You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовду 8 жылга соттоду
Бишкек шаардык соту "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сот аны "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча актап, "бийликти басып алуу" жана "бийликти басып алууга чакырык жасоо" боюнча күнөөлүү деп тапты. Адвокаттар сот чечимине макул эместигин, кассациялык тартипте кийинки инстанцияга кайрылыша турганын билдиришти. Былтыр Биринчи май райондук соту ишкерди 9 жылга кескен болчу.
Соттук коллегияга Кымбат Архарова төрагалык кылды. Ал ишкердин мүлкүн конфискациялап, жалпы режимдеги колонияга кесилерин белгиледи.
Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун төрайымы Гүлшайыр Абдирасулова сот чечимин кош стандарт деп баалады:
"Кандай гана коркунучтуу... Бишкек шаардык соту Ташовго 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Мына ушундай, Кылмыш-жаза кодексинин бир эле беренеси ар башка адамдарга карата ар башкача колдонулат. Мисалы, "75тин тизмеси" боюнча иште, сот бийлиги бар адамдар тобуна карата пробациялык көзөмөл колдонуп, өз чечимин алардын кылмышы аягына чыкпагандыгы менен түшүндүргөн. Анда менде суроо жаралат, катардагы жаран Ташов бийликти күч менен басып алууну ишке ашырды беле?", - деди Гүлшайыр Абдирасулова.
Ал "75тин тизмеси" дегенде Биринчи май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга" беренеси боюнча төрт жылдан соттоп, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндикте калтырган Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишиге чыккан өкүмдү эске алууда.
16-июлда өткөн отурумда прокурорлор Ташовдун күнөөсү толук далилденгенин айтып, райондук соттун мурдагы өкүмүн күчүндө калтырууну судьялардан суранган.
Өз кезегинде Ташов жана анын жактоочулары коюлган айыптар негизсиз экенин билдирген. Сот залында сөз сүйлөгөн ишкер өзүнүн күнөөсүз экенин баса белгилеген.
"Акыйкат толугу менен биз тарапта. Менин оюмча, акыркы убактагы окуялардан кийин акыйкат орнойт деген үмүттөмүн. Биздин ар бир сөзүбүзгө далилдер бар", - деген Ташов УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамга чыккан сот чечимин да белгилеп өткөн.
Ошондой эле ал камакта жатып бир канча ирет кыйноого кабылганын билдирип келе жатат. Бул тууралуу ал 17-июлдагы акыркы сөзүндө да айткан.
"Мен кыйноолор жөнүндө сиздердин боорунуздарды оорутуш үчүн айтып жаткан жокмун. Мен бул жөнүндө айтып жатканымдын себеби - дал ушул жагдай бул кылмыш ишинин маңызын түшүнүүнүн ачкычы болуп саналат. Дал ушул жагдай эмне үчүн тергөөчү кылмыш ишин жасалма жол менен түзгөнүн түшүндүрөт. Ал өзүнүн кылган мыйзамсыз аракеттерин жашырууга аракет кылды. Мен жалгыз эмесмин. Ушундай мыйзамсыздыкка жана зомбулукка кабылган адамдар көп. Бүгүн алардын үнү угулат деп үмүттөнөм. Түрмөдөн жазган кайрылууларымдын биринде мындай деп жазгам: "Убакыт — баардык нерсенин даарысы, ар бир иштин таразасы экен". Убакыт өтөт, чындык сөзсүз ачыкка чыгат деп ишенем. Болгон окуялардын баарына эл өзү баа берет. Бирок менин тагдырым бүгүн чечилип жатат. Мен соттон ырайым сурабайм. Ырайымды күнөөлүү адамдар сурашат. Мен бир гана нерсени — адилеттүүлүктү сурайм. Бул сот жараянынын жүрүшүндө мен көп нерсени жоготтум. Бирок эч ким адамдан тартып ала албаган нерселер бар. Алар — ар-намыс, кадыр-барк, абийир жана адилеттүүлүккө болгон ишеним. Мен аларды сактап калдым жана сот кандай чечим чыгарбасын, мындан ары да сактап калам", - деди Ташов.
Сотто жактоочулар тергөө учурунда "бийликти басып алуу" боюнча эч кандай реалдуу далилдер табылбаганын айтышкан.
""Мамлекеттик төңкөрүш - бул өтө татаал, көп объекттүү кылмыш. Аны ишке ашыруу үчүн армия, курал-жарак, каржылоо, стратегиялык объектилерди басып алуу, агрессивдүү аракеттердин так планы жана ролдордун бөлүштүрүлүшү керек. Бирок кылмыш ишинин материалдарынан эмнени көрүп жатабыз? Тартып алынган курал-жарак сакталган кампалар кайда? Алар жок. Административдик имараттарды басып алуу пландары кайда? Алар жок. Согушкерлердин топтору окутулуп, алардын ортосунда ролдор бөлүштүрүлгөн жерлер кайда? Мунун бири да сот тарабынан аныкталган эмес", - деди адвокат Асел Аргымбаева.
Жактоочу Нурлан Садыков дагы бул айыптоо "абстракттуу мүнөздө" экенин белгилеп, тергөө кайсы объектти басып алуу пландалганын да тактай албаганын кошумчалады.
Райондук сот ишкерди тогуз жылга соттогон эле
Ишкер Имамидин Ташов 2025-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ишкердин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, шаардык сотко арызданган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылдын апрель айында кармаган. Атайын кызмат ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.
Ташов буга чейин абакта кыйноого кабылганын, шарттардын начардыгына нааразы болуп, бир нече жолу өзүнө кол салып, ачкачылык жарыялаган.
"KG Group" курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов 2024-жылы 9-январда социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, белгисиз жерде сегиз күн кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан.
Эртеси эле ага "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Парламент жыйынында УКМКнын ал кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлери андан пара талап кылганын четке каккан.
"Бизге төгүп жаткан же УКМКга төгүп жаткан акчалардын баары атайын эсепке түшөт. Мамлекеттин бюджетине кетет. Аны бир дагы кызматкер, мен же башкабыз көрбөйбүз. Имамидин Ташов калп сүйлөп, видеокайрылуу жасаганга өтүп алды. Ойноп жүрүп бир күнү бели сынат", - деген Ташиев.
УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын кабарлаган. Аткаминер Бишкекте KG Group компаниясы курган тогуз объект бар экенин, үч үй пайдаланууга берилгенин, калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына электигин айткан.
Курулуш тармагында ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого ат салышкан болчу.