Кадыр Кошалиев: Курманбек Бакиевди актоо максатым эмес...
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.KG
Кыргызстанда экс-президенттер темасы чоң талкуунун чордонунда турат. Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден интервью алып жарыялаганы көп кылмыштар боюнча айыпталып сыртынан соттолгон мурдагы президентти актоо аракети башталдыбы деген нааразы сөздөргө жем таштады. Би-Би-Си Кадыр Кошалиевдин өзү менен байланышып, бул чуулгандуу интервьюнун максаты эмнеде экенин сурады. Элдик курултайдын төрагасы башка ЖМКларга маек берүүдөн баш тартып жаткан менен Би-Би-Сини калыс ишенимдүү аянтча катары эсептеген үчүн маектешүүгө макул экенин баса белгилеп, суроолорго жооп берди.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
К. Кошалиев: Мен өткөн жылдан бери УТРКда “Кыргыз ааламы” деген көрсөтүүнү алып барам. Өткөн жылы келишимдик негизде иштеп жаткам. Былтыр курултай өтөр алдында “Кыргыз ааламынан” беш экс-президентти катары менен интервью форматында чыгаруу сунушумду ошол мезгилдеги жетекчибиз Кайрат Иманалиевге айткам. Андан кийин Россиядагы жердештерибиз чакырып калды. Баратып маселе коюп, президент өзү да билиш керек мындай чоң маселе болуп жаткандан кийин деп мамлекеттик катчы аркылуу билдиргем. Албетте, мамлекеттик бийлик тарабынан бул маселе ачык калтырылган, анткени журналистиканын иши, курултайдын иши эркин, мыйзам чегинде өзүңүз жооптуусуз дегенден кийин өзүмдүн демилгем боюнча ишти баштагам.
Аскар Акаев менен маек 4-февралда алынган. Ошол февралда эле Аскар Акаевдин интервьюсу кетип, андан кийин 15-апрелде Бакиевдин интервьюсу алынган болчу, катар-катар УТРКдан берилгенде мынчалык уу-дуу кеп болмок эмес. Бирок коомчулук тарабынан туура эмес кабыл алынып калат деп, Болотбек Тиллебаев жаңы эле келип иштеп жатса ага да зыяным тийип калбасын деп, алардын аргументин угуп, “Кыргыз ааламынын” шапкасы менен кайра монтаждап эфирге берүүгө мен да макул болгом. Бирок монтаждалган вариантты алдын ала көрүп туруп эфирге берүүгө макулдук берүү талабы бар эле Бакиевдин, ошондуктан монтаждалган вариантты жөнөтүп жибергем. Кечигип бараткандыктан Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ютуб каналына чыгып кетти.
Мен журналист катары туура кылдым дейм эсептейм, ал эми экс-жетекчилердин ишинин ак-карасын тергеп өкүм чыгаруу укук коргоо органдарынын иши.
Би-Би-Си: Көп кымыштар боюнча айыпталып соттолгон мурдакы президенттен Элдин курултайдын төрагасы интервью алып жатканы Элдик курултай институтун да кошо дискредитация кылды деген сын доомат да көп болуп жатпайбы?
К. Кошалиев: Курултай дагы калыс аянтча, эч бир тема жабык болбош керек. Ак үй, көк үйдө иштеп жүргөн замандаштарымдан мына бийлик шарт түзүп, каражат жумшап шарт түздү, бирок мектеп менен көпүрөдөн өйдө көтөрүлө алган жоксуңар деген дагы сындарды уктук.
Туура, бул тагдыр чечер маселелерди тике карап туруп баасын бере турган элдик институт, ал эмне үчүн жабык болуш керек. Биринчиден, президентибиз Садыр Жапаров өзүнүн демилгеси менен айкөлдүк кылып кыргыз салты менен шарт түзүп, чогултуп жатса, мүмкүнчүлүк түзсө, алар муну пайдалана алган жок. Ошол жерде алар ийри отуруп, түз кеңешип элден кечирим сурашы керек эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сурабалдиева сыяктуу депутаттар айтып атпайбы, Кошалиевди ал кызматтан алыш керек, тигиндей-мындай деп. Мен журналист катары берген суроолорума жооп берем, ал эми жооп берип аткан адамдын сөзүндө эмне айтылса, ошол тарап жооп бериш керек. Эгерде Бакиевдин сөзүндө чындыктан тайыган маселелер болсо, анда тийиштүү органдар тактасын.
Би-Би-Си: Эмне үчүн журналист этикалык принциптерди сактап бейтарап болбой, Бакиевге жан тартып, колдогон позицияда болду деген дагы сындар жаады сиздин атыңызга.
К. Кошалиев: Мен Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев менен маек учурунда эл ичинде айтыла жүргөн курч суроолордун дээрлик баарын беришке аракет кылдым. Мисалы, үй-бүлөлүк башкаруу, буйрутма өлүмдөр, элдин мүлкүн талап-тоноо, прихватизация жана башка маселелер менин суроолорумда болду, ал эми ага берилген жооп ынандарырлык болдубу-жокпу, башка маселе.
Курманбек Бакиевди актоо менин укугум дагы эмес. Ошол жерде мен үчүн дагы жаңылык болду. Мага бир дагы тергөөчү келген жок, адвокатымы сурашкан жок деп айтып атпайбы. Өздөрү билип эле соттоп салды, бул эч кандай юридикалык талаптарга жооп бербейт. Мага калыс адилет мыйзамдуу сот процесси болсо, катышам качпайм деп атат.
Элдин мүлкүн жеп ичкени жана башка кылмыштары аныкталган болсо, ошого жараша жазасын алыш керек. Мен андай болбошу керек деген жокмун да.
































