Акыйкатчы институту №27 абагындагы Аскат Жетиген менен Алга Кылычевдин арызын Башкы прокуратурага жолдоду

    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Акыйкатчы институту №27 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан эки соттолуучунун арызын жана жүргүзүлгөн мониторингдин материалдарын Башкы прокуратурага жөнөттү.

14-июлда Акыйкатчы институтунун Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери аталган абакта текшерүү жүргүздү.

Анын алдында бул абакта жаза өтөп жаткан акын Аскат Жетиген адвокаты аркылуу кармоо шарттары тууралуу кат аркылуу даттанып чыккан эле. Ал кайрылуусунда саясатчы Алга Кылычевге карата ырайымсыз мамиле болуп жатканын да билдирген.

Омбудсмен институтунун маалыматына ылайык, текшерүү учурунда кызматкерлер соттолгондор жарандар Алга Кылычев жана Аскат Жетиген менен көзмө-көз сүйлөшүп чыкты.

Институттун билдиришинче, Алга Кылычев абак кызматкерлеринин бири аны кемсинтип, ар-намысына шек келтиргенин айткан. Анын сөзүнө караганда, мындай мамиле бир гана ага эмес, башка соттолгондорго да көрсөтүлүп келет. Ошондой эле ал кан басымы көтөрүлүп турганына карабай, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү айып изоляторундагы камераны көрүп чыгып, темир керебеттин бузуктугу жана камералардын абалы санитардык абалы талапка жооп бербей турганын аныкташкан. Мындай сындардан кийин, бул кемчиликтер жоюлганы маалымдалды.

Өз кезегинде абактын жетекчилиги Алга Кылычев ички тартипти бир нече жолу бузганы үчүн 9-июлда айып изоляторуна киргизилгенин жүйөө келтирген. 15-июлда ал кадимки камерага которулганы да айтылган.

Аскат Жетиген да абак кызматкерлери соттолгондорго адамдык кадыр-баркты кемсинткен мамиле жасап жатканын айтып даттанган.

Эки соттолуучу тең акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жазуу жүзүндө кайрылып, №27 мекеменин кызматкерлерине карата текшерүү жүргүзүп, мыйзам чегинде чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранышкан.

Текшерүү учурунда абактын ашканасы менен медициналык бөлүмү да кароодон өттү. Медицина кызматкерлери соттолгондорго керектүү жардам өз убагында көрсөтүлүп жатканын билдиришкен.

Ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери мекеменин жетекчилигине соттолгондордун укуктарын сактоо, мазактоого, ырайымсыз мамилеге жана кыйноого жол бербөө керектигин эскертишти.

№27 абактагы башка соттолгондордон кармоо шарттарына же кызматкерлердин аракетине байланыштуу арыз түшкөн эмес.

Аскат Жетигендин каты

Аскат Жетиген №27 түзөтүү мекемесиндеги катаал шарттар, мыйзамсыз иштер жана адам укуктарынын бузулушу тууралуу адвокаты Нурбек Токтакунов аркылуу 15-июлда билдирүү таратты. Акындын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

"Ар-намыска, абройго шек келтирүү кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аесуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келе жатышат" , - дейт Аскат Жетиген катында.

Катта 1-июлда абактагы тикмечилер жети айдан бери айлык албай жатканына байланыштуу акча талап кылганы үчүн мекеме башчысы тарабынан сабалганы да айтылат. Саясатчы Алга Кылычев аброюна шек келтирген кызматкерге каршы чыкканы үчүн беш суткага айып камерасына камалганы белгиленет.

Катта мекеменин ички күн тартиби ал жакта иштеген адамдардын тарабынан бурмаланып жатканы да айтылган.

"Мисалы, ички күн тартипте эртең менен кечинде чуркоо эрежеси бар. Негизинен платцты узунуна бир чуркоо каралган. Бирок бир нече айдан бери үч жолудан, беш жолудан айландырып чуркоого мажбурлашат, - дейт Аскат Жетиген.

Бут сөөгү ооруган акын бул үчүн мурдарак тактама (ред.справка) алган. Бирок анын мөөнөтү 10-июлда бүтүп, жаңысын ала албай жатканын билдирген.

