УКМК укуругу узарат: “уруксаты жок тыңшай алат”

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

УКМКнын ишмердигине байланыштуу мыйзамдарга 900дөн ашык жаңы бөлүмдөр киргизилип жатат. Алар УКМКнын ыйгарым укуктарын эбегейсиз кеңейтип, буга өлкөдөгү укук коргоочулар тынчсызданып жатышат.

Кыргызстанда УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу баш-аягы беш мыйзам долбоору сунушталып жатат. Жогорку Кеңеш ал мыйзам долбоорлорунун пакетин экинчи окууда жактырды.

Бутада оппозиция менен журналисттерби?

“УКМК буга чейин жеке адамдарды тыңшоо, аңдуу иштерин жок дегенде сот чечимин алып же прокурордун уруксаты менен ишке ашырчу. Азыр эч кимден уруксат алып кереги жок”,- деди өлкөдөгү Бириккен оппозициялык кыймылдын өкүлү Равшан Жээнбеков.

Укук коргоочулар Конституциянын 29-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык, ар бир адамга жеке турмушунун кол тийбестиги кепилденет деп жатышат. Мындан улам эгер мыйзамдар Баш мыйзамга каршы келсе, Конституция улук тейден калары айтылып жатат.

“УКМКда терроризм, экстремизм жана кылмыштуулук боюнча мүмкүнчүлуктөрү жеткиликтүү. УКМК азыркы мыйзамдарды демократияга, оппозиция жана журналисттерге каршы киргизип жатат”, -деп тынчсызданат Жээнбеков.

УКМКнын ишмердигин жөнгө сала турган мыйзамдарда жаңы өзгөрүүлөр абдан көп болгондуктан юристтер анын үстүндө анализ жасап жатат, азырынча бүтүмү чыга элек.

Атайын кызмат кантип күчтөндү?

Эгемен Кыргызстан тарыхында Улуттук коопсуздук комитетинин ыйгарым укуктары улам кеңейип жүрүп отурду.

2009-жылы атайын кызмат чалгын жана контр-чалгындан тышкары экстремизмге каршы иш алып баруу укугун алды. Ошол эле жылы УКМК маалыматтык коопсуздукка көзөмөлдү алууга жетишкен.

2011-жылы УКМК мамлекеттик объектилеринин күзөтүнүн коопсуздугун да камсыздоо укугуна ээ болгон. Ошондой эле Антикоррупциялык кызмат түзүлүп, УКМК кызматтык кылмыштарга каршы иш алып бара баштады.

2014-жылдан тарта атайын кызмат өлкөгө кирип-чыккан транзитти көзөмөлдөй алат.

2016-жылы ишке ашкан Конституциялык реформанын негизинде УКМК Баш прокуратурадан тергөө функциясын да өзүнө алды.

Конституцияга ылайык президент атайын кызматтын башчысын тикелей дайындай алат.

Мындан улам серепчилер атайын кызмат буга чейин дээрлик бардык президенттердин куралы болуп келгендигин белгилешет.

“УКМК реформага муктаж”

Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөн мурда, УКМКнын өзүн реформалаш керек эле дейт:

“УКМКга мындай нерселерди уруксат берип жаткандан кийин атайын кызматтын өзүнүн макамын реформа кылыш керек болчу. Себеби, азыркы турушунда УКМК бул атайын кызмат эмес. Ал чалгындоо иштери менен гана алек эмес. УКМК буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү менен полицияга айланып калган".

"Атайын кызмат кылмыш иштерин тергеп, ыкчам иштерди өткөрүп атат. Анан ушундай полициялык органга чоң мүмкүнчүлүктөр берилсе, кийин биздин укук-эркиндиктерибизге пайдаланып калышы мүмкүн”.

УКМКнын жүйөөсү

Сунушталып жаткан беш мыйзам долбоору: “Улуттук коопсуздук органдары” “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү” деп аталат.

Кыргыз өкмөтү бул мыйзамдар пакетин биринчи жолу 8-февралда парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизген.

УКМК бул мыйзамдардын үчөө 1994-жылдардан кийин кабыл алынып, эскиргенин жүйөө келтирип жатат. Ал эми чалгындоого байланыштуу эки мыйзам долбоору жаңы сунушталды.

Атайын кызмат жаңы өзгөрүүлөр менен катардагы жарандар же саясатчылар туш келди тыңшалат деген шектенүүлөрдү четке какты.

“Бул ыкчам изилдөө иштеринин бир ыкмасы болуп эсептелет. Сиз айткандай барып эле коюп, уга калбайт. Тергөө соту болот. Тергөө сотуна тергөөчү же тийиштүү кызматкер себебин алып барат. Сот ал себепке ынанса, анан санкция берет. Ошондо гана тыңшалат. Азыр улуттук коопсуздук органдарын азезилдештирүү жүрүп кетти. Мен муну кескин түрдө четке кагам”,- деген эле Атайын кызматтын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков.

Кыргызстанда саясатчы, активист, журналисттердин жашыруун жаздырылган үндөрү, тасмалары, сүрөттөрү тараган учурлар көп.

Соңку жолу иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун жашыруун жаздырылган аудио-видеолору тараган эле.