Күйүүчү майды маркалоо: пайдасы жана талкууга түшкөн жагдайлар

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жыл жаңыргандан тартып Кыргызстанда маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду сатууга тыюу салынды. Салык кызматы маркалоонун киргизилиши менен күйүүчү жана майлоочу майдын легалдык көлөмү өсүп, салык көп чогулду деп жатат. Ошол эле учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдөгү ири делген компаниялар ансыз деле ачык-айкын иштеп келгенин айтып, маркалоону киргизүүгө зарылчылык жок болчу деген пикир билдирүүдө.

Алгачкы жыйынтык

Салык кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларында 439 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май маркаланды.

Анын ичинде бензиндин көлөмү 245 миң тонна болсо, 194 миң тонна дизель отуну.

"Кыргызстанда иш алып барган айрым компаниялар ар кандай кошулмаларды кошуп, сапатын жасалма көтөрүп, күйүүчү майдын көлөмүн көбөйткөнгө аракет кылган учурлар болуп келген. Маркалоо биринчиден, жарандарды сапаттуу күйүүчү май менен камсыздайт. Экинчиден, фискалдык маселе бар. Кыргызстанда машиналардын саны көбөйүп жатканына карабай, сегиз жылдан бери легалдуу көлөм бир эле деңгээлде турган",- деди Салык кызматынын Акциз жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов Би-Би-Сиге.

Анын айтымында, маркалоо системасы киргенден тартып күйүүчү жана майлоочу майлардын легалдык көлөмү өсө баштады. Нефтетрейдерлерден салыктык түшүү дагы жакшырды.

Ал 2023-жылдын октябрына салыштырмалуу былтыркы жылдын октябрь айында салык чогултуу 201 пайыз өскөнүн билдирди. Мурдагы жылдын ноябрына караганда былтыр ноябрда 62, декабрь айында 51 пайыз өсүш болгонун кошумчалады.

"Жалпы үч айда түшкөн салыктардын көлөмү 2023-жылдын ушул үч айы менен салыштырганда 62 пайызга өстү. Орто эсеп менен жылына нефтетрейдерлерден 8,5 млрд. сомдой салык түшөт. 2023-жылдын соңку үч айына карата 860 млн. сом акциздик салык түшсө, 2024-жылдын ушул эле үч айында 1 млрд. 437 млн. сом акциздик салык жыйналды. Салыктын башка түрү боюнча дагы түшүүлөр көбөйдү",- деди ал.

Нефтетрейдерлерди эмне түйшөлткөн?

Убагында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү жана майлоочу майды маркалоо системасын киргизүү мөөнөтүн жана шартын карап чыгууну өтүнүп бийликке кайрылган.

Анда мындай аракет бизнес жана өлкө экономикасы үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экени айтылган.

Ансыз дагы алардын мойнуна илинген милдеттери аз эмес экенин, маркалоо системасы алардын ишин ого бетер татаалдаштырып, компаниялар үчүн кошумча чыгымдарды алып келе турганын билдиришкен.

Каржылык кыйынчылыктардан улам биринчи кезекте орто жана кичи ишканалар жабылып калышы мүмкүн деген пикирди айтышкан.

Ассоциация өкүлдөрү бизнес үчүн чыгымдардын көбөйүшү күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келерин баса белгилеген.

Ошондой эле алар маркалоонун стандарттары, нормативдик базасы кайрадан каралып чыгышы керек экенин айтып, маркалоону ишке ашыруучу "Учкун" ишканасына байланыштуу бир топ суроолорду көтөрүшкөн.

Салык кызматы болсо токтом кабыл алынардан мурун жумушчу топ түзүлүп, ага Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү дагы киргенин айтты.

Маалыматка караганда, маркалоонун эрежеси алар менен биргеликте иштелип чыккан.

"Биз нефтетрейдерлердин ишине тоскоолдук кылбаган, ишин токтотпой ирээттүү алып кетүүсү үчүн бардык шарттарды карап чыктык. Маркалоонун киргизилгенине төртүнчү ай кетип жатат. Легалдуу көлөмдүн көбөйүп жатканын, салыктын түшүүсү жакшырганын убакыт көрсөтүп жатат. Мунун өзү жакшы көрсөткүч. Сандарды эч ким жокко чыгара албайт. Айрым таза иштебеген нефтетрейдерлер убагында маркалоону киргизбегенге аракет кылышкан",- деди Бакыт Акматов.

Ошондой эле ал статистикалык маалыматка таянып, учурда Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа кыйла арзандаганын кошумчалады.

"Оң же терс жыйынтык чыгарууга эрте"

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, күйүүчү жана майлоочу майды маркалоо башталганда расмий бекитилген баасы 37 тыйынга кымбаттады.

Бирок Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорундагы сезондук арзандатууларга байланыштуу декабрь жана январь айларында Кыргызстанда чекене баа төмөндөдү.

"Декабрда үч сомго, январда дагы 3 сомго арзандады",- деди ал.

Ошондой эле маркалоо маселесине токтолуп, азырынча оң же терс жыйынтык чыгарууга эрте деген пикирин билдирди.

Эшатов Кыргызстанда мунай менен иш алып барган ири компаниялар маркалоо киргенге чейин эле ачык-айкын иштеп келгенин кошумчалады.

"Ири компаниялардын баарына автоматтык каттоо системасын киргизгенбиз. Ошонун негизинде Кыргызстанга келип жаткан мунайдын баары толук электрондук түрдө каттоого алынат. Баары ачык көрүнүп турат. Министрлер кабинети маркалоону киргизип, аткезчиликке каршы күрөшүүнү максат кылган. Бирок ага башка ыкмаларды ойлоп тапса деле болмок",- деди Эшатов.

Мунун баары өтө кыска убакыт аралыгында жасалганын айтып, маркалоого катышкан бир дагы мамлекеттик органдардын жакшы даярдыгы болгон эмес деген пикирин кайталады.

"Мындан улам компаниялар 2-3 күндөп күтүп калып жатты. Товар кармалып калган учурда темир жолдо жана башка жактарда айып пул төлөгөн учурлар болду. Анын аягы келип эле биздин жарандарга кыйынчылык алып келет да",- деди ал.

Ошондой эле Салык кызматынын маркалоо киргизгенге чейин легалдык көлөм бир калыпта болчу деген маалыматы менен макул эмес экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга келген мунайдын көлөмү жылына жок дегенде 5-7 пайызга жогорулайт.

"Кыска аралыкта көлөмдүн кескин түрдө жогорулашы мүмкүн эмес. Ал эми сапаты тууралуу айта турган болсок, сапатты жакшыртуу боюнча биринчи биз демилге көтөрүп чыкканбыз. Бизге таандык компаниялар сапаттуу күйүүчү жана майлоочу майларды ташып келет",- деди ал.

2024-жылдын башында Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бардык акциздик товарларды маркалоо керек деген эреже киргизилген.

Ошентип 2024-жылдын 4-июлунда Министрлер кабинети тарабынан күйүүчү жана майлоочу материалдарды милдеттүү түрдө маркалоо тууралуу токтом кабыл алынган.

Анын негизинде 1-октябрдан тартып Кыргызстанда өндүрүлгөн жана импорттолгон бензин менен дизель отуну милдеттүү түрдө маркалана баштаган.

2024-жылдын 30-сентябрында өкмөттүн буйругу менен маркалоону уюштуруу үчүн "Учкун" мамлекеттик ишканасы оператор катары дайындалган.

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу материалдардын көбү тыштан келет. Көпчүлүгү Орусия менен Казакстандан сатып алынат. Ошондой эле кыркка жакын мунай компаниясы иш алып барат.