Катта маал-маалы менен чай ичүүгө, дары-дармек колдонууга чектөөлөр болуп жатканы да айтылат.

ЖАМКтын жообу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ошол эле күнү Аскат Жетигендин айткандары боюнча билдирүү таратты.

"ЖАМКнын №27 түзөтүү мекемесинде тигүү өндүрүшүндө иштеген соттолгондор жети айдан бери эмгек акы албай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекеменин тигүү цехинде соттолгондор өз каалоолору менен, жеке арыздарынын негизинде эмгектенишет жана эмгек акысы өз убагында төлөнүп келет. 2026-жылдын апрель айынын башында аталган цехте иштеген соттолгондорго банктык төлөм карталары берилген. Учурда алардын эмгек акысы белгиленген тартипте жеке банктык эсептерине которулууда" , -делет бул тууралуу билдирүүдө.

ЖАМК мекеме башчысы тарабынан соттолгондорго күч колдонулуп, сабалды деген маалыматтарды да четке кагат. Мажбурлап жүгүртүү боюнча мекеме буларды билдирет:

"Күн тартибине ылайык, соттолгондор үчүн күнүнө эки жолудан ашпаган сейилдөө жана саптык басуу уюштурулат. Ошондуктан айрым маалымат айтылып жаткан соттолгондорду күнүнө үч же беш жолу чуркоого мажбурлашат деген маалымат чындыкка дал келбейт".

Маалыматта Аскат Жетиген 2026-жылдын 29-июнунда эки буту ооруп жатканын айтып мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган. Медициналык кызматкерлер тарабынан өз убагында кароо жүргүзүлүп, тиешелүү дарылоо дайындалып, белгиленген дары-дармектер толук көлөмдө берилгени баса белгиленет.

"Ошондой эле 2026-жылдын 13-июлунда Аскат Жетиген медицина кызматкерлеринен кечки сейилдөөгө чыкпоого уруксат берүүчү маалымкат талап кылган. Медициналык кызматкерлер ага алгач медициналык кароодон өтүү зарылдыгын түшүндүрүшкөн. Бирок ал текшерүүдөн өз ыктыяры менен баш тартып, медицина бөлүмүнөн терс мүнөзүн көрсөтүп, чыгып кеткен", - делет бул тууралуу билдирүүдө.

ЖАМК Аскат Жетиген башка соттолгондорду мекеме кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана белгиленген ички тартипти бузууга үндөгөн учурлар аныкталганын айтып жатат:

"Бул фактылар боюнча мекеменин администрациясы тарабынан бир нече жолу маектешүүлөр жүргүзүлүп, оозеки түрүндө эскертүүлөр берилип келген. Ага карабастан ал атайын контингенттин арасында аталган терс иш-аракеттерин улантууда".

"Түрмөдөн чыгышына таасир этпесе экен"

Кыргызстанда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлгандан кийин, абактагы шарттар боюнча маалыматтар негизинен соттолгондордун адвокаттары аркылуу коомчулукка чыгып жатат.

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган акын Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жатат жана анын жаза мөөнөтү август айында аяктай турганы айтылган.

"Буту ооруп атыптыр, жардам бербейт экен врачтар. Түрмөдөн чыгышына таасир этсе айтканы жаман эле болот, бирок ага жетпейт деп үмүттөнөм.Ал абактагы шарттар жана мыйзамсыз аракеттер тууралуу буга чейин да айтып келген", - деди Аскат Жетигендин адвокаты Нурбек Токтакунов Би-Би-Сиге.

Өткөн айда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бийликти Аскат Жетигенди бошотууга үндөгөн.

Акындын жактоочусу анын ишин кайра кароо зарылдыгын айтып келет. Жетиген өзү тергөө учурунда кыйноого кабылганын билдирген.

Ал коомчулукка ырчы, комузчу, обончу, композитор жана акын катары белгилүү. Аскат Жетиген "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, чыгармачыл жамаат менен бирге дүйнөнүн жыйырмадан ашык өлкөсүндө өнөр көрсөткөн маданият ишмери.