“Кара июлдун” кайгысы кайталанбайбы?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Соңку суткада Кыргызстан боюнча коронавирустун жаңы 931 учуру катталды. Бул быйыл жыл башынан берки абсолюттук рекорд.

Адистер оорунун белгилери өзгөрүп жатканын айтышууда.

"Катуу оорудум, COVID грипптей эмес экен. Менде температура деле болгон жок. Телевизордо айтып жаткан симптомдордун бири да болбоду. 118ге чалсам да ооруну белгилери жок экен дешип, үйдө көп жатып калдым. Аябай алым кетип, шалдырадым. Аппетитим жок болуп, тамак иче албай кыйнала берет экенсиң. Дары ичкенге гана ойгонуп, болбосо кечке уктап аттым", -дейт Ош шаарынын тургуну Айсулуу.

Дүйшөмбүдө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индияда мутация болгон коронавирустун түрү 92 өлкөгө жайылып кеткенин тастыктады.

"Дельта" вирусу Кыргызстанга да жеткени буга чейин орусиялык окумуштуулар тарабынан аныкталган.

Кыргыз адистеринин коронавирустун штаммдарын айырмалоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок. Андыктан алар оорунун белгилерине гана карап, штаммдарды боолголоп жатышат. Кызыл зонада 350 күндөн ашык иштеген врач Дилшад Мамажанов:

"Бизде азыр индиялык, британдык, африкалык штаммдар бар. Штаммдардын айырмасын азыр эч ким билбей атат. Бирок анык билген нерсе бул - кытай штаммы келгенде оору башкача болуп келген. Температура көтөрүлүп, тамак кычышып, анан ал өпкөгө өтүп кетчү. Ал эми британдык, индиялык штаммдар кишинин алын кетирип, тамак ооруу күчөп, ангина сыяктуу болуп атат. Азыркы штаммдарды дарылоо кыйынга туруп, жайылышы да тез болуп атат. Сактануу чараларын сактабасак "кара июль" келери анык болуп калды ".

Дилшад Мамажанов COVID-19 илдети өлкөдө тездик менен жайылып жатышынын дагы бир себебин атады:

"Инфекционист, эпидемиолог адистер кырдаал ушундай болорун билгенбиз. Эмнеге дегенде инфекциялык, вирустук оорулар бир жылда башкача түрдө, мутацияланып бизге кайтып келет. Былтыркы каргашалуу июлдан бери бир жыл өттү. Бул вирус дүйнөнү бир сыйра айланып келди. Былтыр оорубаган жарандар да ооруп жатышат. Мурда коронавирус болуп ооругандар деле кайра ооруп калганын себеби ошол мутациядан. Мындан тышкары бул убакыт аралыгында антиденелер да жоголуп кетип атат".

Кыргыз өкмөтү коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин күн алыс болжоп, эскертип келди.

Бирок март айында эле башталган эмдөө кампаниясына Кыргызстандагы жалпы калктын 2% жетпеген бөлүгү гана тартылды. Бул өтө эле аз болуп жатат.

"Эгер эле эч ким сактанбай, өкмөт чектөөлөргө барбаса үчүнчү толкун июль айынын аягына чейин барышы мүмкүн. Бирок ооругандар да, өлүм-житим да көбөйөт. Буга бир гана нерсе тоскоолдук кылат эле, ал - вакцинация болчу. Биз билгенден эми азыр миллиондогон доза вакцина жакын арада келчүдөй эмес", -деди медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев.

Ал тапта окумуштуулар 1-июндан 31-августка карата дүйнө өлкөлөрүндө COVID-19 күтүлчү өлүм-житимге карата прогноз жасады. The Lancet журналында жарыяланган модельге ылайык, Кыргызстанда 256дан 512ге чейин адам коронавирустан көз жумушу мүмкүн.

Буга чейин Саламатыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, коронавирус боюнча абал "кара июлга" жетпей турганын убада кылган. Кыргыз өкмөтү өткөн жумада Орусиядан 80 миң дозалык "Гам-КОВИД-Вак" (Sputnik V) вакцинасын алып келди.

Бул жумада Кытайдан "Vero-cell" (SinoPharm) вакцинасынын дагы 150 миң дозасы алынып келери күтүлүүдө. (EKa)