Ковидге жаңыча кароого убакыт келди. Эмне өзгөрдү?

Published

Бир жылдан ашуун убакыттан бери ковидди ооздуктайбыз деп жеке эркиндиктерди чектеп келдик.

Бул эми өзгөрүшү мүмкүн, министрлер 19-июлда тарта Англияда калган ковид чектөөлөрүнүн көпчүлүгүн алып салууну сунушташты. Сунуш кызуу талкууларды жаратты.

Карантинге алып келген ковидди башкаруунун алгачкы моделин түзгөн Лондондогу Империал Коллеждин профессору Нил Фергюсон  бул тобокелге тете, бирок алгылыктуу кадам дейт.

Улуу Британиядагы пандемиянын мүнөзү өзгөргөнү – күмөн туудурбайт. Ошондуктан биздин көптөгөн божомолдорубуз дагы өзгөрүшү керек.

Ковид мурдагыдай коркунучтуу эмес

Вакциналоо программасы баарын өзгөрттү - жеке адамдын ден-соолугуна жаралган коркунучтуу да, саламаттыкты сактоо системасына болгон кооптонууларды да азайтты.

Январь айында инфекция жуккан ар 10 кишинин бири 10 күндөн кийин ооруканага жатышы ыктымал эле. Эми бул көрсөткүч 40-50дөн бирине чейин түштү.  

Анын үстүнө, ооруканага түшкөндөр жеңилирээк ооруп, мурдагыдай интенсивдүү дарылоого муктаж эмес. Натыйжада, өлүм коркунучу дагы төмөндөдү. Январь айында орточо эсеп менен 60 учурдун бирөөсү өлүмгө учурап жатса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч бир миңден бирге жетпей калды.

Үчүнчү толкун чоң болот

Бул Англия, негизи бүтүндөй эле Улуу Британия үчүнчү толкунга учурабайт дегенди билдирбейт. Жогорудагы диаграммалар көрсөткөндөй, жугушуу деңгээли өсүп жатат. Эгерде ал жетишерлик деңгээлде өссө, анда ооруканага жаткырган учурлар жайдын соңуна чейин күнүнө 1000ге жетиши мүмкүн.

Көпчүлүк, вакциналар эффективдүү болсо, кантип ошондой болсун деген ойлор болушу мүмкүн. Вакцинанын эки ченемин алган адам үчүн катуу ооруп калуу коркунучу кыйла төмөн. Бирок жугушуулар көп болсо, аларга дагы чоң эмес, бирок, коркунуч жаралат. Ага эмделбегендерди же вакцина жакшы таасир этпегендерди кошкондо, ооруканага жаткандар көбөйүшү мүмкүн.

Бирок катуу ооругандар ар дайым болуп турат. Кыштын ортосунда дем алуу органдарынын инфекциясы менен күнүгө 1000ге чейин адам бейтапканага жатышы мүмкүн.

Кадимки тумоонун (грипптин) кесепетинен эле Англияда 2017-2018-жылдары кыш мезгилинде 20 000ден ашуун адам каза болгон. Ошол учурда чектөөлөрдү киргизүү же эркиндиктерди чектөө жөнүндө сөз болгон эмес.

“Биз ковидди да ушундай өңүттөн карай башташыбыз керек,” - дейт Ноттингем Трент Университетинин социологу, профессор Роберт Дингвалл.

Татаал чечимдер

Бирок эмне үчүн биз тобокелге барышыбыз керек? Эмне үчүн акылдуу окумуштуулар айткандай сентябрда чоңдорду толук эмдөө бүткөнчө күтө турбайбыз?

Чектөөлөр алынып салынгандан кийин ар дайым "чыгуу толкуну" болот.  Өкмөттүн окумуштуулары табигый жугушуу менен курулган иммунитет коргону жана буга чейинки вакциналоонун жүрүшү толкунду тегиздейт деп үмүттөнүшөт. Чындыгында, кийлигишүүлөр зыянсыз эмес, ошондуктан акыр-аягы, баары татаал чечим кабыл алууларга барып такалат. Вирус азыраак коркунуч келтирип жаткан соң, тиешелүү чараларды да өзгөртүү мүмкүн болот.

Азыркы учурда Англияда вирус жуккан адам менен мектепте тыгыз байланышта болду деп 500 миңден ашуун бала үйүндө обочолонуп отурат.

Вирус тастыкталган ар бир учур үчүн 20 бала мектептен калат.

Мындай ыкма сентябрь айында башталган, анда вакцинанын клиникалык сыноосу да бүтө элек болчу. Балдарга ковид коркунучу төмөн болгондуктан аялуу катмардагы чоңдорду коргоо үчүн вирустун жайылышын ооздуктоо максатын көздөшкөн.

