You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Сый болушу керек". Бийликти сынаган айдоочулук күбөлүк реформасы
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында айдоочулук күбөлүк маселесин парламентте көтөрүү популисттик кадам болбогонун, элдин үнүн аткаруу бийлигине жеткирип жатышканын айтты. Жогорку Кеңештин танапистен кийинки жыйынында депутат Марлен Маматалиев депутаттардын аткаруу бийлиги жөнүндө сынына жооп кайтарды.
Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Кундузбек Сулайманов 4-февралда паламентте атайын сөз алып, айдоочулук күбөлүк маселеси боюнча бийликтин аракеттерине токтолду.
"Биздин негизги милдетибиз, элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткан маселелер боюнча аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин наарызылыгын эске алуу менен мамиле кылуу керек. Биздин ар бир айткан сөзүбүздү, элдин үнүн популисттик кадам катары кабыл алсак, кандай болот? Кечээ жакында айдоочулук үчүн он ай окутуу көп деп айттым эле. Мен элдин ою менен өзүмдүн оюм туура келген үчүн маселени аткаруу бийлигине жеткирип жатам. Кечээ Садыр Нургожоевич да алты ай ДОСААФта окуганын айтып кетти. Ошол союз учурунда түзүлгөн ДОСААФта жеткиликтүү окуп, ошонун жыйынтыгы менен күбөлүк алган, бир да авария болбогон, машинесин чийбеген айдоочулар бар. Ошолордун үнүн жеткирип жатабыз", - деди Кундузбек Сулайманов.
Ал элди мажбурлап он ай окутуу туура эместигин дагы бир жолу белгилеп, депутаттар Жогорку Кеңештин трибунасында эч кимди "акмактар" деп кемсинтпегенин белгилеп өттү:
"Бүгүн болуп жаткан авария, адам өлүм – ойлондурат. Ар бирибизде каза таппаса да, жаракат алган, майып болуп калган тууганыбыз бар. Туура, ар бирибиз күйүп жатабыз. Биз микрофонду алганда өз оюбузду сунуштаган жокпуз, миңдеген шайлоочулардын сөзүн айтып жатабыз. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп жатабыз. Элдин наарызылыгын көбөйтпөгүлө. Мамлекетте өсүү болуп жатат, бюджетибиз триллиондон ашты, сүйүнүп жатабыз. Бирок кеңеш берип, акылын айтып, мындай кылбасак болбой калды деген адамдар бул маселени туура эмес жакка алып баратат. Аткаруу бийлигине айта турган ким? Бизбиз. Туугандар, эч убакта этикададан чыкпасак. Мен бир дагы депутаттын аткаруу бийлигин "акмаксыңар" деп айтканын уккан жокмун. Силер элди ойлобогон бийлик болдуңар деп айткан жокпуз. Ооба, иш бар жерде кемчилик болот. Болбой койбойт, ошол кемчиликтерди түздөп койолу деген гана тариз".
Сулаймановдун сөзүнөн кийин бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин Нурланбек Тургунбек уулу да билдирди:
"Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо аброй алып келбейт. Себеби депутат элдин өкүлү. Депутаттын микрофону бар. Ошондуктан айт, көйгөйдү көтөр деп депутатка эл беш жыл мандат берди. Биз аткаруу бийлигин бардык маселелерде колдоп жатабыз, зарыл мыйзамдарды кабыл алып берип жататбыз. Ошол эле маалда депутаттык корпуска аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле болушу керек. Баарыбыздын көздөгөнүбүз ынтымак. Ошондуктан аткаруу бийлиги ушул сөздөрдөн жыйынтыгын чыгарат деп ойлойм. Парламент микрофону жок, мажирөө, баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес".
Жогорку Кеңештин танапистен кийинки жыйынында депутат Марлен Маматалиев депутаттардын аткаруу бийлиги жөнүндө сынына жооп кайтарды. Ал реформа түп-тамырынан бери өзгөрүүнү талап кыларын, айдоочулук күбөлүк алуу маселеси да реформаны талап кылып жатканын айтты. Эл өкүлү айдоочулук күбөлүк туулган күнгө белек кылынып келгенин, МАИ кызматкерлери саткан учурлар болгонун кеп кылды. Ошондой эле жол кырсыгынан өлгөндөр өтө көп экенин белгилеп, бул багытта иш алып барып жаткан аткаруу бийлигине мүмкүндүк берүү зарыл экенин кошумчалады:
"Конституция боюнча аткаруу бийлиги дегенде бүгүнкү күндө президент турат. Аткаруу бийлиги дегенде Камчыбек Кыдыршаевич турат. Ал экөө жасап жаткан нерселерди бүгүн жаман деп айта алабызбы?! Алардын кылган нерсеси кээде башкача көрүнөт, бирок аягы жаман бүтүп жатабы?! Келгиле, ишенели. Аягына чейин чыдайлы, көрөлү! Конституция боюнча элдин атынан эки эле киши сүйлөйт: бирөө президент, бирөө депутат. Депутат өзүнүн округу боюнча элдин атынан сүйлөсө, президент жалпы элдин атынан сүйлөйт. Жалпы Кыргызстан ага ишеним көрсөтөт, жалпы Кыргызстан биздин жашообузду жакшырт, оңдо, коопсуздугун кара деп буга жол берет".
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев да бийликтин айдоочулук күбөлүктөр багытындагы реформасын кубаттады.
Кечээ, 3-февралда Садыр Жапаров "Унаа" ишканасына барган учурда автомектептердин маселесин көтөргөн депутаттарга да кайрылып, аларды маселени терең изилдөөгө, андан соң гана сын айтууга чакырган:
"200 киши чыгып, маселе көтөрүп, кыйкырып калса эле, микрофонду ээлей калып, эптеп ошол теманы көтөрүп, элге, шайлоочуларына жакшы көрүнүп калуу керек. Ал маселе туурабы же туура эмеспи, мамлекет үчүн пайдалуубу, зыянбы, уруп ойнобойт. "Эки ай кылгыла, үч ай кылгыла, акмаксыңар, элдин душманы" деп кыйкыруу керек. Тим эле алар элдин адамы, биз болсо элдин думшманы. Ошондуктан дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, кандай маселе болбосун, аны көтөрөрдөн мурун терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай, анан көтөргүлө. Мамлекет туура эмес жасап атса, мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен эки сапар депутат болгом. Кой, эртең уят болуп калбайын деп микрофондо жөн жерден кыйкырчу эмес элем. Далилдеп, элге каршы маселе болсо, анан алып чыкчумун. Ошондуктан депутаттардан дагы бир жолу суранам, ушундай маселелер чыкканда, элди залга топтоп алып, маселесин угуп, өкмөттү да чыкырып, дисскусия кылып, анан микрофонго барып айтсаңыздар жарашат да".
Айдоочуларды окутуу маселеси 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Бир катар депутаттар аларды он ай окутуу туура эместигин билдирген.
Кыргызстандагы жеке автомектердин ээлери 23-январда айдоочуларды кабыл алган бирдиктүү электрондук база жабылып калып, иши толугу менен токтоп калганына байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан. Алар 26-27-январь күндөрү Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына барып, түшүндүрмө талап кылышкан. Айрымдары Жогорку Кеңеш депутаттарына да барып, арызданышкан.
Нааразылыктын фонунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен "Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу 28-мартка чейин камакка алган.
Ага "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.
Бийлик айдоочулук күбөлүк алууга окуткан жеке менчик автомектептерди жаап, ордуна мамлекеттик мекемелерди ачуу жана окуу мөөнөтүн 10-12 айга узартуу чечимин кабыл алган.