You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кумтөр" сурагы: Жооп кезеги Жоомарт Оторбаевде
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда “Кумтөрдөгү” коррупция боюнча дагы бир мурдакы премьер-министр кармалды. Жоомарт Оторбаевге чет элдик ишкананын кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалоого жол берген деген күнөө коюлууда. Бүгүн-эртең анын баш коргоо чарасы чечилиши керек.
“Тергөөдө аныкталгандай, Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп турган кезде, өкмөттүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Кумтөр Голд Компанинин» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
«Кумтөр» долбоорун текшерип чыккан мамлекеттик комиссия «Центерра» менен келишимге кол койгон мурдакы президенттер менен өкмөт башчыларын саясий жана мамлекеттик коррупцияга айыптап жатат. Ошонун негизинде УКМКда төрт кылмыш иши козголгон. Алардын бири "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине каршы козголгон, ал эми калган үчөө коррупция, жерди мыйзамсыз берүү, салыктан мыйзамсыз куткаруу, экологиялык зыянга алып келген чечимдер боюнча.
УКМК бүгүн "Центерранын" мурдакы жетекчилеринин баарын коррупцияга айыптап, издөө жарыялаганын билдирди.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мурдакы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана «Центерра» менен зыяндуу келишимдерге кол койгон бардык жетекчилер, аны колдоп берген, пайда көргөн депутаттар баары жоопко тартылат деп билдирген:
«Бул убагында мамлекеттик жооптуу кызматта турган адамдардын кызматтык кылмыштары. Бул жакта бир нече мурдакы премьер-министрлер, депутаттар бар. Бизде убагында "Кумтөрдөн" материалдык колдоо алып турган депутаттарга материалдар бар".
Атамбаев ансыз деле камакта, Бакиев Беларуста качып жүрөт. Москвада жүргөн Акаев кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп алып, жакында Бишкекке келип, “Кумтөр” боюнча УКМКга сурак берип кетти.
Мурунку премьерлерден Темир Сариев менен Жантөрө Сатыбалдиев камакта. Өмүрбек Бабанов менен Мухамедкалый Абылгазиев миллиондоп акча төлөп камактан чыгышты. Эми кезек өкмөттү 2014-2015-жылдары жетектеп турган саясатчыга келди.
Жоомарт Оторбаев совет заманында Ленинградда абройлуу университетте окуп, илим тармагында ийгиликтүү иштеп, физика илимдеринин доктору болду. Эгемендик башталган жылдары илимден бизнеске өтүп, 1996−2002-жылдары Philips Electronics өкүлчүлүгүнүн генералдык директору, анын Борбордук Азия боюнча вице-президенти. 1997−2002-ж. КРдеги Нидерланд Королдугунун ардактуу өкүлү.
2001-жылы Акаев мамлекеттик кызматка чакырып, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү болуп иштеди. 2002-2005-жылдары КРдин экономика боюнча вице-премьер-министри.
2014-жылы мартта “Ата Мекен” фракциясынын колдоосу менен премьер-министр болуп келген. Технократ, реформатор жетекчи катары таанылды. “Центерранын” директорлор кеңешинин курамын Кыргызстандын пайдасына өзгөртүүгө аракет кылып, ал ишке ашпай калганда кийинки жылы апрелде отставкага кеткен. Анын “Центерранын” Директорлор кеңешинин курамына сунуштаган адамдарын президент Атамбаев менен кыргыз парламенти колдобой койгон.
Оторбаев “Центерра” менен паритеттүү биргелешкен ишкана түзүү жана "Кумтөрдү" улутташтыруу сунуштарын колдогон эмес.
"Кумтөрдөгү" экономикалык жана экологиялык кылмыштар боюнча жыйырма жылдан бери мамлекеттин геология жана экология жагын караган көп кызмат адамдары жоопко тартылууда. Кеп "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн азайтып жиберген, компанияны салыктан куткарып жиберген, мамлекетке экономикалык жана экологиялык зыян алып келген, жең ичинен коррупция жолу менен бүткөн чечимдер жөнүндө болуп жатат.
Кыргыз өкмөтү ушул жылдын июнь айында “Кумтөр” алтын кениндеги “Центерранын” менеджментин кетирип, өзү колуна алып, убактылуу тышкы башкаруу киргизди. Ага чейин «Кумтөрдөгү» ишти «Центерра» өзү каалагандай башкарып келди, кыргыз өкмөтү кенди башкарууга жолой алган эмес.
2011-2012-жылдары мамлекеттик комиссия "Кумтөр" долбоорун текшерип чыгып, келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес, кен иштеген учурдан бери өлкөгө экологиялык жана экономикалык чоң зыян келди деп бүтүм кылган.
Биринчи кезекте “Кумтөрдө” өндүрүштүк таштандылар мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлүп, анын кесепетинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн бир тобу талкаланып жок болуп кеткени аныкталган.
Ошондо өкмөт чоң суммага «Центеррага» экологиялык доо койгон, бирок аны да өндүрүп ала алган эмес.
2017-жылы сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центеррага» экологиялык доодон баш тартып, өзүнчө экологиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйтмөк. Бирок Жапаров президент болгондон кийин "Кумтөрдү" текшерген комиссия бул келишимди дагы кылмыштуу деп тааныды.
Кыргызстандын соту ушул жылы май айында "Центерра" компаниясынан экологиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 261 миллиард 719 миллион сом айып пул өңдүрүү жөнүндө чечим чыгарды.
Ошол эле убакта коомчулукта бийлик «Кумтөр» маселесине жамынып, саясий атаандаштарынын тизгинин тартып коюш үчүн, бөрк ал десе, баш алмай жолго түштү деген нааразылык дагы бар. Жогорку Кеңештин трибунасынан мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков «Кумтөрдүн» айланасында болуп жаткан окуяларды "чоң саясат, шоу, чылгый оюн" деп атаган эле.
Коомдук ишмер Эмил Саламатов «мамлекеттик комиссия бирөөлөрдү ашыкча каралап, кимдир бирөөлөрдү калкалап жатканы айдан ачык болуп калды. Бул маселенин терең, калыс жана адилет каралышы учурдун зарыл шарты",- деп билдирген.
«Кумтөр» маселеси башынан эле жөн гана бизнес же экономикалык эмес, саясатташкан иш болуп, өлкөдөгү чоң кармаштын катализатору болуп келгени белгилүү. Токсонунчу жылдардагы өкмөт башчы Чыңгышевден бери алганда эле канчалаган өкмөт тарап, премьер-министрлер толтура чуу менен кызматтан кеткени белгилүү.
Ал эми азыр "Кумтөрду" башкаруу тизгини колуна тийген маалды бийлик өзүнүн саясий позициясын жана күч-кубатын чыңдоонун эң ыңгайлуу учуру катары карап жаткандай. Ошол себептүү азыр "Кумтөр" президентке, анын командасына өзүнчө саясий упай топтогон, балким, шайлоо алдында саясий талааны тазалаган процесске айланууда.