боюнча козголгон төрт кылмыш иштин тергөөсү УКМК жүргүзүп жаткан убак. Кылмыш жоопкерчилиги Кыргызстандагы мурдакы жетекчилердин эле эмес, анын ичинде “Центерранын” мурдакы, азыркы башкаруучуларына да козголгон. Ошондуктан кыргыз тараптан күч органдарынын жетекчилери өздөрү баргандан кийин издөө жарыяланган сырттагы адамдарга мыйзамдуу чара көрүү үчүн барышы керек эле.
Бирок алар кылмышка шектүү адамдарды жоопко тартуу боюнча кандай чараларды көргөнү жөнүндө азырынча сөз жок. Же аларга опуза көрсөтүп, талап коюп, соодалашуу максатында барышканбы?
"Издөөдө жүргөн адамдарга барып жолугушканы кызык. Кылмышка шектүү адамдар менен кызматташуубу бул, кандай түшүнсө болот"? - дейт Р. Момбеков.
Кыргыз өкмөтү “Кумтөргө” сырттан башкаруу киргизгенине бешинчи айга баратат. Бул арада сырткы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк кендеги иш токтобогонун, баары кадимки режимде шакылдап иштеп жатканын айтып жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөрдөн" эки айда 90 миллион доллар киреше түшкөнүн айтып чыкты. Бирок "Кумтөрдүн" ырасмий вебсайтында жарыяланган 2020-ж. финансылык ишмердиги боюнча отчетто, компания былтыр $981,6 млн киреше тапканы көрсөтүлгөн. Бул Кумтөр былтыр айына $81,8 же Ташиев айткандан 182% көп киреше таап турган дегенди билдирет.
Ошол эле убакта "Кумтөрдүн" азыркы өндүрүш-экономикалык көрсөткүчтөрү ачык, так, даана жарыяланган жок. Лондон биржасы Кыргыз алтынын сатууга эшикти жаап койду. Канча алтын өндүрүлгөнү, ал каякта экени, же канчага сатылып жатканы жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын да койгон суроосу да жоопсуз калууда.
"Кумтөрдүн" алтынын Улуттук Банк сатып алат деген сөздүн артында да чырлуу маселелер турганы айтылууда. Улуттук Банктын жетекчилиги алмашкан себеби да ушул жакта эмеспи деген суроо бар.
"Улуттук банкка каршы аз күндө "Центерра" арыз бериши мүмкүн. Аны алтын алып сатуу боюнча аккредитациядан ажыратуу боюнча. Дегеним, Тенгиз Бөлтүрүк өзү айткан алтындын Улуттук банкка 29 миллион долларга сатылганын. Алтынды алганга булардын укугу жок болчу. Толкунбек Абдыгулов төгүндөп чыкпады беле, биз келишим түзгөн эмеспиз, эч кандай алака болгон эмес деп. Бирок ошол алтынды алганы далилдене турган болсо, анда Улуттук банк аккредитациясынан ажырайт. Кеп анда эле эмес. Кеп Улуттук банктагы улуттук резервди камакка алышы мүмкүн. Камакка кое алат, талапты кое алат. Ушундай чоң коркунуч жаралып атат", - дейт Рыскелди Момбеков.
«Кумтөр» компаниясын текшерип чыккан мамлекеттик комиссия «Центерра» менен келишимге кол койгон мурдакы президенттер менен өкмөт башчыларын саясий жана мамлекеттик коррупцияга айыптагандан кийин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Кумтөрдөгү" коррупция, экономикалык жана экологиялык зыян боюнча төрт кылмыш иш козгогон.
Алардын бири "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине каршы козголгон, ал эми калган үчөө коррупция, жерди мыйзамсыз берген, салыктан мыйзамсыз куткарган, экологиялык зыянга алып келген чечимдер боюнча. Алар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган узун тизменин арасында азыркы парламентте отурган депутаттардын да бар экени айтылган.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мурдакы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана «Центерра» менен зыяндуу келишимдерге кол койгон бардык жетекчилер, аны колдоп берген, пайда көргөн депутаттар баары жоопко тартылат деп билдирген:
«Бул убагында мамлекеттик жооптуу кызматта турган адамдардын кызматтык кылмыштары. Бул жакта бир нече мурдакы премьер-министрлер, депутаттар бар. Бизде убагында "Кумтөрдөн" материалдык колдоо алып турган депутаттарга материалдар бар".
Атамбаев ансыз деле камакта, Бакиев Беларуста качып жүрөт. Москвада жүргөн Акаев кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп алып, жакында Бишкекке келип, “Кумтөр” боюнча УКМКга сурак берип кетти.
Мурунку премьерлерден Темир Сариев менен Жантөрө Сатыбалдиев камакта. Өмүрбек Бабанов менен Мухамедкалый Абылгазиев миллиондоп акча төлөп камактан чыгышты. Жакында эле 2014-2015-жылдары жетектеп турган Жоомарт Оторбаев камалды.
"Кумтөрдөгү" экономикалык жана экологиялык кылмыштар боюнча жыйырма жылдан бери мамлекеттин геология жана экология жагын караган көп кызмат адамдары жоопко тартылууда. Кеп "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн азайтып жиберген, компанияны салыктан куткарып жиберген, мамлекетке экономикалык жана экологиялык зыян алып келген, жең ичинен коррупция жолу менен бүткөн чечимдер жөнүндө болуп жатат.
2011-2012-жылдары мамлекеттик комиссия "Кумтөр" долбоорун текшерип чыгып, келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес, кен иштеген учурдан бери өлкөгө экологиялык жана экономикалык чоң зыян келди деп бүтүм кылган. Биринчи кезекте “Кумтөрдө” өндүрүштүк таштандылар мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлүп, анын кесепетинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн бир тобу талкаланып жок болуп кеткени аныкталган.
Ошондо өкмөт чоң суммага «Центеррага» экологиялык доо койгон, бирок аны да өндүрүп ала алган эмес. 2017-жылы сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центеррага» экологиялык доодон баш тартып, өзүнчө экологиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, "Центерра" жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтмөк.
Садыр Жапаров президент болгондон кийин "Кумтөрдү" текшерген комиссия бул келишимди дагы кылмыштуу деп тааныды. Кыргызстандын соту ушул жылы май айында "Центерра" компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарды.