You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мамкурулуш: миң сомдук лицензия 150 миңге көтөрүлөт
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек
Мамкурулуштун жаңы жетекчиси Нурдан Орунтаевдин турак-жай курган компанияларга карата дымактуу билдирүүсү коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Бул билдирүү миңдеген кишилер курулуш компанияларына, турак жай кооперативдерине алданып калды, кыймылсыз мүлк кымбат деген талкуулардын маалына туш келди.
Ага чейин курулуш агенттиги өлкөдө мыйзамсыз курулган деген 30дан ашуун объектинин сүрөтүн, дарегин көрсөтүп, алардан сатып албоого чакырган. Орунтаев бул тизме дагы жаңыланып турарын, мыйзам бузса компаниялардын ээлеринин статусуна карабай, коомчулукка ачыктала берерин журналисттерге берген маалымат жыйында билдирген.
Кийинки жылдан баштап мыйзамсыз курулуш компаниялары үчүн "кара тизме" түзүлүп лицензия боюнча жумуштар күчөтүлөрү айтылды.
Орунтаевге вице-мэр кезинде дагы бир катар дымактуу кадамдары үчүн коомчулуктан алкоо дагы, сын-пикир дагы айтылып келген. Анын соңку билдирүүсү айрым курулуш компанияларына нааразы болгондор үчүн майдай жакты. Бирок, бул мыйзамсыз курулушка бөгөт коё алабы, курулуш бизнесине кедергисин тийгизбейби дегендер да жок эмес.
“Акчасын берип, ай талаада калдык”
Бишкектин Көк-Жар конушундагы беш блоктон салынып жаткан “М-Строй Групп” курулуш компаниясына нааразы болгондор Би-Би-Сиге кайрылышты. Алардын айтымында, тогуз этаждан турган үйдүн курулушу 2017-2018-жылдары башталган. Чарчы метри 400 АКШ долларына бааланган. Бул башка курулуш компнияларына салыштырмалуу арзан болгондуктан, батирлер бат эле сатылып кеткен дешти. Пландалган беш блок үйдүн экөөсү толугу менен тургузулган. Калган үч блоктун батирлери үчүн акчалардын дээрлик бардыгы төлөнгөн, бирок курулуш бүтпөй токтоп турат. Андан башка 65 жашоочуга техникалык паспорт бериле элек.
“Техникалык паспорт жок болгондуктан, жашоочулар бала-бакча, мектеп, ооруканага каттоого тура албайт. Региондон келгендер каттоого тура албай такыр эле кыйналып жатышат. Мамкурулуш 2021-жылы бул үйдү толук эксплуатацияга кабыл алышкан. Бирок, абалы мышык ыйларлык. Газ жок, борбордук жылуулукка дагы кошулган эмес. Жашоочулар акча чогултуп, эптеп газ коштуралы деп аракет кылып жүрөбүз. Азыр үйлөрдү жылыткыч менен гана эптеп жылытып жатабыз. Эгерде свет өчсө, билбейм анда эмне болот?”, - дейт үйдүн жашоочусу Улан Нурматов.
Бул маселе менен Орунтаев, мэрия баары тааныш болушкан. Бирок, азырынча маселенин чечүү жолдору айтыла элек. Курулуштун токтоп калганынын себеби, “М-Строй Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси абакка камалгандыгы менен байланыштуу болгон.
Бул курулуш тууралуу Орунтаев дагы териштирүү жүрөрүн маалымат жыйында билдирди.
Үй сатып алуучулар өз алдынча турак-жай курулуш кооперативин түзүп, калганын өздөрү куруп алууну ойлонушкан. Бирок, өкмөт кабыл алган уставдык капитал тартиби азырынча буга жол бербей турат. Капиталдын суммасы турак-жайдын аянтына жараша 20 млн сомдон 100 млн сомго чейин болуусу керек.
“Курулуш объектиси 2018-жылдын 6-ноябрында №ГЭ-СА-469 мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жана 2018-жылдын 27-июнунда макулдашылынган долбоордун негизинде Башкармалыктын курулуп жаткан объектилердин реестрине катталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган курулуш объектке тиешелүү чыр, каражатка байланыштуу болгондуктан биздин башкармалык кирише албайт",- деди Мамкурулуштун Бишкек шаары боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Самат Тиллебаев.
Бул тууралуу “М-Строй-Групптан” пикир алуу азырынча мүмкүн болгон жок. Би-Би-Си компанияга тийиштүү ачык маалымат булактарында көрсөтүлгөң бардык телефон номерлер менен байланышууга аракет кылды. Бирок, майнап чыкпады. Эгерде “М-Строй-Групптун” өкүлдөрү маалымат берем десе, Би-Би-Си микрофон сунууга даяр экенин билдире кетебиз.
Миң сомдук лицензиялар
Үй сатып алуучуларды нааразы кылган ушу сыяктуу курулуш компаниялардын саны өсүп жатат. Суук түшкөндөн бери интернет айдыңында жер төлөөсүнөн суу аккан, жылуулугу туташпаган турак-жайларды курган компанияларга болгон нааразы пикирлер байма-бай чыгууда.
Андан башка акчасын төлөп, айдай талаада калдым дегендер да четтен чыгат. Мунун себебин, Нурдан Орунтаев убагында курулуш лицензиясы ит бекер баага сатылып, орто жолдон бизнес жасагандар үчүн оңой олжо болуп калганы менен байланыштарган.
Азыркы тапта мамкурулуш лицензия шарттарын каталдатарын билдирүүдө. Ага ылайык, миң сомдук лицензиянын баасы дагы көтөрүлөт. Эгерде мамкурулуштун сунушу Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңештен колдоо тапса, 1000 сомдон 150 миң сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул бюджетти толтурууга салым кошот дешүүдө.
Лицензия кадимкидей Lalafo аркылуу сатылган мисалдар бар
“Азыркы учурда реестрде катталган сегиз миңден ашык лицензия бар экен. Иш жүзүндө баары тең курулуш менен алектенбей, жөн гана алып коюп, орто жолдон сатып жүрүшөт. Лалафодо курулуш лицензиясы сатылат деген он бештей жарнама турат. Сатууну биз тыялы десек, мыйзам жол бербейт. Жарандык кодекске ылайык, юридикалык жактын негиздөөчүсү алмашууга жол берилет. Лицензияны сатып жатканда негиздөөчүнү алмаштырып туруп сатышат экен",- деди Мамкурулуштун лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Рыскулбек уулу.
Болжол менен лицензиялар азыркы тапта 300-500 миң сомдон сатылууда.
Лицензия берүүнүн тартиби
Юридикалык жактар 260-токтомдун негизинде, күбөлүк, устав, паспорт, эмгек китепчеси, сертификацияланган адистердин документтерин чогултуп, миң сом мамлекеттик төлөмүн төлөп коюп, лицензия ала алат.
Жеке жактар мыйзамга ылайык, курулуш үчүн лицензия алганга укугу бар. Бирок, жеке жактан мурдагыдай лицензия алуу арызы акыркы учурларда дээрлик түшпөй калган.
Мамкурулуш жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, лицензия алууну жеңилдетүү дагы каралып жатканын айтты. Мисалы, азыр ишкер бир лицензия алуу үчүн 23 документ чогултат. Лицензиянын деңгээлине жараша бул документтердин саны дагы өсө берет. Өзгөртүү киргенден кийин анын саны беш документке кыскарышы мүмкүн жана лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 10 күнгө азаят. Жакын арада бирдиктүү ресстрдин тизмелери чыгат.
Мамкурулуш айтканыбызды аткарабыз, бул мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коё алат деп ишендирүүдө.
Жоопкерчилик бир эле куруучу компанияда эмес
Ушундай эле дымактуу пикирлер буга чейинки жетекчилер тарабынан дагы айтылганын, кеп аны ишке толук кандуу аткарууда экенин эксперттер билдирүүдө.
“Азыр күч менен болсо дагы тартипке алып келебиз деп айтпайбы. Мурда дагы ушундай сунуш көтөрүлгөндө, мыйзамсыз курулуш объектилерден жапа чеккендер аябай сүйүнгөн. Мыйзамсыз салынган деген 224 объект бузулса, бул мамлекетке дагы зыян алып келет. Кардарлардын акчасын дагы компания төлөп бере албашы мүмкүн. Ошон үчүн башка жолдорду караштырса болот”
Адистер жоопкерчиликти толугу менен курулуш компаниядан сырткары мамлекет дагы алышы керек деп эсептейт. Ал үчүн көзөмөлдөөчү адистер жетиштүү болуусу шарт.
“Көзөмөл кызматкерлеринин саны абдан чектелүү. Алар текшерип жетишпейт дагы. Айтылып жаткан жоопкерчилик бүгүнкү күндө кандай каралып жатса, буга чейин дагы ошондой эле каралчу. Болгону сатып алуучулардын алдындагы кепилдик кошулуп жатат. Азыр ушу талапка көбүрөөк басым жасалууда”
Кошумча талаптар жана мыйзамсыз курулуштар бузулат деген билдирүүлөр ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратат деген дагы пикирлер айтылууда.
Куруучуларды камоо кайда алып барат?
Өлкөдөгү ири курулуш компаниясы деп эсептелген “Ориондун” жетекчиси Куттубай Мурзабаевге “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренесинин 2-бөлүгү “Уюшкан топко катышуу” деген иш козголгон. Анын кармалышын Бишкек шаардык соту мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын билдирди. Айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянуу менен ал үй камагына чыкканын жазышууда. Бүгүнкү күндө Мурзабаев өзү жана жакындары дагы бул тууралуу расмий билдирүү таратыша элек.
Бул окуяларга чейин Имамидин Ташов, Тимур Файзиев, Эрнис Миңкеев жана Чолпонбек Акматов аттуу куруучулар кармалган. Анын ичинен Имамидин Ташов мамлекетке келтирген зыянды толук төлөдү деген негиз менен бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.
Камоолорго байланыштуу өлкөдөгү JIA бизнес ассосациясы президент Садыр Жапаровго кайрылышып, тынчсызданууларын билдиришкен.
"Мындай аракеттер ишкерлик жигердүүлүктүн төмөндөөсүнө жана инвесторлордун кетишине жол ачышы мүмкүн. Өлкөнүн экономикасы үчүн, ички жана тышкы инвесторлорду тартууга, жагымдуу инвестициялык климат жана бизнес чөйрөсү менен бизнести колдогон туруктуу саясат керек. Бул инвесторлорду тартууга жана алардын ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул ишкерлерди коргоого алган азырынча жалгыз чакырык болуп калууда.