Катталган ковид өлүмдөрүнүн 99% түзгөн 50 жаш курагынан ашкандар экинчи дозасын алып бүткөндө, балдарды мурдагыдай карантинге чыгаруунун артыкчылыгы жокко чыгып калат. Ал эми билим берүүнү үзгүлтүккө учуратуунун зыяны көз көрүнө болууда.

Министрлер бул ыкманы сентябрь айына чейин өзгөртөбүз деп жатышат, бирок мектеп канчалык деңгээлде үзгүлтүккө учураганын эске алганда, буга чейин эле мындайга жол бербей койсо болмок беле? – деген суроо жаралбай койбойт.

Ковид эч качан кетпейт

"Ковид эч качан кетпейт", - дейт Чыгыш Англия университетинин профессору Пол Хантер. "Вакцина алсак да, албасак да бул вируска өмүр бою улам чалдыгып турабыз.”

"Маселе бардык чектөөлөрдү алып салуу коопсузбу деп эмес, чектөөлөрдү качан алып салсак коопсуз болот деп коюлуш керек."

Дагы күтүп отуруу, кырдаалды ого бетер оорлотушу мүмкүн деп эсептейт ал. “Чыгуу толкуну” узарса, мектептеги окуу башталып, тумоо күчөгөн мезгилге туш келет. Англиянын башкы дарыгери, профессор Крис Уитти дагы бул көз карашты колдоп, дүйшөмбүдө өкмөт тааныштырган планды жактаарын билдирди.

Азыркы учурда Англияда вирус жуккан адам менен мектепте тыгыз байланышта болду деп 500 миңден ашуун бала үйүндө обочолонуп отурат.

Вирус тастыкталган ар бир учур үчүн 20 бала мектептен калат.

Мындай ыкма сентябрь айында башталган, анда вакцинанын клиникалык сыноосу да бүтө элек болчу. Балдарга ковид коркунучу төмөн болгондуктан аялуу катмардагы чоңдорду коргоо үчүн вирустун жайылышын ооздуктоо максатын көздөшкөн.

Катталган ковид өлүмдөрүнүн 99% түзгөн 50 жаш курагынан ашкандар экинчи дозасын алып бүткөндө, балдарды мурдагыдай карантинге чыгаруунун артыкчылыгы жокко чыгып калат. Ал эми билим берүүнү үзгүлтүккө учуратуунун зыяны көз көрүнө болууда.

Министрлер бул ыкманы сентябрь айына чейин өзгөртөбүз деп жатышат, бирок мектеп канчалык деңгээлде үзгүлтүккө учураганын эске алганда, буга чейин эле мындайга жол бербей койсо болмок беле? – деген суроо жаралбай койбойт.

Дүйнө Британияны карап турат

Бирок биз вирусту ооздуктайлы деп ушунча убакыт короткондон кийин, эми анын жайылышына жол берүү идеясы психологиялык өзгөрүүнү талап кылат. Сент-Эндрюс университетинин жугуштуу оорулар боюнча адиси доктор Муге Чевиктин айтымында, буга убакыт керек.

"Ковид биз менен экенин кабыл алышыбыз керек. Анын жайылышын толугу менен токтото албайбыз. Биз азыр вирусту башкаруу баскычындабыз".

Ал бейтаптарды калыбына келтирүүгө көбүрөөк көңүл буруп, ооруканалардагы ковидден башка илдеттерден дарылоодо топтолуп калган маселелерди жайгарууга, экономикалык өсүштү камсыздап, жумушсуздукту кыскартууга басым кылып, пандемиянын айынан жаралган эмоционалдык жана психикалык залдарга байланыштуу көйгөйлөрдүн чечилишин каалайт.

Бирок мунун бири да тобокелчилиги жок болбойт. Эгер жугушуулар деңгээли жогорулап, иммунитет коргону тез турбасачы?

Вакциналар жардам бербей турган кан рагы барлар же вируска кабылуу коркунучу жогору болгон дүкөн, фабрика сыяктуу жайларда иштегендер жөнүндө да тынчсыздануулар бар экени түшүнүктүү. Коронавирустун узакка созулган кесепеттери менен дагы күрөшүү керек. Анын канчалык коопту экенин толук түшүнө элекпиз.

Биз, балким, мындай абалга туш болгон биринчи өлкөбүз, инфекция ылдам жайылып, өзгөчө жугуштуу “дельта” варианты тарап жаткан шартта кадимки абалга кайтууга аракет кылып жатабыз.

Башкалар дагы жакында ушундай кыйынчылыктарга тушугушат. Ошондуктан дүйнө жүзү бул жакта эмне болуп жаткандыгына байкоо салып турат. (А.К.)